Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Кыргыз балдары тогуз айлап казактардын тамеки талаасында иштешет


Казакстандын тамеки талаасында мигранттардын балдары да иштешет
Казакстандын тамеки талаасында мигранттардын балдары да иштешет

Хюман Райтс Уотч уюму азыркы жайдын аптабында Казакстандын тамеки талааларында кыргыз мигранттарынын жаш балдары иштеп жүргөнүн тынчсыздануу менен билдирди.

12 жаштагы атын айткысы келбеген секелек кыз мектепке барбай калганына далай убакыт болгонун айтат. Окугандын ордуна ал ата-энеси менен керээлден кечке Казакстандагы тамеки талаасында эмгектенет.

- Таңкы саат төрттө талаага чыгабыз. Онго чейин тамекинин жалбырактарын кесип, 11ден түшкү бирге дейре уктап, анан кесилген тамекини тизебиз. Түштөн кийин саат төрттө кайра талаага чыгып, түнкү 10го чейин иштейбиз. Түн ортосуна чейин кайра тизмей. Таңкы төрттө туруп кетебиз. Ушинтип иштегенибизге далай болду.

Бул кыз – былтыр Хюман Райтс Уотчтун эксперттери маектешкен ондогон кыргызстандык өспүрүм мигранттардын бири. Ал чет элдик эксперттер менен Казакстандын Энбекшиказак районундагы талаада аңгемелешкен. Алматыдан 120 чакырымдай чыгыш тараптагы райондо ошол маалда тамеки талааларында көпчүлүгү кыргызстандык мигранттар бала-чакасы менен иштеп жүргөн экен.

Хюман Райтс Уотчтун иликтөөсүндө эмгек акысы боюнча келишим сакталбаганы, эч кандай келишимсиз эле оозеки убадага ишенип эмгектенгендер, адамдын күчүн ашыкча, эмгек кодексинин эрежелерин бузуп пайдалануу, иче турган таза суунун жетишсиздиги, 10 жаштан өйдө секелек балдар-кыздарды иштетүү өңдүү далай мыйзам бузуулар катталган. Эл аралык укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рэйчел Денбер мыйзам бузуулар ушунчалык көп болгондуктан, алардын баарын каттоо кыйынга турганын белгилейт.

- Ал жакта маңдай терин төгүп иштегендер акчасын сезон аяктаганда гана жыйнаган тамекинин көлөмүнө жараша алышат экен. Анан көбүрөөк түшүм жыйнасак экен деп жанталашкан үй бүлөлөр жаш балдарын да талаага чыгарышат.

Хюман Райтс Уотч кыргыз өспүрүмдөрүн мыйзамсыз иштетүү, алардын ата-энелеринин укуктары кадам сайын бузулганы тууралуу атайын доклад даярдап, аны 14-июлда Алматыда жарыялады. Ушул эле күнү уюмдун өкүлдөрү Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри жана адам укуктары боюнча комиссары менен жолугуп, маселени талкуулашты.

Ошентсе да, Хюман Райтс Уотч уюмунун өкүлү Казакстандагы жүз миңдеген эмгек мигранттарынын абалы көптөн бери сөз болуп келатканы менен, жагдайда жылыш дээрлик байкалган жок деп нааразы. Уюм жыл сайын басымдуу бөлүгү Оштун Ноокат районунан миңден ашуун адам Казакстанга барып, тогуз ай бою үй-жайын таштап тамеки фермаларында иштээрин, алардын бир да укугу сакталбай келатканын белгилейт.

Айласы кеткенде, укук коргоочу уюм казак тамекисин сатып алган эл аралык Филипп Морис Интернешнл компаниясына кайрылып, бели ката элек жаш балдардын эмгегин пайдаланууну токтотууга үндөдү. Компания Хюман Райтс Уотчтун доклады жарыяланган күнү өзүнүн билдирүүсүн таратып, Филипп Морис балдардын эмгегин колдонууга каршы турат деп билдирди.

Ошондой эле компания тамеки талааларында иштегендердин документин тартып алуу, аларга өлкөдөгү эң төмөнкү эмгек акыдан аз маяна төлөө фактыларын айыптай турганын маалымдады. Ошентсе да, азыркы тапта да жүздөгөн кыргызстандык мигранттар Казакстанда абдан катаал шарттарда иштеп жатышканын айтышат. Алардын бири казак фермери паспортторду алгачкы күнү чогултуп алып, милицияда каттоого тургузам деп шылтоологону менен, сезон бүтүп эртең Кыргызстанга кетебиз дегенде кайра бергенин, алигиче паспортторунда эч кандай каттоонун белгиси жок экенин “Азаттыкка” айтып берди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG