Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Маданиятты байыткан алатоолук татарлар


Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 30 миңге жакын татар калкы жашайт. Тарыхка баш баксак, алар Ала-Тоого ооп келген башка элдерге окшоп күч менен көчүрүлгөн эмес. Анда татарлар бул жерди кантип байырдап калды? Маданияты кандай жана кайсы тармактарда өз изин калтырышты?

Кыргызстандык татарлардын жашоо-турмушу менен таанышуу алгач тамак-ашынан башталды.

Мээрман татар апа Сагыда Нагманова үйүнө киргизип, татар даамдарынын сыры менен бөлүшүп, улуттук тамактарын кандай даярдаш керектигин көрсөтүп жатты.

Адегенде эле Сагыда апа тукмач деген бешбармакка окшогон тамакты жасоого киришти. Андан кийин журт ичинде хворост катары белгилүү кош телеге өттү.

Сагыда апанын шайдоот кыймылынан аны 80 жашка баш койду деп айта албайсың. Ал экинчи тамагына киришкенде Зүлфия Шайдуллина жардамга келип калды.

Зүлфия апа кыстыбый деп аталган каламаны экиге бүктөп, ортосуна картошка шыкады. Тамак жасап жатып эки апа татарлардын жана башка улуттардын ашканаларын салыштырып, Кыргызстандагы жашоосу жана каада-салттары жөнүндө айтып жатышты.


Репортажды бул жерден угуңуз:



Исламды тутунган татарлар мусулман майрамдарынан сырткары ата-бабасынан келаткан Сабан тойду жазгы талаа иштери соңуна чыкканда, июнь айынын башында белгилешет.

Кыргызстанда Сабан той кандай майрамдалары тууралуу Зүлфия Шайдуллина буларды айтып берди:

- Ат чабыш, күрөш, түрдүү оюндар болот. Канча жылдардан бери бизге кыргыз жигиттери келип, күрөштө жеңип, кой алып кетип атышат. Сабан той жакшы өтөт: ырдагандарга, бийлегендерге белек беришет. Анан бийлеп, ырдап бүткөндөн кийин ар бири үйүндө даярдалган тамак-аштарын чыгарып, ичип-жеп, төрт-бештерде тарайбыз.

Анан дагы салттардан: бизде кызды никесиз күйөөгө бербейт, сөзсүз түрдө никени кыздын ата-энесинин үйүндө кыят. Биринчи түндү жаш жубайлар кыздын үйүндө өткөрөт. Анан эртеси кудалар туугандары менен алып кетишет.

Ашканабызда маанилүү тамактардын бири – чак-чак. Чак-чакты тоодой кылып бал менен катырасың. Катыргандан кийин анан тойго, кудаларга алып барасың. Анан коноктордун алдында коюп, бычакты алып: "Ой, өтпөй жатат, чак-чак кесилбей жатат" деп айтканда биздин салтты билген кишилер, "азыр өтөт" деп, 200 сом болобу, 500 же миң болобу, айтор акчаны бычакка оройт. Андан кийин: "Бычак өттү, кесилип атат" деп айтат. Анан коноктор кесилген чак-чактын үстүнө акча ташташат.


Бир нанды тең бөлүшүп...

Зүлфия Шайдуллина кыргызчаны мыкты билет. Ал Кантка ирегелеш Кеңеш аттуу колхоздо төрөлүп, кыргыздардын арасында жашайт, курбулары кээде "эне тилинен да кыргызчаны мыкты билет" деп күлүп калышат. Ак көңүл, шаңдуу келген Зүлфия апа колхоздо өткөн замандарды да эскерди:

- Биздин колхоз абдан бай, жакшы колхоз болчу. Кыргыздар жакшы жардам берчү. Апамды жакшы көрүшчү. Мурун мындай дарбазалар, тосмолор жок болчу, ачык болчу. Апам экөөбүз дүкөнгө же мектепке баратсак, эшиктин алдында кыргыздар нан бышырып отурса: «ай, Азиза, Азиза! Кайда баратасың? Келгиле, мына ысык нан менен чай ичип кеткиле. Келгиле!" деп бизди чакырып, биз ысык нан менен чай ичип кетчүбүз. Кыргыздар абдан жакшы болчу, бизге жакшы жардам беришти, кыргыздардын арасында чоңойдук.

Мурун кызылчаны кол менен чогултуп, жыйнап алышчу экен. Анан апам биринчи жолу жардамга барып, түшкү тамагын алпарбай, уялыптыр. Ошондо "ай, Азиза, кел, айран ичебиз" деп чакырып, айран, сүт, нанды талаада дасторконго коюп сыйлашкан экен. "Сен татарсың, сен кыргызсың" деп бөлчү эмес.


Зүлфия Шайдуллинанын апасы 40-жылдары Кыргызстанга ооп келген. Алгач бул жерге туугандарына конокко келип, согуш башталгандан кийин Ташкенден поездде кете албай, кайра Кыргызстанга кайтууга мажбур болгон. Ошентип күйөөгө чыгып, үйлүү-жайлуу болуп, бүт өмүрүн Кыргызстанда сүрүп келатат.

Ал эми Сагыда Нагманова болсо өткөн кылымдын 70-жылдары Ала-Тоо жергесине Сибирден жумушка жиберилген экен.

Колунан көөр төгүлгөн усталар

Кыргызстанга келген татарлардын тагдыры ар кандай дейт татар диаспорасынын башчысы, "Туган тел" татар-башкыр маданият борборунун жетекчиси Гүлсина Үлмаскулова.

- Татарлар алгач Кыргызстанга XIX кылымдын экинчи бөлүгүндө келе баштаган. Кыргызстан анда Орусия империясына кирген, анан бул жерге мугалимдер, дарыгерлер, жөнөкөй дыйкандар жана башка устаттар келе баштаган. Андан кийин Совет доорунда, XX кылымдын 30-жылдары татарлар келе баштаган, акырындан Кыргызстандын бурч-бурчунда да отурукташкан. Татарлардын тили менен маданияты кыргыздардыкына окшош болгондуктан татарларга жыш отурукташуунун кажети жок. Өлкө боюнча бүт облустарда татарлар жашайт.

Татарлар Кыргызстанда көп тармактарда өз изин калтырып жана салымын кошуп келишет. Өзгөчө агартуу жана медицина тармагында алардан атактуу кишилер чыккан. Чоң атасы мугалим же дарыгер болуп, анан ал кесипти кийинки урпактары улап, династиялуу бүлөлөр аз эмес.

Сүрөт баянды толугу менен бул жерден көрүңүз.

Агартуу менен медицинадан тышкары өз убагында бул жерге булгаары жана жыгач өнөрүн аркалаган, зергер буюмдарды жасаган татарлар көчүп келген. Алардын бири - мурда эмеректерди жасаган Анвар Нуруллин:

- Мен мурун эмеректерди жасагам. Өткөн кылымдын 50-60-70-жылдары Фрунзеде эмеректер тартыш болчу, анан эжемдин күйөөсү үйүндө ошондой менен шугулданчу, мен жардам берчүмүн. Бир жуманын ичинде биз эки шифоньерди даярдоого жетишчүбүз, эжем болсо күзгү куюп, даярдачу. Анда Фрунзеде көп татарлар ушундай нерсе менен алектенчү, заказдар келчү, жакшы сатылчу. Атүгүл Казакстанга алып барганбыз.

Совет доорунда жеке ишкерликке тыюу салынчу, бирок жашыруун кылчубуз, анан катуу деле көзөмөлдөчү эмес. Ошол үстөл, шкафтарды, комоддорду, сандыктарды, шифоньерлерди жасачубуз. 60-жылдары жасаган шкафымды жакында эле ыргыттым, ал эми үстөлдөрдүм дагы деле турат. Андан кийин мамлекет атайын дүкөндөрдү ачып, мамлекеттик цехтерде даярдалган эмеректер сатыла баштаганда, 75-жылдары татарларда бул өнөр басаңдады.


Татар зергерлер жөнүндө көп угуп, алар менен маектешейин десем, устаттар Совет доору урагандан кийин кетип калганын айтышты. Диаспоранын маалыматы боюнча, 90-жылдар башында көп эле татарлар кетти. Статистикага ылайык, 1989-жылы 100 миңге жакын татар болсо, 1999-жылы ал сан кескин азайып, азыр 30 миңдин тегерегинде калганын белгилешти.

Ыр да, жыпар жыттуу чай да болду

Аркы-теркини кобурашып отурганча тамак да даяр болуп, Сагыда апа менен анын жардамчылары – Зүлфия жана Рашида апалар – дасторкон үстүн дүйүм тамакка толтуруп салышыптыр. Салтка ылайык мындай жерлерде ырсыз болбойт эмеспи, татар апалар татарча да, кыргызча да бир-эки саптан төгүп жиберди. Зүлфия апа ырдаганда кыргыздардын тоюнда отурамбы деп калдым.

- Мен жакында бир үлпөттө кыргызча ырдадым. 300-400 киши отурду, ресторан чоң да. Ой, үндүн чыкканы! Мен кандай эркин ырдадым! Үнүмдүн чыкканы тим эле: "айылды-ы-н ары жагына-а-н; алмалу-у-у колхоз багынан" деп туруп ырдаганда баарынын оозу ачылып, узун сакалы бар бир чал айтат: «Ай, бул жерди тыңшагыла. Орус катын кыргызча ырдап атат» деп. Баары эле ыстаканды кашык менен каккылап тамак ичип жатышкан, мен ырдаганда тыптынч, кашыктардын баары токтоп калган, баары эле тынч отуруп калышты. Анан бир кемпир келип, жолугума эки жүз сом салып коюптур, анан ырдап атсам бир эркек киши миң сом салды, дагы бирөө миң сом салды, үчүнчүсү да миң сом салды. 6700 сом чогултуптурмун. Алып барганым 500 сом. Азыр картайып калбадымбы. Мурун Панфилов багында ырдаганда үнүм Кантка угулчу. Менден экзаменди Сайра Кийизбаева алганда "үнүң кандай жакшы, сакта" деген. Музыкалык училищеде окугам, анан турмушка чыгып, таштап салгам. Күйөөм тыюу салган.

Жүрөктү козгогон татар үнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Даамдуу тамактан кийин чайга өттүк. Сагыда апа Сибирден туугандары жиберген кымбат баалуу, жыпар жыттуу чайын чыгарды. Капкагы да сонун экен: темирден жасалган, кооз сүрөт түшүрүлгөн, ачсаң – классикалык музыка ойнойт. Бул чайды үйдүн кожойкеси ардактуу конокторуна берет экен. Чай ичип отуруп, баарлашуу татарлардын улуттук кийимдерине өтүп кетти.

Татар айымдар жана эркектердин кооз кийимдери көп түрлүү болуп, эң башкы айырмасы – шаардык татарлардын жана айылдык татарлардын кийимдери деп бөлүнөт экен. Булар тууралуу үйүндө улуттук кийимдерди тиккен Рашида Измайлова кененирээк айтып берди. Ал кийимдердин түрлөрүн көрсөттү.

- Татарлардын бай маданиятын бир жагынан алардын кийимдеринде көрсө болот. Аял кишилердин кийимдери айрыкча кооз болчу. Чоң-чоң шаарларда жашаган бай татарлардын көйнөктөрү Кытай, Индия, Араб өлкөлөрүнөн келген жибек, макмалдан тигилип, алтын, бермет жана башка кымбат баалуу жасалгалар менен кооздолчу. Ал эми айылдарда орточо жана колунда жок татарлар кийимдерин сайма сайып кооздошчу. Маселен, бул көйнөк айылдык татарларга таандык, анткени айылда жумуш көп, анан албетте көйнөктүн үстүндө же алжапкыч, же белдемчи болчу. Анан алар кооз оймолор менен кооздолчу. Маселен, бул жерде жоогазын оюлган. Жоогазын татарлардын символу болгондуктан, аны көп жерден кезиктирсе болот. Бул болсо аялдардын баш кийими – калфак. Кыштын күнүндө суук болгондуктан, анын үстүнө жоолукту салынып алышчу. Ошодо калфактын үстүнө жоолукту салынуу салты калып калса керек.

"Келечегибиз Кыргызстанда!"

Татарлар бай маданияты тууралуу айтып бергенге бардык жерде аракет кылышат. Кыргызстан эл ассамблеясында татар диаспорасы эң активдүү жамааттардан, иш-чаралардын баарынан калбай катышат.

Бир айда бир жолу диаспоранын гезити чыгып, өлкөдөгү татарлар арасында бат эле тарап кетет экен. Андан тышкары мамлекеттик радиодо бир жумада бир жолу 15 мүнөттүк татар тилинде берүү чыгып турат.

2007-жылга чейин мамлекеттик ТВда радиодон тышкары, телеберүү да чыгып турчу экен, бирок каржы маселесинен улам ал программа жабылган.

2000-жылдары алгач татар тилиндеги радиоберүү ачылгандан бери анын алып баруучусу, диаспоранын активдүү мүчөсү Гүлгина Шонкорова.

Бийлегиле, жаштар!
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Татарлардын кээ бири орустарга, башкасы өзбек же Кавказда турган элдерге окшошуп кетээрин байкадым. Эмне үчүн деген суроого Гүлгина Шонкорова мындайча жооп берди:

- Бул жашаган жерине байланыштуу. Маселен, тарыхта Булгар падышачылыгында татарлар узун бойлуу, кара тору келген; ал эми Казан падышачылыгындагы татарлар бою кичирээк, чачтары сары келген деп айтылат. Татарлар көп жерлерде жашайт: мекени Татарстандан тышкары Орусиянын түндүк тарабы Архангелскте, Украинанын Крым жарым аралында, башка жерлерде жашагандар бар. Анан аз же көп болобу, кандайдыр бир айырмачылыктары албетте бар. Мен эшикте кетип баратып кимге окшошпосун татарды дароо бетинен аныктап, келип, учурашам.

Татарлардын басымдуу бөлүгү өзүн мусулман деп эсептейт. Андан тышкары XVI кылымда орус падышасы Иван Грозный татарларды басып алганда, бир бөлүгү күч менен православга өткөн, алардын тукумдары азыр да бар дешти.

Гүлгина Шонкорованын сөзүнө караганда, татарларда айылдык жана шаардык деген бөлүнүү жок, анткени айылда жашаган татарлар да шаардыктардан кем калбай, үйүндө бардык шарттарды түзүп, таза кармап, балдарына билим беришет.

- Татарлар интеллигент адамдар. Кайсы татардын үй-бүлөсүнө барба, жок дегенде бирөө же агартуу, же медицина, же искусство тармагында эмгектенет.

Гулгина Шинкорова
Гулгина Шинкорова
Шонкорованын айтымында, бул өзгөчөлүк татар дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабасын сиңип калган. Жер шарында татарлардын саны жети миллиондун тегерегинде деп айтылууда. Алар Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиядан тышкары, Кытайда, АКШда, Израилде, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жашайт.

- Кыргызстандык татарлар Татарстанга туугандарына каттап, балдарын окутууга жиберип турушат. Ал тарых мекени болсо да, биз өзүбүздүн мекенибизди Кыргызстан деп эсептейбиз. Анткени биз бул жерде төрөлдүк, өстүк, жакындарбыз бул жерде. Кетчүлөрү Совет доору урагандан кийин эле кетти, калгандары өз келечегин ушул жерден эле көрөт. Биздин өлкөбүздө баары жакшы болот. Кудай буйруса, экинчи Швейцария да болот.

Татар үй-бүлөдө бир күн болуп, мен өзүм үчүн чоң ачылышты жасадым. Кыргызстанды байырдаган жайдары мүнөз татар калкы өлкөбүздүн маданиятын жана жашоосун байытып жатканына ынанып, өркүнү өсө берсин деген тилек менен репортажымды соңуна чыгарайын.

Татар даамы: чак-чак
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00
XS
SM
MD
LG