Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

"Азаттык+": чырак өмүр жалп өчтү...


Кыргызстанда ажалга азгырылып, өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, 2017-жылдын тогуз айында өлкөдө балдар арасында 96 суицид катталган. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында чырак өмүрлөрү жалп өчүп, жашоону таштап кеткен балдардын тагдырына кайрылды.

9-класстын окуучусу Аяна Огунова Талас шаарындагы Шабданбек Жумагулов атындагы лицей-интернатта билим алчу. Ушул жылдын 11-декабрында анын жакындары жансыз денесин өз үйүнөн табышкан.

Чоң энеси Сыйнат Кубанованын айтымында, Аяна жаңы мектепке көнө албай, ал жерде мурда окуган балдар жана мугалимдер менен жакшы мамиле түзө албай жатканын айтып жүрчү. Аяна катуу сүйлөп, каяша айтпаган деп безилдеген чоң энеси небересинин өлүмүнө англис тил сабагынан берген мугалимдин мамилеси ызаланткан болушу керек деп шек санаарын жашырган жок.

- “Англис тилден берген мугалим мага өч болуп жатат, бассам-турсам деле какшыктай берет, сен окууга тааныш салып киргенсиң дей берет” деп айтчу.

Ал эми мектеп жетекчилиги мындай дооматтарды четке кагып, атүгүл жаңы келген окуучуга аяр мамиле кыларын баса белгилешүүдө.

Таластагы мектеп-интернатта Аяна сиңдиси Даяна менен чогуу окучу. Эжеси мурда окуган Козу-Чак айылындагы мектепте ачык-айрым жүргөн окуучулардан болсо, жаңы мектепке которулгандан баштап ачуусу бат келип, мүнөзү өтө катаал болуп кеткенин алгачкылардан болуп сиңдиси байкаган. Аянанын жаңы мектепке көнө албай жүргөнүн көргөн чоң энеси мурда окуган мектебине кайра бар деп сунуштаган. Бирок Аяна жакшы мектеп-интернатта окусун деген атасын уялткысы келген эмес экен.

Чүйдүн Токмок шаарында бүтө элек бийик имараттан боюн таштап каза болгон 8-класстын окуучусунун өз жанын кыйышына эмне себеп болгону табышмак бойдон калууда.

Окуя 28-ноябрда болуп, маркум Элвира Азамат кызы ооруканада өлүм менен бир жарым күн күрөшүп, толук эсине келалбай көз жумган. Жакындарынын айтымында, экспертиза кыздын боору менен өпкөсү катуу жаракат алган деп чыгарган. Бирок колу-буту жана башка сөөктөрү сынган эмес.

Өз жанын кыйган Элвиранын ата-энеси Орусияда көп жылдардан бери мигрант болуп жүргөн. Бирок кызы менен тез корушүп турганын айтышат. "Жаңы жылда келип кызымды сүйүнтөм" деген тилегине жетпей калды. Окуядан бир күн мурун кызы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү акыркы болуп калаарын апасы Аида Бегимбаева эч ойлогон эмес.

Адистердин айтымында, өспүрүмдөр үчүн жаңы чөйрөгө аралашуу өзгөчө учур, ошондуктан алардын жүрүм-туруму өзгөрүлүп, өзгөлөрдөн бир нерселерди жашыра баштаса дароо чара көрүү керек.

Былтыр Кыргызстанда балдар арасында 96 суицид катталган. 2015-жылы 102, 2014-жылы 106 бала өз жанын кыйган.

"Азаттык+": ажалга азгырылган өспүрүмдөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:17 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG