Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

22:40 23.4.2019
Саясатчылардын соту, коюлган талап
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

19:23 23.4.2019

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина митингге чыккандардын «экс-президент Атамбаевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаевди жана мурдагы башкы прокурор Жолдубаеваны жоопко тартуу» талабын негизсиз деп эсептейт. Ал «Азаттыкка» комментарий берип, Атамбаев тескерисинче ишти мыйзам чегинде тергөөнү талап кылганын билдирди.

"Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин ишин прокуратура териштирген. Алар эмне үчүн саясий туткундар экен? Булардын иши тергелип, күбөлөр суралган да. Алмазбек Атамбаев тескерисинче убагында күч органдарына эч кимди мыйзамсыз отургузбоону, мыйзам чегинде иштөө керектигин айткан. Ошондуктан ал азыр да каршылаштарын камоо тууралуу көрсөтмө бербегенин айтып жатат. Тескерисинче, ал «эгер күнөөсү болсо, жазасын тартыш керек» деп келген".

19:22 23.4.2019

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев Текебаев менен Жапаровдун тарапташтарынын митингин бийликке сеc көрсөтүү аракети катары баалады.

"Бийлик дайыма митингдерден коркот. Анткени ар кандай митинг маселени андан ары ырбатып, бийликтин кетишине себеп болот. Өзүңөр билгендей 2005-жылы, 2010-жылы ушундай болду. Ошондуктан саясатчылар колдоочуларын митингге чыгарып, бийликке басым жасоого аракет кылат. Митингдердин сот чечимине да таасири тийиши мүмкүн. Эгер саясатчылардын колдоочулары көп болуп, эл көчөгө чыкса бийлик коркуп, артка чегинет. Бирок сот ишинде күч колдонуу туура эмес".

16:41 23.4.2019

Асия Сасыкбаева: Алты миңге жакын адам митингге келди. Талап коюшту. Бирок прокуратура дагы, сот дагы эски ыкма менен иштеп жатканын көрдүк. Бүгүнкү президент жакшы иштейм десе ушул маселеге көңүл бурушу керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG