Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Ноокаттагы окуяга эмне себеп болду?


Ноокатта 1-марттагы тополоңдо өрттөлгөн үй.
Ноокатта 1-марттагы тополоңдо өрттөлгөн үй.

"Ноокаттагы окуя элде толук маалыматтын жоктугунан чыккан",-деп билдирди "Азаттык" менен маегинде "Ар-намыс" фракциясынан депутат, генерал-лейтенант Токон Мамытов. Атайын кызматтын запастагы офицеринин айтымында, бирөөнүн менчигине кол салып, үйдү өрттөөгө тикелей катышы бар адамдар мыйзамдуу жазасын алууга тийиш.

“Азаттык”: Ноокаттагы окуяны сиз кандай баалайсыз? Бул окуя капыстан чыктыбы же атайын кызматтар муну алдын алган жокпу?

Токон Мамытов: Каза болгон салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевдин иши боюнча милиция тарабынан тергөө-иликтөө чаралары жүргүзүлүп, анын негизинде эки киши кармалган. Анда өлтүрүүгө буйрутма берилгендиги аныкталган.

Каза болгон салык инспекциясынын туугандары "аны өлтүрүүгө буйрутма берген киши эмне үчүн кармалбайт" деп чыр-чатак чыкты. Эми менин оюмча бул жерде бир түшүнбөстүктөр болуп жатат.

Экинчиден, ошол жердеги тергөөчүлөр, РИИБнин башчысы, прокурор элге “биз мына иликтөө жүргүзүп жатабыз. Мына момундай аныктап жатабыз. Орусияда болсо ал жакка кайрылабыз. Өзбекстанда болсо Өзбекстанга кайрылабыз. Кылмышка шектелген адамды кайрып берүү жоболору туурасында Минск конвенциясы бар эмеспи. Ошонун негизинде талкууланып, ой пикир алмашылып, анан талап кылабыз” деп элге түшүндүрүү керек эле.

“Азаттык”: Элге туура маалымат жетпегендиктен ушундай окуя чыгып кетти деп эсептейсизби?

Токон Мамытов
Мамытов: Ооба, элге туура маалымат жетпегендиктен болду. Ортодо түшүнбөстүк болду. Эми ошол тууганын жоготуп жаткандарды да туура түшүнсө болот. Кечээ эле жакшы, саламат жүргөн тууганынан ажырап жатса, албетте алар нааразычылык менен чыкты. Бирок ошол учурда жергиликтүү бийлик аксакалдарды чогултуп, “мындай болуп жатыптыр” деп тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болот эле. Дагы деле кеч эмес. Дагы деле эл менен жолугуп, элди токтотуп туруш керек. Тергөөнүн өтүп жатканын айтып, элге түшүндүрүү керек.

Бул окуя жөнөкөй күндө болсо бир жөн. Эми жакында эле Ош, Жалал-Абад коогалаңы болуп кетти. Ноокаттагы окуяда арасында кыргыздар да, өзбектер да, башка мамлекеттин өкүлдөрү бар экен. Ушул жерден дагы бир жаңжал чыгарып албаганга аракет кылыш керек.

“Азаттык”: Ошол күнү 20 бала кармалып, эртеси кайра койо берилди. Ушул фактынын өзүн кандай баалоого болот?

Мамытов: Аларды кармаганда колдоруна кишен салып, түрмөгө камаган жок. "Шектүү адамдардын чынжыры" деген түшүнүк бар да. Ошондо кимден шектенсе, ошолордун баарын чакырып, суракка алып, тактап, ошол күнү кайда болгонун, кылмышка тиешесин тактап, тиешелүү чараларды колдонгон. Мына ушуну да элге түшүндүрүү керек эле.

“Азаттык”: Бирок ошол эле учурда окуя болгон күнү үй өрттөлдү, дүкөндөр тонолду. Бул үчүн анда ким жоопкерчилик алыш керек?

1-марттагы тополоңдо талкаланган кафелердин бири
Мамытов:
Бул деле кылмыш. Ким ошону уюштурду, ким ошону жасады? Баягы бир мыйзамды оңдойбуз деп, мыйзамсыз жол менен барбаш керек да. Мыйзамдуулукту орнотобуз деп, анан ошону мыйзамсыз орнотууга болбойт да. Ошол жагын да караш керек.

“Азаттык”: Ошол кармалган 20 бала койо берилди. Эми жоопкерчиликти кимден издөө керек?

Мамытов: Ал жерде органдар бар. Тиешелүү чараларды колдонуп, бул факт боюнча тергөө жүргүзүшү керек. Ошондо эле чыгат.

“Азаттык”: Ошентип кармалгандарды кайрадан койо берип жиберүү эмнеге алып келиши мүмкүн? “Кылмыш, ээнбаштык кылсам да жазаланбай калат экем” деген көз караш орун алып калбайбы?

Мамытов: Жок, андай болбош керек. Себеби тергөө жүрүп жатканда, мындай буйрутма өлтүрүү болуп жатканда, албетте айрым шектүү адамдарды сурап алып келиш керек. Эгер алардын күнөөсү жок болсо, алардын бул өлүмгө тиешеси жок болсо, алардын баарын камай бериш болбойт. Албетте койо бериш керек. Бирок тиешеси барларды мыйзам чегинде камаш үчүн прокурордон, соттон уруксат алыш керек. Кылмышка тиешеси барларды өзүнчө иликтеп, аларга өзүнчө чара колдонуш керек.

Ноокат, 1-март
“Азаттык”: Бирок азыр андай чаралар көрүлүп жатабы?

Мамытов: Бизге ИИМдин орун басары маалымат берди. Биз муну да комитетте талап кылдык. Ал киши ИИМ тарабынан тиешелүү тергөө, иликтөөлөр жүргүзүлүп жатканын айтты. Ушул кылмышка тиешелүүлөрдүн баары жазага тартыларын айтты.

“Азаттык”: Негизи эле бул Ноокаттагы окуянын өзү эмнеден кабар берет?

Мамытов: Ош, Жалал-Абад коогалаңынан кийин кырдаал аябай оор болуп турат. Жаңы эле оңолуп келе жатканда мындай резонанстуу кылмыштарды ИИМ, прокуратура, жергиликтүү бийлик катуу көзөмөлгө алуусу керек . Себеби ушундай бир болоор-болбос жерден түшүнүксүз шарттарга байланыштуу жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биргелешкен чараларды көрүү керек.

“Азаттык”: Азыр бийлик өкүлдөрү өлкөдөгү кырдаал көзөмөлдө деп жатышат. Сиз чекист катары ошол ойго кошуласызбы? Чын эле абал көзөмөлдөбү?

Мамытов: Тилекке каршы баарын эле 100 пайызга көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бирок ошого карабастан, абалды колдон чыгарбаш үчүн баарыбыз - өкмөт, тартип коргоо органдары, жергиликтүү бийлик тиешелүү чараларды колдонуш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG