Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Жуматаева: Сабырдын түбү сары алтын


“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаева.
“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаева.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаева коомдогу зордукчул маанай тууралуу ой бөлүштү.

- Коомдо зордукчул маанай күчөдү деп айтылууда. Сиз ушундай маанай арбып баратканын байкай алдыңызбы?

- Соңку убакта биздин коомдо жөнөкөй эле маселени күч колдонуу, митингдер, кыйкырып, басып алып, кууп чыгуу менен чечип калганы баарыбызга эле белгилүү. Бул бизге кадимки көрүнүш эле болуп калды жана өзгөчө жогорку бийликте отургандар, бийликке жеткиси келгендер, саясатчылар ушул ыкманы колдонуп жатканы өтө өкүнтөт.

Мунун негизинде бизде атайын институттар да пайда болду. Мисалы “ОБОН” деп коебуз. Ушундай аялдардын, жаштардын командалары пайда болду. Мурдагы шайлоолор көрсөткөндөй, саясатчылар 50-100дөн турган аял, жаштар жана спортчулар командасынын колдоосу, талабы, сүрү менен өзүнүн проблемаларын чечип, максаттарына жетип калган учурлар көп эле болуп жатат.

- Мунун кесепети кандай болушу мүмкүн? Октябрда президентик шайлоо өтөт. Анда жеңилип калган талапкерлер көчө-көчө эл жыйнап, чоң чыр-чатак чыгып кетпейби?

- Мындай коркунуч бар. Биз жамааттар, адамдар менен жолугуп, сүйлөшкөнүбүздө алар ушундай күч колдонуулар болуп кетпесе экен, шайлоону тынч, аман-эсен өткөрүп алсак экен деген сыяктуу кооптонууларын айтышат. Себеби кайсы бир талапкер өзүнүн максатына жетүү үчүн, же болбосо шайлоонун алдында, үгүт учурунда кайсы бир топтун, кайсы бир региондо жашаган адамдардын добушуна жана колдоосуна ээ болуу үчүн ар кандай сөздөрдү айтып коюушу мүмкүн, калпыстык кетириши мүмкүн. Ошондуктан талапкерлер жаңжалдарга болгон сезимтал мамилени сактаса жакшы болот эле.

Өзгөчө курч маселелер - этностук, түндүк-түштүк, регионализм, жердешчилик деген сыяктуу маселелерге өтө кылдаттык менен мамиле жасап, аны алып чыкпоого аракет кылышса жакшы болмок.

Талапкерлер Кыргызстандын келечегин ойлогон, саясий маданияттуу адамдар эле болсо керек деп ойлом. Бирок алар өздөрүнүн командасына үгүттөөчү адамдарды алып жатканда, ошол командасындагы адамдар кайсы бир жерлерде чыгып сүйлөөдө өтө кылдат, этият болушса. Мүмкүн ушул талапкерлер үгүт иштери башталаар алдында жолугуп, бир келишимге кол коюп, Кыргызстанда тополоңду жаратчу нерселерди колдонбойбуз, элди козгоп жиберчү точкаларга тийишпейбиз деген сыяктуу келишим болуш керек.

- Коомдогу зордукчул маанайды азайтуунун кандай жолдорун сунуштайсыз?

- Биздин уюм сабырдуулук, толеранттуулук маданияты сыяктуу окутууларды жөнөкөй адамдарга өткөрүп турат. Бирок ошол жөнөкөй адамдар мындай окууларды саясатчылардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын өзүнө, бийликте отурган, элибизди башкарып турган адамдарга жүргүзүү керек деп айтып жатышат.

Чындыгында эле Жогорку Кеңеште маселелерди муштум менен чечкен учурларын көрүп жатабыз. Сабырдуулук маданияты, жаңжалдарды күч колдонуусуз чечүү сыяктуу маданият болбосо ушундай көрүнүштөр улана берет.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG