Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Ош: айыл башчыны ачууланткан кызмат талаш


Алмаз Абдукаримов
Алмаз Абдукаримов

Айыл тургундарын тилдеп жатканда видеого түшүп калган Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов окуяга түшүндүрмө берди.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовдун өз айылдаштары менен жаңжалдашып аткан видеосу Интернетке тарады. Видеодо сөгүш уккандар мыйзамсыз жер саткан жер адисинин үстүнөн арызданып кирип, айыл өкмөттөн кагуу жегенин билдиришкен. Ал эми айыл өкмөт башчы болсо жаңжал айыл башчылык кызмат талашуудан улам чыкканын билдирди.

"Эй, сүйлөбө! Сүйлөбө деп жатам сага!"

Орой диалог камтылган кыска видео Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын Интернет каарманы кылды.

Тасманын баш каарманы - айылда “Бойко” деген каймана ат менен таанымал айыл өкмөт Алмаз Абдукаримов. Видео айыл өкмөттүн иш бөлмөсүндө Төлөйкөн айылынын аксакалдары менен сүйлөшүү учурунан тартылган.

Айыл тургундарын кекетип жатканда видеого түшүп калган Алмаз Абдукаримов окуяны мындайча түшүндүрдү:

- Видеодогу сөздөр ушул кабинетте болгону ырас. Бирок видеону Интернетке тараткан авторлор жазгандай ал кишилер жер боюнча арызданып келген эмес. Өз кишисин "Төлөйкөн айылынын башчылыгына дайындап бер" деген талап коюшкан. Төлөйкөн айыл башчылыгына бир гана штат ачылган. Бирок 6 миңге жакын эл жашаган Төлөйкөн айылы өз ичинен жогорку жана ылдыйкы болуп экиге бөлүнөт. Мындан улам эки айылдан эки киши айыл башчылыкка айылдаштары тарабынан көрсөтүлгөн. Бири Нурматов, экинчиси сөз болуп аткан Ташмат Айбашев. Айбашев айыл башчы болуп, Нурматов ага жардамчы катары иштемек. Бирок ошол арада Айбашевдин дарегине айылдаштарынан арыз түштү. Ушундан улам айыл башчылыкка Нурматовду дайындап койгом. Видеодогу кишилер "Айбашевди да дайындайсың" деген талап коюшту. "Мен штат ача албайм. Кошумча штат ачууга арыз жазганбыз. Анын жообу мартта келет. Мартка чейин күтө тургула. Айбашев ошондо ишке алынышы мүмкүн" дегенди түшүндүрө албай кыйкырыша кеткенбиз.

Айыл өкмөттө өткөн жыйын
Айыл өкмөттө өткөн жыйын

Айыл өкмөттүн жинине тийип, кыйкырууга аргасыз кылган талаш айылда али да токтой элек. 1-февралда Төлөйкөн айылынын тургундары айыл башчыны өкмөткө сунуш кылыш үчүн айыл мектебине чогулду.

Жыйын учурунда айыл башчылыкка Камчы Мазаев аттуу дагы бир талапкер пайда болду. Ачык добуш берүүнүн соңунда мектепке чогулган 117 адамдын баары Мазаевди айыл башчылыкка көрсөтүүгө кол көтөрүштү. Ал эми мурдагы жыйында айыл башчылыкка көрсөтүлгөн Айбашевге бул жолу эч ким добуш берген жок.

Жыйынтыгында расмий орду жок "Төлөйкөн айылынын башчысы" аттуу кызматка тургундар Мазаев аттуу айылдашын шайлап коюп басып кетишти.

Ал арада чуунун башында аты айтылган Ташмат Айбашев Кара-Суу районунун акими менен жолуккандан кийин Төлөйкөн айылынын башчылыгына дайындалганын билдирди.

Мага буйрук чыкканга чейин Карим деген жер адиси өзүнүн 16-17 адамынын колун койдуруп, менин үстүмдөн айыл өкмөткө арыз жазыптыр. Биз ал колдорду экспертизадан өткөрттүк. Баары жасалма болуп чыкты.

- Мен мурдагы жыйында 150 адамдын добушун алып, айыл башчы болууга көрсөтүлгөм. Мага буйрук чыкканга чейин Карим деген жер адиси өзүнүн 16-17 адамынын колун койдуруп, үстүмдөн айыл өкмөткө арыз жазыптыр. Биз ал колдорду экспертизадан өткөрттүк. Баары жасалма болуп чыкты. Анан биз буга жооп жазып, элге кайрылдык. 120дай адам барып, өзүбүздүн арызды айыл өкмөткө тапшырдык. Ошонун негизинде айыл өкмөт: “Болду, эми сиз мыйзамдуу иштейсиз. Сиз көрсөтүлгөнсүз. Себеби мурдагы айыл башчы шайлоодо башка партияга иштеп, иштен алынган эле. Ал орун бош турган”, - деди. Менде эч кандай маселе жок. Эл мени сунуш кылган. Айыл өкмөт дагы макул болду. "Эртеңден баштап ишке чыгасың" деп, бүгүн да сүйлөшүп келдик.

Интернетке тараган видеодо айыл өкмөттөн кагуу жегендердин эч биринен милицияга арыз түшкөн эмес. Видеодогу окуяга күбө болгондордун бири айыл өкмөттүн иш бөлмөсүндө кайым айтышуудан бөлөк эч нерсе болбогонун айтты.

- Баарыбыз эле адамбыз да, эмоцияга алдырабыз. Ал жерде кыйкырышкандан башка эч нерсе болгон жок. Биздин бир эле көйгөйүбүз - адилетсиздик. Мен өткөн президенттик шайлоодо айылда штаб башчы болуп жүрүп көп нерсени байкадым. Биздин айыл каралбай калыптыр. Ошого иштей турган адамды сунуш кылып барганбыз.

Ош шаарына канаатташ жайгашкан Төлөйкөн айыл өкмөтүндө 27 миң калк жашайт. Ал эми айыл башчылыгы талаш болуп аткан Төлөйкөн айылында 6 миңге чукул эл бар. Айыл өкмөт 17 миллион жылдык бюджети менен дотацияда отурат. Сөз болуп аткан айыл өкмөт башчы Алмаз Абдукаримов Төлөйкөн айыл өкмөтүн төрт жылдан бери башкарып келет.

Айылдаштарын тилдеген айыл башчы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG