Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

Ош-Тамчы: узун жол кыскарды

Тамчы аэропорту
Тамчы аэропорту

Жайкы сезонго карата ачылган Ош-Тамчы аба каттамы боюнча 10-июлда Ысык-Көлгө Оштон экинчи учак келип конду.

Буга чейин миң чакырымга жакын жолду унаа менен бир күндө араң жүрүп келген эс алуучуларга аба каттам көлгө келүү планын оңой ишке ашырууга чоң өбөлгө болууда. Ош-Тамчы аба каттамын "Тез жет" компаниясы аткарып жатат.

Учак Ысык-Көл аэропортуна түшкө жакын келип конду. Эс алуучулар жолдо унаа менен бир күндөп жүрчү аралыкты учак менен жарым саатта басып, көз ачып-жумганча көлдө болуп калгандыктарын айтып, толкунданып жатышты. Ош шаарынын тургуну Миркамил Малаев:

- Бүгүн Ош-Тамчы каттамы боюнча бат эле учуп келдик. Абдан ыңгайлуу экен. Мага жакты. 35 мүнөттө Тамчыда болуп калдык. Мурда көлгө келиш үчүн биз бир күн кетирчүбүз да, Бишкекке 10 саат, бул жакка кайра дагы 4 саат. Жолдо эс алганың менен баш-аягы 16 саатта көлгө жетчүбүз да.

Жолдун кыскарганынан сырткары Ош менен Ысык-Көлдүн абасынын айырмасын айтып, мындагы аба ырайынын салкындыгына дагы бир жүргүнчү Мурат Арстанбаев суктанып турду.

- Аялым экөөбүз миң чакырымды 40 мүнөттө басып келип калдык. Ош менен Ысык-Көлдүн аба ырайынын айырмасы асман менен жердей, Ошто ысыгандыктан бул жакка келдик да.

Түштүк дубандардын тургундары унаа менен келип, эс алуу үчүн жолго эки күн бөлүшчү. 15 сааттап ары-бери унаада жүрүү, жол азабы эс алганды эселеп чыгарып алчу экен.

Союз учурунда Ысык-Көлгө түз аба каттамы болгон. Маселен, Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Арзыкан Көчкөнбаева Ысык-Көлгө 23 жылдан кийин кайра биринчи жолу келип отурат:

- Союз маалында Кызыл-Кыя-Чолпон-Ата каттамы бар эле. Ал убакта Кызыл-Кыядан түз Чолпон-Атага учуп, путевка менен “Ала-Тоо” пансионатына келгенбиз. Анда мына бул балдарыбыз да кичине эле. Андан кийин аба каттамы токтоп калды, акчасы барлар келет, ал эми колунда жоктор келип эс ала алышкан жок. 1992-жылдан бери мына эми насип болуп кайрадан келип отурабыз.

Учактын баасы унаа менен келгенге караганда анчалык деле айырмаланбайт, болгону 500-600 сомго кымбатыраак болот. Бул айырма көлдө эс алууну каалагандарга оорчулук деле кылган жок. Ош облусунун Араван районунун тургуну Каныбек Райымбердиев:

- Машине менен келген арзан, бирок кыйналып каласың да. Жаш өтүп калгандарга ого бетер кыйын. Андыктан биз 200-300 сомдун кымбатына карабадык. Бат жетсек, көбүрөөк эс алсак деп келдик. Айрым учурларда 500-600 сом айырма болот, бирок жол азабын көргүчө бул жакшы.

Негизи билеттин баасы бир тарапка 2000-3000 сом болууда. Ал эми бир жума эс алып бүгүн кайра Ошко кайтып жаткан эс алуучулар келерки сезонго пландарын да түзүп коюшкан экен:

- Бүгүн таңдан туруп сууга түштүм, дегеле бир жума бою суудан чыккан жокпуз. Бирок үй-бүлө деген бар, кетүүгө мажбурбуз. Быйыл Чолпон-Атада менчик конок үйдө эс алдык, кийинки жылы "Көгүлтүр Ысык-Көлгө" келсек, эмкиде Жети-Өгүзгө барабыз. Биз менен чогуу эс алган бир киши Жети-Өгүздү абдан мактады, - деди Каныбек Райымбердиев.

Ош-Тамчы аба каттамы аптасына эки жолу - жума жана жекшемби күндөрү учууда. Өткөн жекшембиде бир каттам учпай калган, себеби көлгө келүүчүлөрдүн саны аз болуп калганы айтылган. Бирок жүргүнчүлөр көлгө келүүнү каалагандар көп экенин, туристтер орозо бүткөн соң агыларын айтышууда.

Куржундар
XS
SM
MD
LG