Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Атамбаевдин Түркиядагы сапары башталды


Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга төрт күндүк расмий сапарындагы негизги иш-чаралар бүгүнкү күнгө пландалган. Бул тууралуу ал жерде жүргөн кабарчыбыз Зайырбек Бактыбаев билдирди.

Бүгүн саат 10до президент Ата-Түрктүн күмбөзүнө гүл койот. Бул иш-чара салтанаттуу азем менен коштолоору күтүлүүдө.

Саат 11де Кыргызстандын лидери Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматы боюнча, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, президенттер ардак күзөттүн алдынан өтүшөт.

Мындан кийин эки тараптуу делегация жолугушат. Жолугушуу кеңири жана тар чөйрөдө өтөт. Соңунда эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Бүгүнкү күн тартибине ылайык, Алмазбек Атамбаев түрк парламентинин төрагасы Жамил Чичек менен жолугушуп, парламентте сөз сүйлөйт.

Эртең (13-январда) кыргыз президенти Билкент университетинде студенттер менен жолугушмакчы. Ошондой эле Атамбаев Түркиядагы этникалык кыргыздар менен да жолугушушу мүмкүн.

14-январда Атамбаев Стамбулга жөнөп кетет. Ал жерден Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Президентти администрациядагы кызматкерлерден тышкары тышкы иштер министри Руслан Казакпаев, маданият жана маалымат министри Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин депутаттары Азамат Арапбаев жана Алмазбек Баатырбеков коштоп жүрөт. Ошондой эле бул иш сапарда биринчи айым Раиса Атамбаева да бар.

XS
SM
MD
LG