Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Алыскы айылдарга интернет качан жетет?


Кыргызстандын алыскы айылдарына интернет качан жетет? 2015-жылдан тарта санариптик телекөрсөтүү башталса, бардык телеканалдар үчүн акча төлөнөбү?

Ушул жана башка суроолор айланасында Кыргызстандагы интернет саясаты боюнча коомдук фонддун жетекчиси Татту Мамбеталиева "Азаттыктын" Прагадагы студиясында маек куруп берди.

“Азаттык”:
Прагага сиздер Чехиянын теле-радио жыштыктарды башкаруу саясатын үйрөнгөнү келген экенсиздер. Кыргызстанда ушул теле-радио жыштыктарды бөлүштүрүү ишин башкарган Мамлекеттик байланыш агенттигинин ишин реформалоо кандай жүрүп жатат?
Татту Мамбеталиева "Азатттыктын" Прагадагы студиясында.

Татту Мамбеталиева: Эки-үч ай мурда биз Кыргызстанда ушул аракетти баштаганбыз, биздин агенттиктин ишин көзөмөлдөп-тескөө туура жолго коюлсун деген ниеттен. Радио, телевидение боюнча суроо өзгөчө актуалдуу. Биздин оюбузча, азыр ушу сиздер иштеген "Азаттыкты" ободо сактап калыш үчүн бизге жыштыктарды бөлүштүрүү боюнча абдан ачык-айкын саясат зарыл болуп турат.

“Азаттык”: Телерадио жыштыктарды бөлүштүрүү, башкаруу боюнча көп суроолор пайда болчу мурун.

Татту Мамбеталиева: Азыр деле суроо абдан көп. Анткени эл түшүнө албай атат "эмнеге бул компанияда андай мүмкүнчүлүк бар, башка чет өлкөлүк компаниялар жыштыктарды алып атат, алардын да мүмкүнчүлүгү бар, биздин эмнеге андай мүмкүнчүлүгүбүз жок" деп.

“Азаттык”: Жеке менчик радио, телеканал ээси болгусу келгендерди айтып атасыз да?

Татту Мамбеталиева: Бул биринчиден. Экинчиден, апрель окуялары маалында радио менен телевидение жакшы иштебей койбодубу. Ушул дагы абдан чоң суроо жаратты. Эмнеге профессионалдуу иштеп кетишкен жок? Эмнеге Ош облусунда, Баткен, Жалал-Абадда биздин элге маалымат жетпей калды? Ал жактан да маалымат Бишкекке келбей калды. Анткени ал жакта радио, телевидение жакшы иштей албайт экен. Мунун баары биздин мурдагы байланыш агенттигинин ишинин жыйынтыгы болсо керек. Анткени жыштыктар туура бөлүнбөй, берилбей калыптыр.

Биз байкагандай, телекомпаниялардан "ОшТВ", "ЭлТР", "Мезон ТВ", КТР, 5-канал түштүккө жетет экен, бирок бардык райондорго жетпейт экен. Өзгөчө Кара-Суу, чек арага жакын айылдарга КТР дагы жетпейт экен. Ошондуктан ал жакта жашаган эл маалыматты алалбай калат.

“Азаттык”: Бардык аймактарды жаба турган жыштык жокпу Кыргызстанда?

Татту Мамбеталиева: Андай мүмкүнчүлүк бар. Биз бул агенттикти реформа кылсак, жыштыктарды берүү боюнча эреже-жобосун оңдосок, иш кандай жүрүп жатканы даана көрүнүп калат да, анан маалымат жетпей аткан райондорду карап туруп, ошол жакка атайын көңүл буралы деп атабыз.

Телекоммуникация тармагы да айкындуулукка муктаж. Анткени телекоммуникация тармагы азыр Кыргызстандын ИДПсынын 8 пайызын түзүп калыптыр. Бул мактанаарлык нерсе эмес. Биз мактансак болот, "ой, 8% берип атабыз" деп. Ал эми чынында бул терс көрүнүш. Анткени бул башка тармактар бюджетке акча бералбай калыптыр дегенди каңкуулайт. Бардык тармактарды башкаруу, көзөмөлдөп башкаруу иши жолго коюлган эмес. Ошон үчүн биз Чехия бул жагынан кандай чечимдер кабыл алганын, парламентте реформачыл мыйзамдарды кантип өткөрөрүн, булардын бардык тажрыйбасын үйрөнөлү деп келдик. Эми ушулардын баарын Бишкекке алып барып, биздин жаңы Жогорку Кеңешке, президентке, премьер-министрге көрсөтүп, айтып берүү максатыбыз бар.

“Азаттык”: Өзүңүз көп жылдан бери Кыргызстанда интернет саясаты боюнча иштеп келатасыз. Азыр интернетти жайылтуу иши кандай болуп атат, алыскы айылдарга интернет качан жетет?

Татту Мамбеталиева: Бул оңой суроо эмес. 5-10 жыл болуп кетти, министрликтер деле айылга интернет жеткириш керек деп айтып атышат. Бирок айылга интернет жеткен жок. Анткени интернет бизде дагы эле кымбат нерсе. Бишкекте жашагандардын көбүнүн иши бар, алардын акча төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, азыр интернетти үйдө отуруп колдоном десең, бир айда 80 доллардын тегерегинде акча чыгат. Айыл үчүн 80 доллар деген аябай чоң акча да.

“Азаттык”: Бирок ошондой акчасы бар кишилер интернет койдуруп алса болобу, мисалы Ат-Башыда, же Ноокатта?

Татту Мамбеталиева: Жок, андай деле оңой эмес. Бирок чөнтөк телефон аркылуу койдуруп алса болот. Азыр чөнтөк телефондун жайылышы абдан жогору, болжол менен калктын 80 пайызы зымсыз телефон ээлери. Бирок ал деле оңой эмес. Анткени уюлдук телефондон интернетти ачыш үчүн билими жетиштүү эмес. Андан тышкары интернетти колдонгонду билиш керек. Инфраструктура жагынан Чехияны карасам, булар деле биздин идеология менен кетип баратыптыр, бүт айылдарга чейин оптоволокнону (айнек, же желимден даярдалган оптикалык зым) жеткириш керек деп. Азыр жаңы технология адистери Ваймакс, Вайфай, спутник байланыштар жакшы иштебейт экен деген чечимге келишиптир. Биз да ошого макул болуп атабыз. Оптикалык зым айылдарга жетсе, сапаты да жакшы болот эле.

Бир жакшы жаңылык бар. Былтыр Кытайда операторлор жаңы каналды курушпадыбы, ошонун күчү бир топ аймакты жабат экен, ал Кыргызстанга да жетет, интернеттин баасы буюрса 2011-жылдын июль айына чейин 10 долларга түшөт Бишкекте деп жатышат адистер. Айылдарда да 10 долларга чейин түшсө, анда ал жакта да көбүрөөк киши интернетти пайдалана баштайт эле.

“Азаттык”: Кыргызстандын санариптик телевидениеге өтүү планы бар. Ал эл аралык милдеттенме. Ошого өткөндөн кийин интернет жана теле-радио жыштыктар маселеси жеңилдейби?

Татту Мамбеталиева: Жеңилдебейт деп ойлойм, анткени азыр биз телеканалдарды акча төлөбөй эле көрүп атпайбызбы. 2015-жылдан баштап санариптик телеге өтсөк, кыргызстандыктар телевизор көргөн үчүн акча төлөй баштайт. Социалдык милдеттүү пакетке 2-3 акысыз канал кирет, андан башка каналды көрөм десең акча төлөй баштайсың. Сапаты, албетте, жакшы болот. Бирок ошону менен бардык проблеманы чечип алдык деп айтуу туура эмес. Анткени бизде теле-радиокомпаниялар, сапаттуу маалымат тараткан уюмдар аз болуп атат. Бирок экинчи жагынан эркиндик кеңейет. Азыр жыштыктын артынан чуркап кыйналып атпайбызбы. Ал эми санариптик мейкиндикке өтсөк, анда бир операторго барып эле айтасыз, мына менде мындай медиа уюмум бар, мынча эфирдик убакыт керек эле, мынча акча төлөйм деп. Анан киресиң. Жеңилдейт.

“Азаттык”: Жыштыктардын, теле-радио каналдардын саны көбөйөбү?

Татту Мамбеталиева: Ооба, биздин инфраструктура көрсөтүп атат, эң алыскы айылдар 100 каналга чейин көрүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

“Азаттык”: Санариптик мейкиндикке Кыргызстан 2015-жылы өтүүгө даярбы?

Татту Мамбеталиева: Техникалык жактан даяр. Ал эми саясий жактан көп эле суроолор бар азыр.

“Азаттык”: Чоң ырахмат, ишиңиз ийгиликтүү болсун.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG