Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Дубайдын полициясын машыктырган Кубанычбек Төрөбаев


Винг Чун Кун Фу чебери Кубанычбек Төрөбаев устаты Доналд Мак менен машыгууда, Гонконг
Винг Чун Кун Фу чебери Кубанычбек Төрөбаев устаты Доналд Мак менен машыгууда, Гонконг

Кыргыздын алыскы айылынан чыккан бир жигит өз алдынча чыгыштын эр өнөрүн үйрөнүп, кийинчерээк Гонконгдо кадимки атактуу Брюс Линин устатынан таалим алып, Вин Чунг Кунг Фу чеберине айланганына, азыр Бириккен араб эмирлигинде Дубайдын полициясын машыктырып жатканына ишенесизби?



- Кубанычбек, Дубайга качан, кантип барып калдыңыз?

Он беш жылдан бери Дубайдамын. Алгач Дубайга окуганы барып, окууну бүткөн соң ошол жакта калып, ар кайсы компанияларда иштеп жүрдүм. Чыгыштын эр өнөрлөрү менен кичинекей кезимден эле машыгып жүргөн элем. Ошол өнөрүмдү байкап калгандар ар кандай сунуштарды айта башташты. Анан Дубайдын полициясын машыктыруу сунушун кабыл алып, иштеше баштадым. Кийинчерээк Universal Star Martial Arts Club деген клуб ачтык. Азыр күн сайын эртең менен полиция офицерлерин, андан кийин каалоочуларды машыктырабыз. Жакында эми – Вин Чунг Кунг Фу федерациясын ачсакпы деп турабыз.
Кубанычбек Төрөбаев "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 14-декабры.

- Кайсы кесипке окудуңуз ал жакта?

- Шарият жана мыйзам боюнча билим алдым, мындан тышкары араб, урду тилдери боюнча тилмеч адистигим да бар.

- Чыгыштын эр өнөрүн өзүңүз каяктан үйрөндүңүз эле?

- Өзүм кичинемден эле эки нерсеге – тил үйрөнүүгө, анан чыгыштын эр өнөрлөрүнө кызыкчумун. Мен мектепте окуп жүргөндө классыбызда 15 бала болсо ошолордун экөөсүнө гана алым жетчү.

Бир жолу бирөөдөн токмок жеп, ыйлап келатканымды көргөн бир айылдашым “сен мындай болбошуң керек, атаң жакшы мушташчу эле, мушташканды үйрөнүш керек” деп айтып калды.

Аябай арданып үйгө келсем телевизордо “Альманах” деген көрсөтүүдөн Жет Линин Шао Лин оюнун көрсөтүп жатыптыр. Аны көргөн соң ушинтип өзүн коргосо болот турбайбы деген ой келди. Ошентип 7-классымдан баштап өз алдымча машыга баштадым. Көргөнүм Брюс Линин кинолору. Бул өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын соңу болчу.

Анан кийинчерээк бул чыгыш өнөрү боюнча устат издеп, кошуна Тажикстан, Өзбекстанга чейин барып машыктым. Мектепти бүткөн соң Бишкекке келип окуганча машыгууну да уланттым. Ошентип Жит Кун До менен машыгып жүрүп, жетинчи дандагы кара кур алдым. Анан Брюс Ли бул ыкманы каяктан алганын изилдеп отуруп, Гонконгго жеттим.

Көрсө Брюс Ли муну Вин Чунг Кунг Фудан алган экен. Вин Чунг Кунг Фуда он баскыч бар. Ал үчөөнү эле үйрөнүп, анан бул эски ыкма деп, колго бокс, бутка таэквондо ыкмасын кошуп, Жит Кун До деп атаган экен.

Вин Чунг Кунг Фуну Брюс Ли улуу устат Ип Мандан үйрөнүптүр. Ошентип Ип Ман улуу устатты (гранд-мастер) издеп отуруп, анын көзү өтүп кеткенин билдим.

Бирок Брюс Линин экинчи устаты - гранд мастер Чоу Зе Чуенди таап алдым. Устат Ип Ман Брюс Лини машыктырууну ушул кишиге тапшырган экен. Устат Чоу Зе Брюс Ли алгач келгенде көп нерсени түшүнбөй кыйналып, чыдабай ыйлаганын, бирок аябай өжөр болгонун, жүз жолу жаса дегенди миң жолу жасап, ийгиликке жетишкенин айтып берген эле.

А Вин Чунг Кунг Фуну болсо бир аял Шао-Лин Кунг Фудан алып чыгып, жалаң мушташ үчүн ушундай стилди жараткан экен.
Кубанычбек Төрөбаев устаттары Чоу Зе Чуен (ортодо) жана Доналд Мак (солдо) менен, Гонконг.

Брюс Линин устаты Чоу Зе азыр 87 жашта, Гонконгдо жашайт. Мен бул улуу устат менен байланышып турам, былтыр 86 жашка толгондо туулган күнүнө барып келдим.

Бирок ал киши улгайып калгандыктан мен анын шакирти Доналд Мактан таалим алып калдым. Анын Гонконгдо Вин Чунг Кунг Фу боюнча эл аралык институту бар, мен ушул жерде окудум.

Азыр деле бул институтта сырттан окуп, ар эки айда барып турам. Вин Чунг Кунг Фу боюнча төртүнчү дандагы кара кур ээсимин.

- Мелдештерге да катышып турсаңыз керек анда?

- Мурда катышчумун. Азыр Вин Чунг Кунг Фу боюнча мелдештерге калыс, же конок катары чакырып турушат.

- Бала кезде тил үйрөнүүгө да кызыкканыңызды айттыңыз, канча тил үйрөндүңүз?

- Азырга чейин баш-аягы он чакты тил үйрөндүм, анын беш-алтоосунда: эне тилимден башка орус, араб, англис, фарс, урду, түрк тилдеринде эркин сүйлөшө алам. Азыр кытай, испан тилдерин үйрөнүп жатам.

- Дубайдын полициясын машыктырсаңыз жыйынтыгы кандай болуп жатат, алар өз ишинде колдонуп жатса керек бул өнөрдү?
Кубанычбек Төрөбаев Дубай полициясын машыктырууда.

- Жыйынтыгы Кудайга шүгүр, жакшы. Алар ошол ишинде пайдасы тийсин деген максатта үйрөнүп жатат да. Эми Дубай тынч шаар, полицияга мушташа турган учур деле болбосо керек.

Бирок бир полициячы кайсы бир өлкөгө эс алганы барганда капыстан африкалык эки-үч адамдын кол салуусуна кабылып, алардын сазайын бергенин, бул өнөр менен өзүн жана үй-бүлөсүн коргоп калса болоорун айтып, мага ыраазычылык билдиргени бар.

- Вин Чунг Кунг Фу Кыргызстанда барбы, болсо кандай өнүгүп жатат?

- Азырынча жок. Бирок жакынкы жылдарда Кыргызстанда да Вин Чунг федерациясын ачалы деген ниетибиз бар. Бул үчүн мен Дубайда бир кыргыз жигитин даярдап жатам. Ошол жигитти жиберип, бул өнөрдү Кыргызстанда да өркүндөтсөкпү деп жатабыз.

Себеби Орусияда азыр Вин Чунг Кунг Фу өтө өнүктү. Анатолий Белощин аттуу мени менен чогуу машыккан жигит 50 жерде машыгуу залын ачып, Орусиянын атайын кызматынын, күзөт кызматтарынын кызматкерлерине бул өнөрдү үйрөтүп жатат.

Биз дагы Кыргызстанда Вин Чунг Кунг Фуну жайылтып, кыргыз жигиттерине үйрөтсөк деген ниетибиз бар. Мындан тышкары Кыргызстанга араб инвесторлору колдой турган экономикалык долбоорлорду да сунуштаган элек, бирок алар ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке ашпай турат.

- Кандай тоскоолдуктар?

Кубанычбек Төрөбаев устаты Доналд Мак менен, Гонконг

- Биринчи эле тоскоолдук - Кыргызстандагы кырдаал. Биз мурдагы бийликтин тушунда ар кандай багыттагы он төрт долбоор сунуштаган элек. Ал учурда Кыргызстанда мындай иштер кимдер аркылуу көзөмөлдөнөөрү, кимдер аркылуу ишке ашаары айтпасак да белгилүү.

Биз бул долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөшө баштаган учурда бийлик алмашып, биз менен иштешебиз дегендер Кыргызстандан качып жоголушту. Ошентип бул иштер токтоп, акча беребиз деген инвесторлор да айнып калды.

Бирок мен азырга чейин эки долбоорду кармап турам. Болгону бизге кыргыз тараптан макулдук, колдоо, тактап айтсак колдоодон мурда кепилдик керек. Ошондо калган долбоорлорду да кайра жандантсак болот. Эми жаңы өкмөт куралып, саясий кырдаал бир калыпка түшсө сүйлөшүүлөрдү улантат элек.

- Ал кандай долбоорлор эле?

- Биринчиси, Баткендин чек арадагы бир айылына суу чыгаруу. Бул жер менин кичи мекеним. Мен туулуп-өскөн Баткендин Самаркандек аймагында суу тартыш, Тажикстан менен чек арада турат. Суу жоктуктан элибиз жумуш издеп талаалап кетип, бош калган жерлерге кошуналарыбыз көз арта баштаганы көп эле айтылып жүрөт.

Жер-суу талаштан кошуна эки элдин ортосунда чыр-чатак чыккан учурлар да жок эмес. Ушул аймакта суу маселесин чечүү үчүн тоону үч чакырымдай тешип, анан жыйырма чакырымдай канал куруш керек. Ошондо суу тажик айылдарын аралабай түз келип, элибиз кошуналарга суудан көз каранды болбой калат эле.

Башкысы бош, суу жок какшап жаткан бир канча аянттагы жерибиз кулпурган өрүкзарга айланмак. Муну менен миграция да азаймак. Бул долбоордун эсебин мурдагы бийликтегилер он миллион доллар деп чыгарган. Бир араб инвестору ушунча каражатты кайтарымсыз жардам иретинде, грант түрүндө бере турган болгон.

Экинчиси, Кыргызстандын жети облусуна бирден кайра иштетүүчү чакан заводдорду куруу. Бул эми ар бир облустун мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Маселен, кайсы бир облуста мөмө-жемиштерди, дагы биринде башка азыктарды кайра иштетип, түз эле Бириккен араб эмирлигине, же дагы башка өлкөлөргө экспорттоп турса болот.

Бул долбоорду каржылоочулар да бар. Ушул эки долбоорду кармап турам азыр. Анан жанагы он төрт долбоордун ичинде Бишкекке метро куруу долбоору да бар болчу.
Кубанычбек Төрөбаев устаты Доналд Мак менен, Гонконг

- Метро?

- Ооба, жашыл, кызыл эки метро тилкесин куруу. Биринчиси, Аламүдүн-1 кичи району тараптан башталып, унаабазарына чейин бармак. Экинчиси, Асанбай кичи районунан Дордой базарына чейин.

Тилекке каршы бул долбоорлорубуз азырынча ишке ашпай турат.

- Кызык экен... Бул эми канчалык реалдуу? Себеби кыргызстандыктар акыркы 20 жылдан бери ар кандай убадаларга алдана берип, көп нерсеге ишенбей да калды. Мындай нерселерди айткандарга азыр кыялкеч катары ишенбегендей сын көз менен карап калган көпчүлүк. Анын үстүнө азыр метро эмес, ага чейинкисин эптей албай жаткан заман...

- Бул эми жомок эмес, ишке ашырса болот. Тез арада ишке ашпаса да акырындык менен жасалат, беш-он жылдап. Бишкек деле заманбап шаарга айланышы керек да акыры. Элибиз качанга чейин жүрүүгө ыңгайсыз маршруткаларда тыгылышып жүрө берет.

Бул долбоорлордун каржылоочу тараптан жасалчу кагаз иштери да жарым жартылай бүтүп калган. Болгону аны ишке ашырууга кыргыз тарап өзү кызыктар болуш керек.

- Бул долбоорлорду ким каржылайт?

- Бириккен араб эмирлигиндеги бай кишилер, жеке инвесторлор деп койсок болот го.

- Аларда кандай кызыкчылык бар?

- Болгону кыргыз элине мусулмандык жардам. Болду, башка эч кандай кызыкчылык жок. Эгер кыргыз тарапта кандайдыр бир шектенүү, күмөн саноолор болсо тиешелүү кызматтары аркылуу текшерип деле көрсө болот.

Алар мурда Кыргызстанда мечит-медреселерди курууга акча берчү. Бирок ал берилген каражат максатына толук жетпей, башка жактарга да жумшалып кеткенин байкап калышкан соң муну токтотуп, "кыргыз туугандардын экономикасын көтөргөнгө жардам бербесек болбойт окшойт, экономика өсүп, эл турмушу оңолсо анан өздөрү мечит куруп алышаар" деген ойдо калышкандай.
Кубанычбек Төрөбаев болочок полициячы шакирттери менен, Дубай.

Кантсе да бизге караганда азыр кошуна өлкөлөр араб инвесторлорун көбүрөөк тартууда. Бул жагынан биздин Дубайдагы консулдук да жакшы иштей албай жаткандай.

Кыргызстан да ал жакта араб тилин мыкты билген адистерди иштетип, соода өкүлчүлүгүн ачып, бул ишти жандантса болот эле.

Маселен кошуна казак туугандар бул жагынан абдан жакшы иштеп жатат. Алар Араб эмирлигинин борбору Абу-Даби шаары менен тыгыз иштешип, абудабиликтер Астананын курулушуна жакшы салым кошкону, Чимкентке да жакшы жардам бергени айтылып жүрөт. Анан Тажикстан Дубай менен жакшы кызматташып, акыркы эки жылда бул өлкөгө бир канча миллион доллар инвестиция жумшалды. Биз дагы ушул иштерди жандантсак болот эле.

Мындан тышкары мен кыргыз футболчуларын, башка спортучуларын кышында Дубайда машыктырып, жайында болсо алардын спортчуларын Кыргызстанга чакырып, алмашуу сыяктуу нерселерди да жүзөгө ашырсак деген оюм бар.

Эми айта берсе мындай мүмкүнчүлүктөр, идеялар көп эле. Бирок аларды ишке ашыруу үчүн жогоруда айткандай тоскоолдуктардан өтүп алыш керек болуп жатат...

- Рахмат маегиңизге, жакшы тилек-ниеттериңиз ишке ашсын.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG