Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

АКШ БУУнун Адам укуктары кеңешине кайра шайланды


18 өлкө ичинен АКШ дагы үч жылдык мөөнөткө кайра шайлана алды. Укук коргоочу топтор кеңештин мүчөлүгүнө адам укуктары өзүндө олуттуу бузулган өлкөлөр кайрадан кирип кеткенине тынчсыздануу билдиришти.

Адам укуктары кеңешине кайра шайланууга умтулуп келген Кошмо Штаттар БУУнун Башкы ассамблеясындагы кечээги добуш берүүдө колдоо тапты.

Кеңештин 47 мүчөсү дүйнөнүн беш аймагына бөлүнгөн орундардын негизинде куралат. “Батыш Европа жана башкалар тобундагы” үч бош орунга беш өлкө атаандашып, алардан АКШ менен кошо Германия жана Ирландия кирди.

Добуш берүүдөн кийинки сөзүндө Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс алардын кайра шайлануусу өлкөнүн Улуттар уюмундагы лидерлигин ырастаганына токтолуп, Вашингтон жаңы мөөнөт ичинде Адам укуктары боюнча кеңеш көңүл буруучу маселелерди кайрадан иликтеп чыгууну көздөөрүн белгиледи:

- Биздин ишибиз алдыда али абдан көп. Бүгүнкү шайлоо Кошмо Штаттарына өзбүздүн жетишкендиктерге таянууга, учурдагы кемчиликтер тууралуу, анын ичинде кеңеш Израилге ашыкча жана калыс эмес көңүл бурганы жөнүндө айтууга, адам укуктарынын, америкалыктар катары биз үчүн жана дүйнө калкы үчүн эң башкы деп саналган баалуулуктардын тарабында турууга мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон кайра шайлануудан кийинки билдирүүсүндө АКШ эл аралык коомчулук менен кеңешти чыңдоо, адам укуктарынын дүйнө боюнча олуттуу жана шашылыш чечүүнү талап кылган маселелери үстүндө тыгыз иштешерин убада кылды.

Адам укуктары кеңеши мындан алты жыл мурун БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясынын ордуна түзүлгөн.

Мурдагы президент Жорж Буштун доорунда АКШ ал комиссиянын ишин бойкоттоп келген. Президенттикке Барак Обама шайланып, мурдагы саясат өзгөргөндөн соң 2009-жылы Кыргызстан менен бир учурда шайланган.

Кыргызстандын мүчөлүгү

Азия тобундагы 13 өлкөдөн Кыргызстан менен кошо быйыл Кытай, Бангладеш, Иордания, Сауд Аравиянын мүчөлүктөрү аяктоодо. Алардын ордуна Казакстан, Жапония, Пакистан, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары кирет.

Мурдагы президент Роза Отунбаева Кыргызстандын Адам укуктары кеңешиндеги ишин “Азаттык” менен маегинде мындайча баалады:

- Кыргызстан бир жыл вице-президент болду. Ал жердеги ишибизди ийгиликтүү аяктап жатабыз. Биз ал жерде вице-президент эле эмес, атайын баяндамачы да болдук.

Башкы ассамблея дүйшөмбү күнү шайлаган өлкөлөрдүн мүчөлүгү жаңы жылдан тарта башталат.

Укук коргоочу топтор кеңештин курамына адам укуктары өзүндө олуттуу бузулган өлкөлөр кайрадан кирип кеткенине тынчсыздануусун билдиришти.

Бирок укук коргоочулар каршы чыккан өлкөлөрдүн бири - Венесуэланын БУУдагы элчиси Хорке Валеро алардын кеңешке кирүүсүн жетишкендиктердин таанылуусу катары мүнөздөдү:

- Бул Венесуэлдагы демократиянын сапаты тууралуу кубаттуу билдирүү жана анын таанылышы. Ага катар Венесуэла демократияны жана адам укуктарын кандайча жакшыртканын да көрсөтүүдө.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, адам укугун коргоочу эки уюм эл аралык уюм (UN Watch, Human Rights Foundation) жаңы шайлангандардан Венесуэла менен катар Пакистанды жана Казакстанды кеңештин мүчөлүгүнө “жарабайт” деген бүтүм чыгарышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG