Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

БУУ Иранды өлүм жазасы үчүн айыптады


Былтыр Иранда өлүм жазасы дүйнө боюнча эң көп колдонулган
Былтыр Иранда өлүм жазасы дүйнө боюнча эң көп колдонулган

БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Иранда жыл сайын жүздөгөн адамдар өлүм жазасына өкүм этилип жатканын, өзгөчө диний жана этностук азчылыктарга, аялдар менен кумсаларга байланыштуу абал начарлап кеткенин кабарлады.

Дүйшөмбүдө Нью-Йоркто журналисттер менен дипломаттардын алдында сүйлөп жатып, Ахмад Шахид Иранда быйыл сегиз айда эле 300дөн ашуун адам өлүм жазасы менен тындым кылынганын айтты. “Чыныгы сан мындан да көп болушу мүмкүн”, - деди Шахид, Иран адатта маалыматты жашыраарын кыйыта.

Былтыр, анын маалыматына караганда, Иранда 670 адам дарга асылган. Калкынын санына карата эсептегенде, дүйнөдө бир да мамлекетте адамдар мынчалык көп санда өлүм жазасына тартылган эмес.

Баяндамачы Ирандагы бахаилер эң катуу жазага баарынан көп тартылчу диний азчылык экенин билдирди.

Ахмад Шахид ушул аптанын этегинде Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын Адам укуктары боюнча комитетинде жылдык отчетун окумакчы.

Ахмад Шахид
Ахмад Шахид
Индия океанындагы Малдив республикасында мурда Тышкы иштер министри болуп турган Шахид Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы катары ишин былтыр июнда баштады. Өзү Иранга азырынча бара элек.

Дүйшөмбүдө журналисттерге сүйлөп жатып, ал ишке киришкенден бери Иранда, тилекке каршы, акыбал начарлап кеткенин билдирди.

"Ооба, Иранда адам укуктарын коргоо жаатында эч кандай көзгө көрүнөрлүк жылыштардын болбой жатканы мени кыжаалатка салат, - деди ал. - Абал чынында начарлап кеткен болушу да ажеп эмес. Адамдарды кыйноого алган фактылар жөнүндө кабарлар токтобой жатат. Буга укук бузгандар эч кандай жазага тартылбай жатканы да себеп болууда".

Анын айтымында, азыр Ирандагы адам укуктарынын абалына эл аралык коомчулуктун тынчсызданып жатканын билдирүү өтө маанилүү жана керек. Анткени Иран адам укуктары боюнча эл аралык жана улуттук милдеттемелерин мүмкүн болушунча толук аткарганга болгон аракетин жумшап жатканын айтып актанууда.

Өкмөттүн өкүнткөн билдирүүсү

"Мен былтыр жыл ортосунда ишиме киришкенден бери биз Иранда өзүнүн же башкалардын укуктары бузулганын айткан 240 адам менен маектештик. Ошол адамдар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин чындап эле дүйнө Ирандагы абалга кыжаалат болуп жатканынын жөнү бар экенин түшүндүм, - деди баяндамачы. - Ошол маектерде айтылган фактылар эл аралык жана улуттук милдеттенмелерин аткарууга олуттуу киришкенин айтып жаткан Иран өкмөтүнүн билдирүүлөрүнүн жокко чыгарат".

Шахид бул өлкөдө расмий таанылган сунни мусулмандары, дервиштер же христиандар сыяктуу диний азчылыктар түрдүү жазаларга, ар тараптуу дискриминацияга тартылаарын кошумчалады. “Бирок алардан да расмий таанылбаган “бахаи” ишениминдеги адамдарды эң көп кыйнашат”, - дейт ал.

Ирандагы шийи мусулмандарынан турган бийликтер “Бахаини” каапырлардын тапканы деп билишет, анткени бахаини тутунгандар бул динди XIX кылымда түзгөн кишини Муса, Будда, Иса же Мухаммад пайгамбар менен бир катардагы “ишенимдин элчиси” деп билишет.

"Бахаилер бул мамлекетте расмий таанылбагандыктан эң эле көп кысмакка алынган дин десе болот. Түрмөдөгү бахаилердин саны да өстү. Мага жеткен маалыматка караганда, азыр кеминде 100 бахаи түрмөдө отурат жана аларды кандай гана жол менен кемсинтишпейт!", - деди А.Шахид.

Атайын баяндамачы өткөн айда билдиргендей, Иранда 2010-жылдын ортолорунан бери 300 христиан камалган. “Эң оболу бийликтер динин алмаштыргандарды, исламдан христиан динине өткөндөрдү кыйнашат”, - дейт баяндамачы.

“Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар эң оболу катардагы эле ирандыктардын укуктарын бузуп жаткандай, - деди ал. – Анткени алар күнүмдүк турмушка зарыл нерселерди табууда да бир топ кыйналып калышты”.

Өткөн аптада Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Иранга киргизилген жазаналар жайкын тургундардын жашоосуна “өтө олуттуу” таасир этип жатканын билдирген болчу.


Иран: өлүм жазасына буйрулган өспүрүмдөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG