Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Жапарова: Балдарды чогуу коргойлу


Мавлюда Жапарова
Мавлюда Жапарова

Соңку учурларда балдарга карата зомбулуктун көбөйүшү коомдун бул маселеге назарын бурууда. Бул теманын тегерегинде ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш боюнча координатору Мавлюда Жапарова "Азаттыкка" маек курду

“Азаттык”: Балдардын укугун коргоо жаатында ЮНИСЕФ учурда аткарып жаткан иш-чараларга токтолсоңуз?

Мавлюда Жапарова: ЮНИСЕФ – бул Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду. Ал балдардын укугун коргоо, аларга кам көрүү боюнча иш алып барган бүткүл дүйнөлүк лидер уюмдардын бири.

Мурда да, азыр да зордук-зомбулуктун жана абийирсиз мамиленин курмандыгы болгон балдарды реабилитациялоо жана аларга социалдык колдоо көрсөтүү максатында ЮНИСЕФ кыргыз өкмөтүнө коргоо системасын түзүүгө жардам берип келет.

Мисалы, 2011-жылы Бишкектин мэриясы менен биргеликте балдарга жардам берген алгачкы борбору ачылган. Ал жакта зомбулуктун курмандыгы болгон балдар социалдык, психологиялык, юридикалык жардам алышат.

Былтыр ошондой эле борборлор Каракол шаарында жана Ысык-Көл облусунун Түп айылында ачылган. Январдын этегинен тарта биз өкмөт менен биргеликте балдарга карата зомбулукка каршы маалымат өнөктүгүн жүргүзүп келатабыз. Февралдын соңунда телевидениеден көптөгөн социалдык тасмалар чыга баштайт. Зомбулуктун белгилери кандай болот, аларга кантип каршы туруу керек деп, 3-5 жаштагы балдарга түшүнүктүү боло тургандай маалымат берчү анимациялык тасма көрсөтөбүз.

“Азаттык”: Социалдык түйүндөрдө жарандык активисттер балдарды зомбулуктан коргоо максатында акцияларды өткөрүп жатканына күбөбүз. ЮНИСЕФ алар менен кызматташып жатабы?

Мавлюда Жапарова: Биз алар менен абдан жакшы кызматташуудабыз. Алар биз жүргүзүп жаткан иштерден кабардар. Биз баштап беребиз, андан кийин алар алып кеткенге аракет көрүп жатышат.

АКШнын Чикаго шаарында кыргыздардын диаспорасы бар экен. Алар да акча топтоп, жарандык активисттер кандай гана демилгелерди көтөрбөсүн, аны колдоп берүүгө даярдыгын билдиришти.

“Азаттык”: Жарандык активисттер, кайдыгер эместер Фейсбукта акция башташты. Мисалы, кимдир бирөө балдар тууралуу ыр айтып, аны тасмага тартып, досторун бул демилгени улантып берүүгө чакырат жана кайсы бир суммада акчаны муктаж балдарга которот. Бул акцияга сиз да тартылдыңыз окшойт?

Мавлюда Жапарова: Ошондой акция жүрүп жатат. Сүрөт чыгарып, ыр окуп жатышат. Менин кесиптештерим мени да ошол акцияга тартышты. Жолдошум экөөбүз катышабыз. Мен орус тилинде, ал кыргыз тилинде ыр окуйбуз. Башкаларды да үгүттөйбүз. Зомбулукка каршы колдон келген аракетибизди көрөбүз.

“Азаттык”: Бизде адатта кырсыктан кийин ушуну алдын алыш керек болчу деп, “жоо кеткенден кийин кылычыбызды ташка чаап” жатып калабыз. Балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу жаатында башка өлкөлөрдө кандай иш-чаралар жүргүзүлөт болду экен? Маалыматыңыз барбы?

Мавлюда Жапарова: ЮНИСЕФтин өкүлү Юки Моку Жапониядан келген. Анын айтымында, Жапонияда да балдарга карата зомбулук фактылары катталып турат экен. Бирок аны алдын алуу иш-чаралары жакшы жүргүзүлөт. Туугандар, кошуналар бала катуу ыйлаганын угуп, же көрүп калса тиешелүү кызматтарга чалышат экен.

Кыргызстанда да жакында 111 деген номурлуу телефон иштеп калат. Биз бул багытта иш алып баруудабыз. Ал телефон иштеп калса, калктын калың катмарына жайылтуу иштерин жүргүзөбүз. Кимде ким баланын сабалып, ыйлаганына күбө болсо, көгала болгонун көрүп калса, телефон чалып, кабар бере алат.

XS
SM
MD
LG