Буга балдардын чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берген мамлекеттик мекемелердеги бюрократия себеп болууда. Океандын ары жагын көрүп келүүнү кыялданган балдар күнү-түнү көзүн жалдыратып, барып калабызбы деген үмүт менен күтүп жатышканын “Азаттыкка” айтып беришти.
Бул мотурайган чыт курсак балдар кышкы эс алууну океандын ары жагында, Америкада өткөрүп келүүгө кыйла убактан бери даярдык көрүүдө. Бишкектеги балдардын реабилитациялык борбордун 6 жаштан 14 жашка чейинки 12 тарибялануучусу атайын долбоордун алкагында АКШга камынууда. Алар Американын кандай экенин, кайда экенин деле билишпейт. Кээ бирлери тасмалардан деле көрүшпөгөнүн, такыр элестете албай жатканын айтышса, айрымдары аны өтө кубаттуу өлкө катары билерин айтып отурушту. Мисалы, Диана бул жаңылыкты уккандан бери кубанып жатканын жашырган жок.
- Мен аябай сүйүндүм. Бирок биз Америкага апабыз жок, өзүбүз бара турганыбызды укканда кыйын болду. Башында апам жибергиси бергиси келген жок. Кийин мындай шарт болбой калышы мүмкүн деп уруксат берди. Аябай кубанып жатам. Бирок Американы такыр элестете албайм. Аларда такыр башкача да. Мисалы, бизде кечки саат 10 болсо аларда эртең менен болуп атат.
Ал эми Нурдин Америкада өзүн жакшы алып жүрөрүн, аларды көргөн америкалыктар кийин башка досторун да чакырышы керектигин айтууда.
- Азыр 12 бала барат. Эгер биз ал жакта өзүбүздү жакшы алып жүрсөк, аларга жаксак, кийинки жолу да балдарды чакырышат да. Ал эми бул жерден бизди тентектик кылбай жакшы жүргөнүбүз үчүн тандап алгандарын айтышты. Башкалар менен урушкан, мушташкан жокпуз. Америка абдан чоң, күчтүү өлкө. Ал жакта абдан көп Штаттар бар. Кээ бир Штаттарында суук, кыш болсо, айрымдарында жылуу, жай экен. Мен кичине кезимде селкинчекте ойногондон коркчумун. Самолетто да ошондой болсо керек.
Аталган борбордо социалдык камкордукка муктаж балдар тарбияланат. Башкача айтканда, андагылар атасы же апасы жоктор, эне-атасы ичимдикке берилип кеткен балдар. Борбордун балдары окуганына, жүрүм-турумуна карап тандалып алынган.
"Америкага барарын уккандан бери алардын көбү жакшы окуп, аракет кыла баштады" дейт мекеме жетекчиси Алексей Петрушевский.
Балдар Америкага барар алдында атайын даярданып, психолог жана дарыгерлер да текшериптир. Бирок убакыт чукул калганы менен, балдардын эс алууну Америкада өткөрөбүз деген кыялдары ишке ашпай калганы турат. Буга мамлекеттик мекемелердеги бюрократия себеп болууда. Улуттук коопсуздук комитети баш болгон бардык тараптардан тиешелүү документтер алынганын айткан Петрушевский Тышкы иштер министрлигинин консулдугу уруксат бербей жатканын билдирди:
- Биз Тышкы иштер министрлигинин кызматкери менен сүйлөштүк. Алар Билим берүү министрлигинен кагаз алып келгиле дейт. Ал жакка барсак "биз силерге эмнеге документ бермек элек бизге карабасаңар" дешет. Бизде бардык тараптын уруксаты, буйругу бар. Балдар кодекси бар, мен ошого негиздеп айтып атам. Болгондо да балдарды тааныган эки тарбиячы жана ар бир райондо балдар маселесин караган органдын өкүлү, бөлүм башчысы коштоп барат. Балдарды даярдап, психологго да алып бардык. Балдардын ден соолугу туурасында англис тилинде да маалымат, документ жасаттык. Төрт күндөн бери бизди ал жакка, бул жакка түртүп жатышат. Биз азыр кимге эмнени алып барышты билбей айланып эле жүрөбүз.
Петрушевский балдардын бир борбордо камалбай башка дүйнөнү, башка маданиятты көрүп келгени алардын аң-сезимине жакшы таасир этмек деп эсептейт.
- Эмнеге балдарды жөнөткөнгө болбойт. Азырынча ал социалдык жетим балдар, булар конокко баратышат. Алар биротоло асырандыга кетип атышкан жок. Эмнеге балдар өнүгүп-өспөш керек? Бул да баланын аң-сезимине, өсүшүнө таасирин тийгизет. Ал бала башка маданиятты, башка балдарды көрөт, сүйлөшөт. Бул да балдарды коомго, жашоого даярдоочу, аралыштыруучу атайын программа. Аларды ширетүүчү, ашпозчу эле болот деп чектей беребизби? Эмнеге алар министрликтерде иштебеши керек?
Бишкектин Ленин районунун социалдык маселелер, балдар иштери боюнча адистери, Бишкек мэриясынын ушул багытта иштеген өкүлдөрү, Тышкы иштер министрлиги балдарды Америкага жөнөтүү боюнча кабарлары бар экенин айтышканы менен, комментарий берүүдөн баш тартышты.
- Маселе менен таанышпыз, бирок биз акыркы чекитти койчу орган эмеспиз. Алар барыш керек же барбаш керек деп биз айта албайбыз, - дейт Бишкектин социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев.
Бишкектеги реабилитациялык борбордо 70ке чукул бала бар, аларды 25 тарбиячы карайт. 2012-жылы борбордо тарбияланып жаткан балдар зомбулуктун түрлөрүнө кириптер болуп жатканы айтылып, атайын комиссия иликтөөгө алган. Муну жетекчилик каралоо деп атаган эле.