Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

"Сүйүнүп да, сарсанаа да болуп жатабыз"


Айгерим Тургунбаева балдарды Казанга узатып жатат.
Айгерим Тургунбаева балдарды Казанга узатып жатат.

Ак-Суу районундагы асыранды балдар үйүнүн беш бүтүрүүчүсү Казан федералдык университетине өтүп, кубанып турган чактары.

"Биз жакшы келдик, Бейшен деген байке тосуп алып, маршруткага салды. Азыр Набережные Челны деген жерде жатаканадабыз. Бүгүн кечке документтерибизди, анализ тапшырып жүрдүк", – дейт алардын бири Саида Керимжанова.

Саида Казан шаарына 25-августта учуп келген. Ак-Суу районундагы балдар үйүндө 11 жыл тарбияланып, быйыл бүтүргөн кыз Казан Федералдык университетине өтүп кеткенине өзү да ишене албай турган учуру.

Саида апасынан беш жашында айрылган. Келечекте билим алып, жетим балдарга жардам берсем деп кыялданат.
Саида апасынан беш жашында айрылган. Келечекте билим алып, жетим балдарга жардам берсем деп кыялданат.

- Толкунданып атабыз. Бир чети кубанып, бир чети коркуп турган чагыбыз. Окуубуз кандай болот, окуй алабызбы деп сарсанаа болуп атабыз. Мындай болорун күткөн эмеспиз. Өттүңөр дегенде аябай сүйүнүп, даярданып келип калдык.

Саида менен кошо Чынтемир Тилеков, Алтынай Махунова, Максат Сырдыбаев, Адинай Кубанычбекова да Казандан билим алууга келишти.

Татарстанга билим алганы барган балдардын үчөө жарым-жартылай, ал эми экөө тоголок жетим. Асыранды балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайга өткөрүү демилгесин журналист Айгерим Тургунбаева көтөрүп чыккан. Айгерим жети жылдан бери балдар үйлөрүнө барып, ар кандай акцияларды уюштуруп жүрөт.

- Мен Казан Федералдык Университетинин доценти Клара Хакимовна менен Бишкектен таанышып калдым. Ал беш жылдан бери кыргызстандык абитуриенттерди Татарстандын окуу жайларына кабыл алып келатышканын айтып берди. Мен дароо эле балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын алышабы деп кызыктым. "Балдар үйлөрүндө жакшы окуган балдар бар, аларды акысыз окуу жайларга кабыл алышса жакшы болмок"- деген оюм менен бөлүштүм. Клара Хакимовна да сунушту жактырып, ректорат менен сүйлөшүп көрөйүн деп айтты, -дейт Айгерим.

Айгерим "балдарын" Казанга узатып жатат.
Айгерим "балдарын" Казанга узатып жатат.

Ошондон тарта балдарды Казанга окууга жиберүү тууралуу ой Айгеримден кетпей, Клара Хакимова аркылуу Казандын университеттерине өтүүнүн жолдорун издей баштайт.

Алтынай, 1997-жылы Григорьевкада төрөлгөн. Жакында эле "Ысык-Көл сулуусу" сынагына катышты.
Алтынай, 1997-жылы Григорьевкада төрөлгөн. Жакында эле "Ысык-Көл сулуусу" сынагына катышты.

​Акыры эмгектин акыбети кайтып, Казан федералдык университети беш баланы акысыз окууга кабыл алууга макул болот. Окуу жайдын ректораты кыргызстандык балдарга жатакана берип, медициналык камсыздоого аларын билдирет.

Ошондон кийин Айгерим окууга дилгир, аракетчил, балдарды издей баштайт. Андай балдар Ак-Суу районундагы балдар үйүнөн табылды.

- Эжеге чалсам эле, үч алтындай кызым бар, бир балам жакшы окуган деп айтты. Биз 30-майда барганда балдар менен тааныштым, чындыгында алдыга койгон максаттары бар, тың балдар экен. Бири журналист, бири дарыгер болом деген кыялдары бар экен. Балдар болсо техникага жакын экенин айтышты.

Айгерим 17 жашта. Журналист болсом деп кыялданат.
Айгерим 17 жашта. Журналист болсом деп кыялданат.

Балдар кирүү экзамендеринен ийгиликтүү өтүштү. Эми алардын Казанга жетчү жол киреси менен баскан-турганына акча табыш керек эле.

- Фейсбукка жаздым, жеке ишкерлерге кайрылдым. Алгач эле Москвадагы “Боордоштор” деген коомдук уюм жооп берди. Балдарга арналган атайын эсеп ачылып, реквизиттер берилди. Ошол фондго, жетекчиси Жылдыз Осмоновага ыраазычылык билдирем, анткени чогулган акчанын негизги бөлүгүн алар топтоп беришти. Бишкектен Балдар үйлөрү менен иштешип жүргөн Нургүл Осмонова деген кыз ары-бери чуркап, салымын кошту.

Ошентип Саида, Чынтемир, Алтынай, Максат, Адинай Казан шаарындагы Казан федералдык университетинин Машина куруу факультетине өтүштү.

Айгерим болсо жетим балдар үйүнө чыккан беш студентке мындан ары да каржылык жардам бере ала турган уюмдарды издеп, каражат чогултууда.

Журтташттар бул жолу дагы кайдыгер болбой, илим-билимдин узак сапарына аттанган балдар үйүнүн мурдагы тарбиялануучуларына жардам берет деп ишенели.

Балдар экзамендерге даярданып жаткан учур.
Балдар экзамендерге даярданып жаткан учур.

XS
SM
MD
LG