Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Кыргызстанга АКШнын коргоо министри келди


АКШнын коргоо министри Леон Панетта "Манастагы" Транзиттик борбордо. 13-март, 2012.
АКШнын коргоо министри Леон Панетта "Манастагы" Транзиттик борбордо. 13-март, 2012.

АКШнын коргоо министри Леон Панетта кыргыз жетекчилиги менен Транзиттик борбор, регионалдык коопсуздукка байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 13-мартта Бишкекке келген АКШнын коргоо министри Леон Панетта менен сүйлөшүүлөр ушул эле күнү кечке жуук Кыргызстандын коргоо министрлигинин имаратында башталды. Ал жолугушууда Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев расмий Бишкектин АКШнын Транзиттик борборун 2014-жылдын июнь айына карай чыгаруу ниети олуттуу экенин билдирип, бул багытта Кошмо штаттардын позициясы ушул кезге чейин айкын эместигин белгиледи. Табалдиев ошол эле мезгилде Кыргызстан Кошмо штаттар менен терроризмге каршы күрөшүү, регионалдык коопсуздукту сактоо жана башка багыттардагы кызматташууларга даярдыгын айткан.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн акыркы мезгилдеги билдирүүлөрүнө караганда, Вашингтон “Манастагы” Транзиттик борбордун тагдырына байланыштуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү эми баштайт. Мына ушул билдирүүлөрдү тастыктап, 13-мартта Кыргызстанга АКШнын коргоо министри Леон Панетта келди. Ага чейин, 20-февралда Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысынын Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Сьюзен Эллиот баштаган делегация келип кеткен. Анда президент Алмазбек Атамбаевге АКШ президенти Барак Обаманын атайын каты тапшырылган. Эми мына жогорку деңгээлдеги кезектеги делегация келип олтурат.

Бирок Леон Панеттаны президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алышы азырынча белгисиз. Президентин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов Алмазбек Атамбаевдин Леон Панетта менен жолугушуусу белгиленбегенин "Азаттыкка" билдирди.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрагасы Токон Мамытов Леон Панетта Бишкекте Транзиттик борбордун тагдырына байланыштуу АКШнын мурунку делегациялары баштаган сүйлөшүүлөрдү улантат деп эсептейт. Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө кыргыз тараптын позициясы кандай болоорун Мамытов мындайча боолголоду:

- Биздин республиканын президенти мындан бир ай, эки ай мурун эки нерсени ачыктан-ачык белгилеп кеткен. Биринчиси, жарандык аба майданда кайсы мамлекеттин болбосун аскердик базасы болбошу керектигин. Экинчиси, кандай гана болбосун 2014-жылы бул база “Манас” аба майданынан кетиш керек деп айткан. Менимче, кыргыз тарап ушул принцип менен эле турат.

Ал эми коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов 2014-жылга чейин кырдаал өзгөрөт, ошого жараша базанын тагдыры чечилет деген пикирде. Ошондуктан Кыргызстан менен АКШнын ортосунда сүйлөшүү да, соодалашуу да болот дейт Ниязов:

- 2014-жылга чейин абал дагы өзгөрөт. Ошон үчүн менин оюмча, соода болот. Ар ким өзүнүн кызыкчылыгын коргогонго аракет кылат. Менин оюмча, 2014-жылга карай база чыгат деп айтыш эрте. Анткени кырдаал катуу өзгөрүп кетсе, авиабаза биздин коопсуздукка да таасир этет. Бир жагынан жакшы жагы бар. Экинчи жагынан жаман жактары да бар. Бирок авиабазанын турганы эки тараптын соодалашуусуна алып келет. Соодалашпай койбойт.

Леон Панетта менен Кыргызстандын расмий жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүндө Транзиттик борбор негизги тема болоорун Ниязов кошумчалады. Анын пикиринде, бул базанын чыгарылышына Россия жана Кытай кызыкдар. Бирок Кыргызстан бул маселеде улуттук кызыкчылыгына жараша чечим кабыл алыш керек.

Россия демекчи, азыркы мезгилде Бишкек менен Москванын мамилеси түшүнүксүз абалда турат. Бир жагынан эки тарап стратегиялык өнөктөштүгүн кайта-кайта айтса, экинчи жактан биргелешип ишке ашыруу белгиленген долбоорлор аткарылбай турат. Москва Кыргызстанга финансылык жардам берүүсүн токтотту. Ал эмес, мигранттарга түзүлгөн ыңгайлуу шарттар да өзгөрүү алдында тургандай. Маселен, жеңилдетилген шартта Россиянын жарандыгын алуу токтотулганы жатканы кабарланууда. Кыргыз жарандарын ID карталар менен Россиянын аймагына киргизүү токтотулары да айтылууда.

Келерки айдан баштап Россия күйүүчү майга бааны көтөрүп, Кыргызстан үчүн бир топ кыйын жагдай түзүлөрү күтүлүүдө.

Мына ушундай шартта Кошмо Штаттар менен Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөр күчөй баштады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG