Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Дилором: Баягыдай эл кыдырып ырдасак...


Дилором Саипова (ортодо) кесиптештери менен. Сүрөт Саипованын үй-бүлөлүк архивинен.
Дилором Саипова (ортодо) кесиптештери менен. Сүрөт Саипованын үй-бүлөлүк архивинен.

Совет доорунда өзбек улуттук эстрадасында таанылган ырчы Дилором Саипова Ошто чыгармачылыгын улантууда.

Өткөн кылымдын 1980-жылдары ​Дилором Саипованын атагы таш жарып, телевидение жана радиодо ырлары такай жаңырып турчу. Совет доору ыдырагандан кийин, айрыкча 2000-жылдары экрандан көрүнбөй калган. Бирок Дилором чыгармачылыгын таштабаптыр. Ага өзү менен жолукканда күбө болдук.

- Былтыр 60 жашка толдум. Мектепте окуп жүргөн кезде ырдай баштагам. 1973-жылы сахнага чыгып, профессионал ырчылыкка кадам таштадым. Өзбекстандын Ташкент облусунда төрөлгөм. 1979-жылы Ошко келин болуп келип, чыгармачылыгым ушул жактан уланды. Элүүдөн ашуун ырым бар. 2004-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамын алдым. Кудайга шүгүр!

Дилором Саипованын “Тоодогу жоогазын” деген ыры Кыргызстандын тоолорун, жаратылышын өзбек тилинде даңазалайт.

Ырчынын чыгармачылыгына назар салсаңыз, негизинен табиятка суктануу, жашоо, мекенди сүйүү жана тынчтык темасы басымдуулук кыларын байкайсыз.

- Мен аткарган ырлардын баарын жолдошум Мамуржан Шакиров жазып берет. Ал киши универсал. Музыкалык аспаптарда ойнойт, обон чыгарат, аранжировкалайт. Бул жагынан мен жолдуумун. Экөөбүз азыр Бабур атындагы өзбек драма театрында чогуу иштейбиз.

Даниярбек жана Надырбек аттуу эки уулум бар. Үй-бүлөбүз менен бир кездери DDD деген студия ачканбыз. Жолдошум жана балдарым көп ырчылардын клибин ошол студияда тартып берди. Иш жакшы жүрүшүп жаткан. 2010-жылы июнь окуясынан кийин жаап койдук. Кайра ачууга аракет да кылбадык. Ошол калабаны жана анын таасири менен жашаган учурду эстегим келбейт. Жакшы күндөрдү сүйлөгөнгө эмне жетсин?

"Устанын догосу жок" деген макал бар эмеспи. Анын сыңары үй-бүлөм клип тартуу менен алектенсе да, өзүм клиби жок эле ырдап келем.

Саипова ырларын телерадиоканалдарга деле алып барбайт экен. Чыгармачыл кечелерде жана той-топурда күйөрмандары үчүн гана обон созуп келет.

Дилором Саипова Ташкенттеги телеканалдардын бирине маек куруп жаткан учуру. Февраль, 2018-жыл.
Дилором Саипова Ташкенттеги телеканалдардын бирине маек куруп жаткан учуру. Февраль, 2018-жыл.

- Ырларым чогулуп калды. Балким бир-бирден эфирге берем. Өткөн айда Ташкентке чакырышты. Бир телеканалга барып, маек бердим. Март айына дагы чакыруу алгам. Андан тышкары, Оштогу жергиликтүү телеканалдардан да чакыруу түшүп жатат. Жакында эле “Ынтымакка" бардым.

Той-топур үчүн өзүмдүн эрежелерим бар. Нике той, сүннөт тойдо ырдабайм. Тар чөйрөдө, негизинен аялдар топтолгон жерде ырдайм. Жолдошум чыгармачыл адам болгону менен, динди катуу карманат. Ошондуктан, спектаклдерде бирөөнүн жубайынын ролун ойнобойм. Жалгыз бой аялдын образына жакын ролдорду аткарам.

Дилором Саипова бир кезде Оштогу ансамбл менен Бишкекке, Ысык-Көл, Чүй облустарына концерт коюп барган күндөрүн сагынат. Аларды эскергенде көздөрү күлмүңдөп, канат байлай түшөт экен:

- Мурда фестивалдарга катышуу үчүн Бишкекке барчубуз. Ошонун шылтоосу менен үч-төрт күнгө калып, борбордун тегерегиндеги райондорго, башка облустарга концерт койгон күндөр болгон. Эл бизди аябай жакшы кабыл алчу. Азыр деле ошондой концерттерге катышкым келет. Нарынга, Таласка барып, маданиятыбызды көрсөтүп келсек кандай сонун болмок! Маданий жолугушуулар бат-бат болуп турса, улут аралык достук да бекемделет. Негизи, өнөр адамдары тынчтыктын символу болушат. Биз элге майрам, ачык маанай сунабыз. Элдин ортосундагы достуктун көпүрөсүбүз.

Баянды бул жерден угуңуз:

Бишкекте ырдагысы келген Дилором
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG