Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Ташкенде чек ара боюнча сүйлөшүү башталды


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүгө Кыргызстандан вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган топ катышууда.

Өзбек маалымат агенттиктеринин жазышынча, Ташкендеги сүйлөшүүдө өзбек тарапты биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимов жетектеп жатат. Ушул ай башында кыргы өкмөтүнүн түзүмүндө өзгөртүү болуп, коопсуздук жана чек ара маселелерин тескеген жаңы вице-премьер-министрлик орун киргизилип, ага Шамиль Атаханов дайындалган болчу.

Камоодо калган анклавдар

Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Ташкенге жөнөр алдында “Азаттыкка” кыргыз тарап жолугушууда Анжиян - Кемпир-Абад суу сактагычы, Барак эксклавына жол ачуу жана Чарбак маселелерин талкууга алып чыгууну көздөп жатканын айткан:

- Күн тартибин Өзбекстан сунуштайт. Биз да күн тартибине өзүбүздүн сунуштарды, өзгөртүүлөрүбүздү беребиз. Жолугушууда Барактын маселеси жана Сохтун айланасындагы чек ара тилкесин тосуу боюнча сөз козгойбуз.

Барак эксклавынын тургундары. Кара-Суу району, 19-март, 2013.
Барак эксклавынын тургундары. Кара-Суу району, 19-март, 2013.
Ал эми Өзбекстандын 12news.uz маалымат агенттиги 22-мартта Өзбекстандын чек ара кызматына шилтеп тараткан кабарына караганда, Кыргызстан Баткен облусундагы Өзбекстан менен чектешкен Кайтпас - Риштан чек ара бекетин ача турган болсо, Өзбекстан да Барак экславына өтчү Ак-Таш - Бирлешкен чек ара постун ачууга даяр. Бирок бир канча ирет келтирилген өтүнүчкө карабай, Кыргызстан Кайтпас - Риштан бекети өкмөттүк макулдашууда жок деген жүйөө менен аны ачууга макул болбой келе жаткандыгы белгиленген.

Анткен менен Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов 12news.uz агенттигине чыккан кабарды Өзбекстандын чек ара кызматынын маалыматы эмес деп эсептейт:

- Өзбекстандын чек ара кызматынын деле бул тарап кеткен маалыматка тиешеси жок экен. Бул кандайдыр бир деңгээлде Өзбекстандын чек ара кызматына да, Кыргызстандын чек ара кызматына да басым деп эсептеп жатам. Себеби азыр сүйлөшүүлөр жакшы нукта жүрүп, жыйынтыктар болуп, келишимдер макулдашылып жатат.

Ушул жылдын 5-6-январында чыккан Баткендеги Чарбак-Сох жаңжалынан кийин Сох анклавына кирип чыккан жолдордун баары жабылган. Кийинчерек эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң, 60 миңдей калкы бар Өзбекстандын Сок анлавынынын тургундары Кадамжай - Вуадил өткөрмө бекети аркылуу өтүп башташкан. Бирок бул Өзбекстанга кирип чыккан сохтуктарга жолду 80 чакырым узартса, Кайтпас - Риштан болгону 30 гана чакырым.

Ак-таш чек ара бекети, 25-январь, 3013-жыл.
Ак-таш чек ара бекети, 25-январь, 3013-жыл.
Ошол эле кезде Өзбекстан эки айдан бери Ак-Таш - Бирлешкен чек ара бекетин жаап, Барак эксклавынын тургундары Кыргызстанга кирип чыгууда кыйналууда. Өзбекстан бул бекеттен оорукчандарды жана жардамга муктаждарды гана өткөрүүдө. Барактыктар 19-мартта Ош облустук администрациясынын алдына митингге чыгып, бийликке Ак-Таш бекети аркылуу өтүүнү камсыздап берүү талабын койгон. 2 миң чамалуу тургуну бар Барак айлынын башчысы Бурканбек Ашыров:

- Ары-бери өткөн адамдарды Өзбекстандын чек арачылары өткөрбөйт. Себебин айтышпайт. Өзүбүздүн Ак-Таш бекети аркылуу да, Достук өткөрмө бекети аркылуу да өткөрбөй жатат. Кызыл-Кыя аркылуу өтүп келгиле дешти. Ал бизден абдан алыс.

Чек араны талкуулоодогу секирик

Эки өлкө ортосундагы өкмөттүк келишимде көрсөтүлгөн 15 чек ара бекети бар. Мындан тышкары, жергиликтүү деңгээлдеги сүйлөшүүнүн жыйынтыгында дагы ушунча бекет ачылган. Бирок алардын ичинен азыркы кезде Ош облусундагы “Достук” жана бир-эки чек ара бекети гана иштеп жатат.

Токон Мамытов жакында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Өзбекстан менен чектешкен бир катар жабык турган бекеттер ачылат деген ойдо.

- Мисалы, биз бир өткөрмө бекетин ачкыла десек, алар “макул, биз муну ачалы, бирок силер анда тигини ачкыла” , - деп башка райондогу бекетти сунуштап жатат. Ошондой кайчылаш пикир болгондуктан, бир жыйынтыкка келбей жатабыз. Бирок мен белгилеп койгум келет: азыр бир топ өткөрмө бекеттер жана алардын иштөө тартиби боюнча макулдашылып калды.

Ташкендеги жолугушууну жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү жана алдыга карай жылыш деп баалагандар бар. Чек ара маселелери боюнча эксперт Имамберди Жалиловдун пикиринде, Өзбекстан Сох-Чарбак чатагынан кийин чек ара маселесине олуттуу карай баштады.

- Айрыкча, Сохтогу окуядан кийин чек араны тактоо маселесинде кандайдыр бир секирик жасалып жатат десем аша чапкандык болбос.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы толук тактала элек.

XS
SM
MD
LG