Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

"Достук" кайрадан кулпуланды


Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде каттамды чектөө кайсы күнгө чейин уланары белгисиз бойдон калууда.

Өзбекстан тарап 18-июлдан бери өз жарандарын өткөрүп, Кыргызстанга кыргыз жарандарын гана чыгарууда. Кыргыз чек арачылары коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен сүйлөшүү аракеттерин көрүп жатканын кабарлоодо.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда иштеп жаткан жападан жалгыз өткөрмө бекеттин жабылып калышы аймактагы калктын нааразылыгын күчөтпөй койгон жок. Паспортун колуна кармаган адамдардын баары эле "Достук" бекетинде айласыз ары-бери басып жүрүшөт.

Абдуллажан Вахабов да бул жакка кызын коңшу өлкөгө жөнөткөнү келген. Өзбекстанга турмушка чыккан кызы 2-3 күнгө бул жакка келе калып, эми кайра чек арадан өтө албай жаткан экен:

- Кызым Кыргызстандын жараны. Өзбекстанга турмушка чыккан менен ал жактан эрди-катын катары каттоо күбөлүгүн алыша элек. Ошого бул жактан аныктама алып кетейин деп, 3 күнгө келген. Эми ушинтип кайра ары өтүп кете албай жүрөт. Ал жакта кичинекей баласы, кызы ыйлап жатат. Күйөөсү да ооруп калыптыр. Эмне кылышты билбей, башым катып калды. Биз эмес, элдин баарына кыйын болду.

Өзүн Гүлноза деп тааныштырган 50 жаштагы башка бир тургун Өзбекстандан бул жакка күйөөгө тийген. Учурда анда Кыргызстандын паспорту болгондуктан ал да чек ара тилкесинен өтө албай турат:

- Мен Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп келгем. Келгениме көп жыл болду. Азыр ата-энемен кабар алганы барып келейин деп жөнөп атсам бул жерден өткөрбөй коюшту. Мен паспортумду качан эле алмаштырып койгом да, ошого болбойт дешти. Эми кайра үйгө кайтам го.

"Достук" чек ара түйүнү буга чейин өткөрүүнү атайын чакыруу кагазы менен ишке ашырып келген. 2 күндөн бери бул жер да бир тараптуу гана иштөөгө өткөнү кыргыз чек арачылары үчүн таң калычтуу болууда.

"Достук" чек ара көзөмөл бөлүмүнүн зардалы Алмаз Тойчуев:

- Чек ара өткөрүү пункту 18-июль күнү эртең менен саат 9:00дөн баштап Өзбекстан тарабынан бир тараптуу жабылган. Бирок бизге мунун себептери жөнүндө расмий билдирүү келген жок. Эми качан ачылары да белгисиз. Азыр өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын жарандарына гана чектөөлөр коюлган. Башкача айтканда Кыргызстан кыргыз жарандарын, Өзбекстан өзбек жарандарын гана кабыл алат. Башка чет өлкөлүк, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары каалашынча өтүп кете берет.

Деген менен Өзбекстан өзүнүн жарандары менен үчүнчү өлкө жарандарын өткөрүүдө да көп алешемдиктерди кетирип жатканы кабарланууда.

Транзиттик каттам аркылуу Түркияга кетип жаткан Мехмед Бешир буларга токтолду:

- Бизде буга чейин мындай көйгөй болгон эмес. Бишкектен келгенибизге 3 күн болду, ушул 3 күндөн бери ары өтө албай турабыз. Кыргызстандын өтмөк бекетинен оңой эле өтсөк да Өзбекстан тарап өтө эле жай карап жатат. Компьютерде көйгөй бар деп, жай текшерип жатышат. Мурда бир саатта 4-5 "Камаз" өтсө, азыр бир күндө араң 2-3 машине өтүп жатат.

Өзбекстан "Достуктагы” мындай чектөөлөрдү 17-июлдагы Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуядан кийин киргизди. Эки өлкө чек арачыларынын атышуусунан кыргыз чек арачы набыт болуп, дагы бир адам жараат алган.

2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуялардан кийин Өзбекстан кыргыз тарап менен болгон 7 чек ара бекетин жаап салган болчу. Расмий Ташкент көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин былтыр 26-октябрда гана “Достукту” ачкан эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG