Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Өзбекстандык аялдар уурулук үчүн кармалды


Кармалган аялдар сурак берүүдө.
Кармалган аялдар сурак берүүдө.

Жалал-Абад шаарынан зер буюмдарын уурдоого шектүү катары өзбекстандык беш аял "Маданият" чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармалды.

Өзбекстандык беш аял 16-февралда кармалган. Азыр алар Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында сурак берүүдө.

Кашка-Дарыя облусунун Карши шаарынын тургуну, 42 жаштагы Диана Жалал-Абад шаарына кийим сатып алыш үчүн келгенин айтып, зер буюмдарга азгырылганын моюнга алды:

- Туугандарымдын бири «Кыргызстанда кийимдер арзан» дегенин угуп, чек ара аркылуу ушул жакка өткөнбүз. Чындыгында Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Эже-сиңдилер менен базар кыдырып, зер буюмдарын саткан дүкөнгө кирдик. Үч кутучадагы тагынчактарды «жөнөкөй болсо керек» деп жашырып алганым чын. Аны жанымдагы аялдар билген эмес. Сыртка чыгып карасам кутучада моюнга тага турган алтын чынжырчалар экен. Чек арага жакындап калганда жанымдагы эки аялдан аларды алып өтүп берүүнү суранганмын. Ошентип бизди чек арадан кармап калышты. Уурулукту мен өзүм гана кылгам.

Кармалгандардын дагы бири, 57 жаштагы Азиза (аты-жөнү өзгөртүлдү - ред.) - Кашка-Дарыянын Яккабаг районунун тургуну. Пенсия жашындагы педагог эмне себептен кармалганын түшүнбөй турат. Ал Кыргызстанга ден соолугуна байланыштуу келгенин айтты:

- Мен Кыргызстанга бул максатта келген эмесмин. Үч балам, беш неберем бар. Акча, зер буюмдар - баары бар, менде. Туугандарымдын сунушу боюнча Жалал-Абадга ден соолугума байланыштуу аба алмаштырып, жер көрүү максатында келгенбиз. «Уурулук кылды» деген Диана аттуу аялды тааныбайм. Болгону ал менин туугандарымдын тааныштары экен. Дианадан: «Эмнеге мындай ишке бардың?» деп сурасак: «Уурулукту мен кылдым, силердин күнөөңөр жок» деп жатат. Өзбекстанда балдарым менин бул жакта камалганымдан кабары жок, алар укса мен эмне болом? Конок катары келип, уурулук менен кармалып жатам

30-56 жаштардагы беш аял 16-февралда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Маданият» чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармалган. Алар «Жалал-Абад шаарындагы борбордук дүкөндөн алтын уурдаган» деп шек саналып, издөөгө алынганы аныкталган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, уурулук боюнча шектүү катары кармалгандардын баары Өзбекстандын жарандары. Милиция менен чек ара кызматкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасында шектүүлөр чек арадан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылып жаткан кезде колго түшкөн. Алардын жанынан дүкөндөн уурдалганы кеп болгон зер буюмдар табылган.

Жалал-Абад шаардык милициясынын криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Өмүрзаков буларга токтолду:

- Шаардык ички иштер бөлүмүнө сатуучу жана калаа тургуну Шерзад Камбаров арыз менен кайрылган. Алардын дүкөнүнөн өзбек улутундагы беш аял 350 миң сомдук зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Дүкөндүн байкоочу камераларына уурулукка шектүү аялдар тартылып калган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү аялдар чек арадан өтүп бараткан учурда кармалып, Жалал-Абад шаардык убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

​Былтыр Жалал-Абад шаарынан 30дай кайырчы кармалып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Облустук милициянын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов буларды айтты:

Мыктыбек Турдукулов.
Мыктыбек Турдукулов.

- Чек ара ачылгандан бери Кыргызстандын аймагына келип, өзбек жарандары кылмыш кылган фактылар кездешет. Батирде уурулук кылып, чектеш аймактарда мал уурдаган өзбек жарандары бир топ. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарындагы батирлерде уурулук кылып, Өзбекстанга качып кирип, Кыргызстанга кайра келген учурда кармалган фактылар да бар.

Расмий маалыматтарга караганда 2018-жылы Кыргызстандын чек арасы аркылуу Өзбекстандан 2,6 миллиондон ашык адам кирген. Ал эми Өзбекстанга 1 миллиондон ашык кыргызстандыктар кирип чыгышкан. 2018-жылы өлкө чегинен мыйзам талаптарын бузган 368 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.

Мыйзамсыз миграцияга байланыштуу 112 факты катталган. Чет өлкөлүк жарандарга карата 21 кылмыш иши козголсо, 69уна иш козгоодон баш тартылган. Бүгүнкү күндө 1800дөй кыргыз жараны чет мамлекеттерде абакта отурат. Ушу тапта 1400гө жакын кыргызстандык Орусиянын, калгандары Казакстандын (212), Өзбекстандын (19), Тажикстандын (34) жана башка чет мамлекеттердин түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Чет жакта абакта отургандардын 35% баңгизат менен кармалган, 30% зордук-зомбулук үчүн соттолгон.

Ошол эле маалда коңшу өлкөнүн жарандары көпчүлүк учурда тууган-тааныштарына каттап, той-аштарга келип кетип жатканы, өзбекстандык соодагерлер базарларда, дыйкандар айыл-чарба тармагында, усталар эмерек жасаган ишканаларда, курулуш бизнесинде активдүү иштеп жатканы маалым.

P.S. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен сөз болуп жаткан аялдардын баары эки айга камакка алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG