Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

ШКУ саммити: таарынышкандар Ташкенде жолугат


ШКУ президенттеринин былтыркы саммити Орусиянын Уфа шаарында өткөн.
ШКУ президенттеринин былтыркы саммити Орусиянын Уфа шаарында өткөн.

Ташкенттиктерди бир айдан бери жүдөткөн даярдык иштери бүтүп, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине алгачкы коноктор келе баштады.

Бирок ушул убакытка чейин ШКУнун 15 жылдыгына тушташ өтүп жаткан саммитте 2025-жылга чейинки пландардан башка кандай маселелер талкууланары тууралуу ачык маалымат коомчулукка жарыялана элек. Ич ара кырды-бычак болуп турган Индия менен Пакистан ШКУга мүчө болору он жыл мурдагыдай эле сөз бойдон калууда.

Өзбек бийлиги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу борбор калаадагы коопсуздукту бир ай мурда эле күчөткөн. Өзбек баш калаасына чогултулган күч кызматкерлери акыркы эки жумадан бери ташкендиктердин үшүн алып бүткөнү буга чейин айтылган.

Өзбекстанга күн мурун келген кытай президенти Си Цзинпин иш сапарын өлкөнүн тарыхый Бухара шаарын кыдыруудан баштады. Аны өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев коштоп жүрдү. Кытай тышкы иштер министринин орун басары Ли:

- Өзбекстандагы саммитте эл аралык жана аймактык маанилүү маселелер боюнча ой бөлүшөбүз. Андан сырткары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында ар кайсы тармактар боюнча алакаларды жакшыртуу жолдору талкууланат.

ШКУнун 15 жылдыгына тушташ келген Ташкендеги саммитте уюмдун 2025-жылга чейинки пландары бекитилери кабарланууда.

Мындан он жыл мурункудай эле ШКУга байкоочу статусу менен катышып жүргөн, өз ара кырды-бычык алакадагы Индия менен Пакистан да уюмга толук кандуу мүчө болору айтылууда.

"Азаттыктын" Пакистан кызматынын маалыматына караганда, 2015-жылы ШКУнун Уфада өткөн жыйынында Пакистан уюмга толук кандуу мүчө болуу сунушун алган.

Уюмдун Ташкенде өтүүчү саммитине Пакистан делегациясын президент Мамнун Хусейн жетектеп келип, “Милдеттенмелердин меморандуму” деп аталган документке кол коёт деп күтүлүүдө. Бирок ушул күнгө чейин уюмга Индиянын мүчө болуп кирүүсү табышмак бойдон калууда. Анткени жарыша куралданып жаткан бул эки өлкөнүн бир уюмга мүчө болоруна ишенбеген пикирлер айтылып келген.

ШКУнун жыйындарына Монголия, Индия, Иран, Пакистан, Ооганстан, Беларус байкоочу катары катышып келет. Эми Шри-Ланка, Түркия, Непал, Камбоджа, Армения жана Азербайжан мамлекеттери сүйлөшүүгө өнөктөш катары саммитке катышмакчы.

Аксыдагы чек ара окуясынан кийин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Ташкенде өтө турган ШКУнун саммитине барар-барбасы арсар экени айтылган болчу. Бирок 22-июнда Атамбаевдин Өзбекстанга барары жарыяланды.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы чектеш мамлекеттер ортосунда чек аралардагы коопсуздукту, өз ара ишенимди камсыздоо максатында түзүлгөн. Учурда бул уюм мүчө мамлекеттердеги соода жана маданий алакаларга да таасирин тийгизүүдө.

ШКУга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG