Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Германиядан табылган кыргыз жоокери


Мамадали Ахунбаев.
Мамадали Ахунбаев.

1942-жылы согуш майданында дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну Мамадали Ахунбаевдин сөөгү 73 жылдан кийин Германиянын Саксония аймагындагы мүрзөдөн табылды. Анын туугандары Интернет аркылуу маалымат алып, былтыр совет жоокерлери жаткан мемориалдык комплекске барып келишти.

Оштун тургуну Бүажар Калматова таекесинин согушта дайынсыз кеткенин апасынан уккан. Маркум апасы дайыма уул-кыздарына бир тууган агасы бала-чакасын таштап согушка кетип, дайынсыз калганын айтып берчү. Согуштан кийинки жылдары анын дарегин такташтырганы менен таба алышкан эмес.

- Таекем Ахунбаев Мамадали 1942-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунун ошол учурдагы Ленин райондук аскер комиссариаты тарабынан согушка жөнөтүлгөн экен. Беш айдан кийин андан кат келбей, дайынсыз болуп кетиптир. Апам ыраматылык Ахунбаева Рабия дайыма бизге "таекеңер тууралуу бир жактарга жазсаңар, кайрылсаңар" деп турчу. Кезегинде биз аскер комиссариатынын борбордук архивине, Москвага чейин кат жазып, дайынын биле алган эмеспиз. Апам да агасынын дайынын билбей, ошол бойдон кайтыш болуп кеткен.

1942-жылдын январь айында Мамадали Ахунбаев 35 жашында Беларусту коргоого катышкан кыргыз жоокерлердин катарында болгон. Ошол эле жылдын күз мезгилинде 30 миң советтик жоокер душман колуна түшүп, айдалып кеткен. Германиянын аймагындагы концлагердеги туткундардын катарында Мамадали Ахунбаев да болгон.

- Менин тун кызым Интернеттен Германиядагы советтик жоокерлер көмүлгөн жерди таап алыптыр. Анан биз 2016-жылдан тартып таекем тууралуу маалыматтарды ошол жерден издей баштадык. Ошентип Германиянын Саксония штатында жайгашкан Цайтхайн мемориалдык комплексинен таекемдин аты-жөнүн таап алдык. Ошол жылы Австриянын борбору Венага кызым иш сапары менен бармак болгондуктан "экөөбүз биротоло ошол мазарга барып келели" деп жолго чыктык. 10 күн Венада турган соң биз издөөгө кириштик. Прага шаары аркылуу Германиянын Дрезден шаарына бардык. Ал жактан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Цайтхайн комплексине барыш керек эле. Ал жерден чыгып Ризага барганда бизди мемориалдык комплекстин кызматкери Ирина аттуу аял тосуп алды.

Саксония аймагындагы Цайтхайн мемориалдык комплексине туткунга түшүп каза болгон 30 миңдей советтик жоокерлердин сөөгү коюлган. Алар Германиядагы темир жолдун курулушуна тартылып, ачарчылыктан каза болгону тууралуу маалыматтар айтылат. Тун кызы менен барган Бүажар Калматова бир тууганынын көрүстөнүнө мекенинин топурагын калтырып келген.

- Таекем туткунга түшкөндөн кийин 1943-жылдын июнь айында каза болгон экен. Аларды кыштын күндөрү темир жол курулушунда иштетишкен. Концлагерь курулганча туткундагыларды темир зымдардын ичинде кармап, суукта алар ачык асман алдында жатышкан. Таекем ошол кыйынчылыктан улам эле бир жылдан кийин көз жумуптур. Булардын баарын биз мемориалдын кызматкери 1942-жылы тартылып алынган 30 мүнөттүк видеону көрсөткөндө билдик. Ал видеодон кийин мен таекемдин кыйынчылыктан каза болгонун эстеп, аябай ыйладым. Бирок фашисттик Германия туткундардын ар биринин тек-жайын үй-бүлөсүнө чейин тактап, өзүнчө иш кылып уюштурган экен. Алар каза болгон соң сөөгүнө да сый мамиле кылып, атайын мемориалдык комплекске беришиптир. Тагамдын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматты жана өзүнүн сүрөтүн мен ошол жактан биринчи жолу көрдүм. Балким алар тактап көмбөгөндө ошол бойдон дайынсыз жоголмок.

Бүажар Калматова комплекстин кызматкери менен.
Бүажар Калматова комплекстин кызматкери менен.

Мамадали Ахунбаев 1905-жылы мурунку Ленин, азыркы Ноокен районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Эки уул, бир кыздын атасы болчу. Ал жаткан Германиядагы мүрзөдөн топурак алынып келип, ата-энеси жаткан айылдагы мүрзөгө себилген.

Көзү өткөн апасынын суранычын 73 жылдан кийин орундаткан Бүажар Калматова дайынсыз жоголгон башка жердештерин Цайтхайн комплексинен табууга да көмөктөшүүдө.

- Ал жерде дайынсыз жоголгон бир топ кыргыз жоокерлеринин аты-жөнү жазылып турат. Аларды такташтырган эч ким жок. Туугандары болсо бул жакка бизге окшоп келе алышпайт. Жыл сайын 21-апрелде жерде согушта каза болгон жоокерлерди эскерүү күнү өтөт экен. Ошого биз дайыма чакыруу алып турабыз.

1941-1945-жылдардагы согуш учурунда 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон. Анын 1 395и аялдар болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG