Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Апта: Үч депутат - сотко, донордон - доллар...


Абактан чыккан үч депутат: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов шайлоочулар менен жолугушууда. Ош шаары, 23-июнь, 2013.
Абактан чыккан үч депутат: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов шайлоочулар менен жолугушууда. Ош шаары, 23-июнь, 2013.

“Ата-Журттун” үч депутатына байланышкан сот иши эми Жогорку Сотто улана турган болду.

Келерки жумада, 16-июлда “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго байланышкан сот иши кайра уланат.

Сотторго кысым болуп жатабы?

Соттук жараян Башкы прокуратуранын Жогорку Сотко жолдогон көзөмөл иретинде кароо сунушунун негизинде болот. Үч депутатты Бишкек шаардык соту 17-июндагы чечими менен актаган. Акталган депутаттар саясий ишмердигин жандуу улантып, Кыргызстан региондорунда калк менен жолугушууларды өткөрүп келишти.

Бул мезгилде Башкы прокуратура Бишкек шаардык соттун чечимин мыйзамсыз атап, Жогорку Сотко кайрылды. Анда тергөөнүн жүрүшүндө депутаттардын күнөөсү толук далилденди деп, аларды Кылмыш-жаза кодексинин 30, 295, 241-беренелери боюнча жазага тартуу суралган.

Депутаттар да Башкы прокуратуранын чабуулуна жооп кылып, 2012-жылы 3-октябрдагы окуя боюнча депутаттарга кылмыш ишин козгоодо, тергөө жүрүшүндө мыйзам бузуулар орун алганын атап, ага байланыштуу башкы прокурор Аида Салянованын, анын мурунку орун басары Нурлан Жээналиевдин жана тергөөчү Ж. Исмаиловдун үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылышты.

Депутаттардын адвокаттарынын айтымында, Жогорку Сот үч түрдүү чечим кабыл алышы мүмкүн. Алардын бири боюнча Жогорку Сот ишти кайра кароого жиберет, экинчиси боюнча Бишкек шаардык соттун чечимин күчүндө калтырат, үчүнчүсү боюнча өзү жаңы чечим чыгарат.

Айыпталуучулардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров сотторго кысым болуп жатат деп эсептейт:

- Акүйдөгүлөр азыр сотторду кысымга алып жатат. Жогорку Соттун жетекчиси Феруза Жамашова өзү да башында турат. Шаардык соттун судьяларын чакырып, арыз жазып кызматтан кеткиле деп кыйнап атышат. Анан шаардык соттун чечимин бузуп, кайра кароого жөнөтөсүңөр деген кысым болуп жатат Ак үйдөн.

Өз кезегинде бийликтегилер сотторго кысым болууда дегенди четке кагып, Бишкек шаардык сотко басым жасалбагандыктан, депутаттарды актаганын мисал келтирүүдө.

Соттук териштирүү оппозициялык депутаттарды эле эмес, алардын тарапкерлерин да күтүп турат. Маселен, Медер Үсөнов жана Шайырбек Ташиевдин Жалал-Абад облустук администрациясын басып алуу аракети боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, иш Жалал-Абад шаардык сотуна жолдонду.

Мына ушул катарлашкан соттук жараяндар бийлик менен оппозициянын “кыл чайнашкан” кармашы жаңыдан күч алыш мүмкүнчүлүгүнөн кабар берет.

Донорлор 2 млрд. доллар бөлмөй болду


Бишкекте шаршемби жана бейшемби күндөрү донорлордун конференциясы өттү. Анда кыргыз өкмөтү донорлордун көңүлүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясына буруп, аны аткарууга каражат бөлдүрүүгө аракеттенди. Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн улуттук долбоорлорго керектелчү акчанын суммасы боюнча сандары эки айры чыккандыктан, Кыргызстан канча каражат сурап жатканы да айкын болбой калды.

Маселен, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Улуттук өнүктүрүү стратегиясында каралган 76 улуттук долбоорго 10 млрд. 770 млн. доллар керек. Анын 5 млрд. 500 млн. долларынын булагы аныкталган. Демек, дагы 5 млрд 200 млн. доллар жетишпейт.

Ал эми экономика министри Темир Сариев ушул эле 76 долбоорлорду аткаруу үчүн 7 млрд. 400 млн. доллар керек деди. Сариевдин сөзү боюнча, анын ичинен 4 млрд. доллардын булагы аныкталган. Министрдин эсеби боюнча, 3.5 млрд. доллар жетишпейт.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров өкмөт жетекчилеринин сөзүндөгү бул айырмачылыкты кескин сынга алды:

- Кыргызстан кайсы долбоорго артыкчылык коёрун билбейт. Бул биринчиден. Экинчиден, реалдуу донорлордон акча суроону да жөндүү билбейт. Бул эки айырма санды донорлор уккандан кийин өкмөттө бирдиктүү программа жок экенин, болсо бирдиктүү экономикалык, финансылык эсептери жок экенин билип, күлүп коюшат. Буюрса ойлонобуз деп кетип калышат. Ошондуктан жыйынтыгы жакшы болоруна көзүм көп жетпейт.

Акылбек Жапаров ошондой эле өкмөттүн улуттук долбоорлорду каржылоонун 50 пайыздан ашуун булагы аныкталды дегени да шек жаратарын кошумчалады.

Донорлордун конференциясына катышкан “Жарандык коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова өкмөт башчы менен министрдин сөздөрүндөгү айырмачылыкка токтолуп, алардын ортосунда атаандашуу жүрүп жатат деген пикирин билдирди.

Исмаилова Кыргызстандын Улуттук өнүктүрүү стратегиясы Акаев жана Бакиев учурундагы стратегиялардай эле кабинеттерде калуу коркунучу бар деген пикирде:

- Бул деген мурункудай эле кабинеттик стратегия болуп калды. Үч стратегия кабыл алынды. Бирөө Акаевдики, бирөө Бакиевдики. Экөө тең дайынсыз. Эми эки ыңкылаптан кийин, июнь коогалаңынан кийин таза өкмөт болуп, ачык чечимдерди кабыл ала турган мезгил келди деп белгиледим. Эң чоң тоскоолдук - масштабдуу коррупция. Анткени коррупция азайбай эле күчөп баратат. Бюджет монополизацияланган. Ал уурдалып жатат.

Төлөкан Исмаилованын айтымында, мына ушундай абалга карабай донорлор Кыргызстанга жардам берүүгө даярдыгын билдирип жатышат. Анткени алар өлкө жардамга муктаж экенин түшүнүп турушат. Бирок донорлор коррупцияны азайтуу, мамлекет ишинде ачыктыкты көбөйтүү талаптарын коюшууда.

Донорлор жыйыны 11-июлда жыйынтыкталып, аткарылуусу беш жылга эсептелген Улуттук өнүктүрүү стратегиясына 2 млрд. доллар каражат бөлүү милдетин алышты. Маалыматка караганда, беш жылдын ичинде бул каражаттын 1 млрд. 700 миллиону берилүүгө тийиш.

Донорлор ошондой эле Кыргызстан алдында турган орчун проблемаларды да аташты. Маселен, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Сарож Кумар Жа Кыргызстан алдында турган он маселени атады. Ал мамлекеттик чыгашаны азайтуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, финансы системасын өркүндөтүү, энергетикалык кризиске жол бербөө, коррупцияга каршы күрөшүү сыяктуу маселелер.

Эл аралык валюта корунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия региону боюнча өкүлү Крис Бедис Кыргызстан тышкы жардам, алтын өндүрүшү жана эмгек мигранттарынын акча которууларынан көз карандылыгын жоюуга тийиштигин билдирди.

Донорлор кимдер деген суроого келе турган болсок, алар Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу дүйнөлүк финансылык уюмдар, Орусия, АКШ, Европа, Жапония жана башка өлкөлөрдүн ЮСАИД, JIKA сыяктуу өнүктүрүү уюмдары.

Алты айда экономика канча өстү?

Донорлор конференциясына удаалаш Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн быйылкы жылдын алты айындагы өнүгүүсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага караганда, алты айда экономика 7.9% өскөн. Бирок өткөн жылы бул мезгилде ИДП 6.9% төмөндөп кеткенин эске алганда, өсүш минималдуу экени байкалат.

Экономика тармактарынын ичинен курулуш 115%, соода 108%, негизги капиталга инвестиция 106%га өсүп, дурус динамика көрсөткөн.

Бирок Кыргызстандын тышкы соодасында абдан чоң тескери сальдо сакталып кала берүүдө. Быйылкы жылдын беш айында жалпы тышкы соода 2 млрд. 700 млн. доллар болсо, анын ичинен импорт 2 млрд. 167 млн, экспорт болгону 540 млн. доллар болгон. Натыйжада тескери сальдо төрт эседен ашып кеткен.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, алтындын арзандашына байланыштуу быйылкы жылдын ички дүң продукциясынын жалпы көлөмү 4 млрд. сомго кыскарат. Ошондуктан божомол боюнча ИДПнын көлөмү 354 млрд. сом болот деп белгиленип келген болсо, ал азыр 350 млрд. сом деп такталды.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, алтынга баанын арзандашы өлкө экономикасына олуттуу эле таасирин тийгизүүдө:

- Биздин экономикада, ИДПнын 10% алтын түзөт. Ошондуктан алтынга баанын төмөн түшүп кетүүсү экономикага сезилерлик эле таасир тийгизет.

Шамшиевдин маалыматы боюнча, төлөнө турган салыктын көлөмү да 1 млрд. 400 млн. сомго азайат.

Алтынга баанын арзандашы инвесторлорду да ойлонтууда. Бирок Кыргызстанга алтын казганы келген инвесторлордун негизги проблемасы азырынча баалар эмес, жергиликтүү калк менен мамиле болуп жатат, деп кошумчалады Шамшиев.

Алтынга баанын арзандашы “Кыргызалтынды” абдан оор жагдайга кириптер кылганы айтылууда. “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров:

- Абдан катуу таасир этип жатат. Биздин “Кыргызалтында” жабдуулар эски. Ошон үчүн өздүк баасы да аябай көп. Ошондуктан салыкты төлөгөндө жана өздүк баасын кошкондо финансалык көрсөткүчтөрүбүз терс болуп жатат.

Кылычбек Шакировдун маалыматы боюнча, Кумтөрдө алтын казып алуунун өздүк баасы 800-900 доллар болгондуктан, дүйнөлүк базарда бир унций алтындын баасы 1 миң 250 доллар болуп турганда алар рентабелдүүлүктү сактап калууда. Ал эми “Кыргызалтында” өздүк баа, салыктарды кошкондо 1300 долларга барып калууда.

Келерки жылы эмне күтөт?

Ички дүң продукциянын алтындын арзандашына байланыштуу кыскаруусу 12-июлда өкмөттүн жыйынында да белгиленди. Бирок өкмөт жыйынында негизги көңүл жакынкы үч жылдагы өнүгүү божомолуна бурулду. Маалыматка караганда, келерки жылы ИДПнын жалпы көлөмү 400 млрд. сомдон ашып, быйылкы жылга
салыштырмалуу 6.9% өсөт деп белгиленүүдө. Өсүш Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү заводдун, «Талдыбулак Сол жээк», «Бозумчак», “Иштамберди” алтын кендеринин ишке кирүүсү менен камсыздалат.

Өкмөт саясатты да четке калтырып койгон жок. Белгилүү болгондой өкмөт жергиликтүү бийликтерге байланыштуу беш-алты мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөп, мыйзамдарды тез арада карап берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылган. Бирок парламент өкмөттүн өтүнүчүн четке каккан.

Буга муңайып калбаган өкмөт чабандестерин райондорго жөнөткөнү маалым болду. Алар ар бир районго барып, өкмөттүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү максатын, маанисин түшүндүрүп келүүгө тийиш. Ошондуктан акимдердин бийлигин күчөтүү, губернатор институтун кайра калыбына келтирүү жана башка маселелер боюнча парламент менен өкмөттүн ортосундагы “аркан тартыш” күзүндө кайра улана турган болуп калды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG