Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Чет өлкөлүктөр кыргыз милициясына нааразы


Кыргызстандын ЖОЖдорунда ондон ашык өлкөнүн жарандары билим алат. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Кыргызстандын ЖОЖдорунда ондон ашык өлкөнүн жарандары билим алат. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Бишкекте окуп, иштеп жаткан же конокко келген айрым чет өлкөлүк жарандар кыргыз милициясынын аларга кылган мамилесине нааразы.

Чет өлкөлүк жарандар соңку кездери милиция тарабынан себепсиз токтотуп алып паспортун текшерген, акча доолаган, тоноп алган учурлар көбөйгөнүнө даттанышууда. Ички иштер министрлиги бул сыяктуу окуялар боюнча арыз менен кайрылса тиешелүү чара көрүлөт деп ишендирди.

Филиппин жараны, 23 жаштагы Эйрон Бишкекке былтыр декабрь айында эки жумага конокко келген. Он күндүн ичинде эки жолу милиция кармаганын, документтерин негизсиз текшерип, алтүгүл ачык эле акча доолап, капчыгына чейин кол салышканын, акчасын көз көрүнөө алып коюшканын “Азаттыкка” муңайып айтып берди.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Филлипиндин дагы бир жараны Кристина болсо алты жылдан бери Кыргызстанда ыктыярчы болуп иштейт. Анын айтымында, жердеши Эйрон Кыргызстандын ак карлуу кышына сонуркап, атайы эс алганы келген, бирок милиция кызматкерлеринин орой мамилеси жүрөгүн ооруткан.

Милиция кызматкерлери кармап алганда филиппиндик бул жарандар өздөрүнүн таанышы, бишкектик Уланбек Джуманаевге телефон чалууга аргасыз болушкан.

Уланбек Джуманаев Чүй облустук милициясына барып, Азиз аттуу бөлүм башчынын чет өлкөлүк жарандарды кемсинтип, алтургай “маймылга” теңеп сүйлөп жатканын өзү угуп, жаздырып алганга да үлгүрүптүр.

Джуманаев милиция кызматкерлери мындай орой мамиледен арылбаса, аларга карата жетекчилер чукул чара көрүп, абалды оңдобосо, бүтүндөй өлкөнүн кадыр-баркына доо кетет деп эсептейт:

- Биздин айрым милиция кызматкерлер көчөгө чыгып, чет өлкөлүк жарандарды аңдып, аларды коркутуп акча алуунун кыныгын таап алышкан. Милиция кызматкерлери жедеп төмөн абалга түшүп кеткен. Мына, мен көп эле өлкөлөрдө болдум, Африканын ондон ашык мамлекеттеринде, Европада, Азияда көп жүрдүм, полиция эч бир себепсиз токтотпойт. Түз баратсаң, түз жүрсөң, сени эч ким токтотпойт. Бизде болсо милиция атайын көчөгө чыгып, коркутуп, акча алат. Бул деген эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүбүздү билдирет. Адамды коргогондун ордуна каракчылык кылган болбойт да. Буга чекит коюу керек.

Кыргызстандын тартип сакчылары
Кыргызстандын тартип сакчылары

"Азаттык" бул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылды. Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитов чет өлкөлүк жарандарды негизсиз токтотуп, паспортун текшерген, акчаларын алып койгон учурлар бар экенин жокко чыгарган жок. Ошондой эле бул сыяктуу окуяларга кабылган башка мамлекеттин жарандары милицияга кайрылса, тиешелүү чаралар көрүлөт деп ишендирди:

​- Милиция кимдин гана болбосун документтерин текшергенде, шектүү жагдайды аныктоо учурунда адамдарга сылык мамиле кылышы керек. Экинчиден, милиция тараптан кандайдыр бир терс мамиле жасалса, бизге сөзсүз кайрылуулары зарыл. Керек болсо азыр эле келип арыздарын калтырсын. Бизде милициянын тартибин текшере турган, үстүнөн карай турган атайын кызмат бар. Ал кызматтык иликтөө жүргүзүп, тиешелүү чара көрөт.

Адатта чет өлкөлүк жарандар милиция кызматкерлеринин орой мамилеси, мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча ачык даттанууну каалашпайт. Анткени андан майнап чыгарына ишенишпегенин, курулай убара болоорун жүйөө кылышат. Байкоочулар мунун айынан Кыргызстан меймандос өлкө деген туристтик кадыр-баркына шек келип жатканын белгилешет.

P.S.: Бул макала "Азаттык" радиосунун эфиринен 26-декабрда уктурулган.

XS
SM
MD
LG