Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Москвада Кыргызстанды тааныткан спортчулар


Москвада өткөн эрежесиз кармаштын дүйнөлүк таймашында, самбо жана кикбоксинг боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык жигиттер мөрөй алышты.

Алматыдан 14 алтын медаль

Алматыда өткөн All Stars эл аралык пауэрлифтинг фестивалында кыргызстандык 9 спортчу 14 алтын байге утуп, олжолуу кайтышты. Кыргызстандык жигиттер дүйнөлүк рекордго 9 ирет жаңы чек койду. Айрыкча Андрей Ким, Данил Драч, Алексей Голионко, Сергей Комышев жана Виктор Шеффер өнөрү менен таанылып, дүйнө рекордчулары аталды.

Москвада таанылган эрендер

Москвада эрежесиз эрендер кармашы боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. 27 өлкөнүн өкүлдөрү мөрөй талашып, кыргызстандык эки жигит күмүш жана коло байгелүү болду. Алардан 65 кг салмакта күч сынашкан Адилет Айтманбетов финалга чейин жетип, экинчи орунду ээледи. 90 кг салмакта өлкө намысын коргогон Үрүстөм Толтоев коло медалдын ээси болду. Бул дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан 5 жигит катышты.

Москвада кикбоксинг боюнча Дүйнө кубогунун таймашуулары да жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын коргогон “Маралбек” спорт клубунун өкүлдөрү Нурсултан Токтосунов (51 кг), Авазбек Аманбеков (54 кг) Шамил Тагиров (57 кг) финалга чейин жетип, күмүш медаль менен кайтышты.

Тилекти калыстар басынтып койду

Москва шаарында самбо күрөшү боюнча дүйнөнүн Супер кубок мелдеши жыйынтыкталды. Кыргызстандык самбо чеберлеринин ийгиликтери тууралуу өлкөнүн самбо федерациясынын вице-президенти Шейшенкул Бакиров “Азаттыкка” айтып берди.

- Самбо Супер кубогунда кыргызстандык Тилек Муса уулу күмүш байге утуп, финалга чейин жеткен. Ал орусиялык Элшан Агаевди, казакстандык Мерхан Нурмуханов менен Алмаз Сулейменовду жеңип, алтын байге үчүн финалда грузиялык Усанги Кузанашвилиге аз упай менен алдырып койгон. Аны калыстар басынтып, жеңишти грузиялык балбанга ыйгарып койгону өкүндүрөт. Кыргызстандык Алимбек Насипов бешинчи, Азия чемпиону Анара Эстебесова тогузунчу орундарды камсыз кылышты.

Тогуз коргоол мелдеши жыйынтыкталды

Бишкекте акыл оюну - Тогуз коргоол федерациясынын биринчи президенти Абдисалим Чылымовдун байгесине арналган мелдеш соңуна чыкты. Мелдештин башкы калысы Камчыбек Касымовдун айтымында, Чүй, Нарын, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан 120 оюнчу мөрөй талашты.

- Жыйынтыгында кыз-келиндер командасынан Ош облусунун тогуз коргоолчулары баш байгенин ээси болушту. Экинчи Ысык-Көл, үчүнчү Талас облусунун командалары болду. Жигиттерден да оштуктар айырмаланып, биринчи орунду камсыз кылышты. Экинчи Ысык-Көл, үчүнчү орунга Нарын облусунун командасы ээ болду. Жеке таймашта кыз-келиндерден таластык Лязат Райымбекова баш байгеге арзыды. Жигиттерден мыкты тогуз коргоолчу деп бишкектик Анарбек Жамакеев таанылды.

"Карвендин" үмүттөрү

Бишкекте үстөл тенниси боюнча балдар клубдарынын өлкө биринчилиги өттү. Буга Бишкек, Ош, Нарын, Токмок, Каракол шаарларынын жана Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунан 18 команда катышты.

Биринчи таймашууда Бишкектин "Карвен" клубу айырмаланды. Клуб мүчөлөрү Руслан Култаев, Марлен Алимкулов жана Жасур Худайбердыев келечегинен үмүткөр кылды.

28-мартта Астана шаарында эл аралык “Астана-2011” теннис турнири башталды. Мында Кыргызстандын намысын Бермет Дуванаева менен Жамиля Дүйшеева коргоп жатат.

Кыйын чыкты, Ксения

Эл аралык теннис федерациясынын (ITF) демилгеси менен Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп жаткан турнирде жеңишке ээ болгон Кыргызстандын спортчусу Ксения Палкина кезектеги айлампага жолдонмо алды.

Бул эл аралык мелдеште баш байге үчүн таймашып жаткан орусиялык Екатерина Бычкова, Татьяна Арифьева (Украина), Жустина Жегиолка (Польша), Далила Якупович (Словения), Ясмина Тинжич (Хорватия) да экинчи айлампага чыгышты.

Жуп мелдеште кыргызстандык Ксения Палкина жана италиялык Никол Клерицо, америкалык Александра Рилэй жана хорватиялык Ясмина Тинжич, орусиялык Екатерина Бычкова менен Марина Шамайко беттешүүлөрдү улантышат.

Жеңилүү ызасын тарткан футболчулар

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия футбол конфедерациясынын “Азия чакырыгы” турниринде мыктылар сабына кошулбай калды. Оюн Мальдив аралдарында өткөн биринчи беттешүүдө Тажикстанга уттуруп жиберген.

Ошондой эле кыргызстандык футболчулар оюн ээси Мальдив өлкөсүнүн командасы менен ойноп, алардан да жеңилүү ызасын тартышты. Ал эми акыркы оюнда Камбожа өлкөсүнүн командасын 4:3 эсебинде утуп алганы менен өз тобунда алдыга чыга алышкан жок.

Өлкөнүн футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, Азия футбол конфедерациясынын “Азия чакырыгы” турниринин финалында ойноо укугуна Тажикстан менен Мальдив аралынын футболчулары ээ болушту.

- Оюндун эсебин 5-мүнөттө кыргыз оюнчусу Азиз Сыдыков ачты. Камбожа командасы 39-мүнөттө Куч Сокумпеактин аракети менен эсепти теңдей алды. Биринчи таймдын акырына чейин кыргыз оюнчулары Рустем Усановдун аракети менен дагы бир топ киргизе алды. Мелдештин экинчи бөлүгүндө Куч Сокумпеак эсепти теңдесе, Чолпонбек Эсенкул уулу Кыргызстандын командасын алдыга сүрөй алды. Бирок Камбожа командасы оюндун аягында Сок Ритинин аракети менен эсепти теңдөөгө жетишти. Эскерте кетсек, Кыргызстан курама командасы Тажикстанга (0:1) жана Мальдив командасына (1:2) уттуруп жиберген. Камбожа командасын утканы менен кыргызстандыктар турнирде таймашууну улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жок.

“А” тобунда Палестина менен Филиппиндер, “С” тобунда Индия менен Түркмөнстандын футболчулары финалдык таймашууларга жолун ачты. Азия өлкөлөрүнүн 18 командасынан мыктылары иргелип, “Азия чакырыгы” мелдешинде финалга чыккан эки команда Азия кубогуна жолдомо алышат.
XS
SM
MD
LG