Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Кадыров: виза максатына жараша берилет


Кыргызстанга виза берүү боюнча эрежелерди жаңы жоболор менен толуктоо каралууда.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бакыт мырза, өзгөртүү визанын категорияларына киргизилет деген маалыматтар бар?

Кадыров: Дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы миграциялык абалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу, бизде да тышкы миграция мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Азыркы учурда биздин визаны берүү, тариздөө боюнча жаңы жоболору каралып жатат.

Ал жоболор боюнча эң негизги өзгөртүлгөн багыты боюнча, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга биринчи алган визасы анын кийинки өлкөдө жүрүү максатына дал келиши керек. Мурдагы эрежелер боюнча, бизден берилип жүргөн иш визасы узартылбайт.

Кыргызстан туристтерге шартты катаалдатты

Кыргызстан туристтерге шартты катаалдатты

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык убакыт жүрө турган чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек.

“Азаттык”: Мурда иш визасы менен келип алып, бул жерде окуп, иштеп, ишкерлик кылып жүргөн чет өлкөлүк жарандар көп экени тууралуу айтылып жүрчү. Жаңы жоболор муну тартипке сала алабы?

Кадыров: Иш визасы дегенибиз, Кыргызстанда иштөөгө уруксат бербейт. Ал виза өлкөгө келип, сүйлөшүү, макулдашууларды жүргүзүп, кайра кетүүгө гана уруксат берет. Бирок ошого карабай, андай визаны алып, айрым чет өлкөлүк жарандар биздин өлкөдө иштеп, окуп же жашап калган учурлар болгон. Эми андайга жол берилбейт. Ким кандай максатта келсе, виза ошого ылайыктуу гана берилет.

“Азаттык”: Каралып жаткан жоболорго ылайык, Кыргызстанга биринчи берилген виза мурдагыдай бир айга эмес, үч айга берилет деп айтылып жатат. Ушул жобо тууралуу кененирээк маалымат берсеңиз?

Кадыров: Мурдагы эрежелер боюнча чет мамлекеттен келген жарандарга бир айлык виза берилчү. Ал бир айда чет өлкөлүк жаран кайра визасын узартуу менен чуркап жүрүп, башка максаттарына жетишпей калчу. Мисалы, окуу үчүн келсе, окууга тапшыруу, иштөө үчүн келсе иш издөө, эмгекке уруксат алуу сыяктуу иштерге жетише албай калчу.

Азыркы жаңы жобо боюнча биринчи виза үч айлык мөөнөткө берилет. Бул виза чет өлкөлүк жаранга Кыргызстанга келип, шашпай орун-очок алып, окууга тапшырып, ишке орношуп же башка ишин бүтүрүп алып, андан ары визасын улантууга мүмкүнчүлүк берет.

“Азаттык”: Кыргызстанга кирүү үчүн визаны берүү мөөнөтү канча убакытка созулат?

Кадыров: Жаңы эрежелер боюнча төрт күн. Бардык тиешелүү документтерин тапшырган соң төрт күндүк мөөнөттө жооп берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG