Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Жоолук менен билимдин катышы канча?


Ысык-Көлдөгү 6-класстын окуучусун жоолук салынып келгени үчүн мектепке киргизбей жатышат.

Амина 11 жашынан тарта намазга жыгылып, башына жоолук салына баштаган экен. Быйыл биринчи жолу мектепке окуучулук форма – фартук менен башына жолук салынып барса, мугалимдер “жоолугуңду чеч” деп талап кылганын Амина айтып берди:

- Мен форма, фартук менен хижаб кийип бардым. Мугалимдер 1-сентябрда унчуккан эмес. 2-сентябрда “эмнеге жоолук салынып келесиң. Апаңды чакыр, сүйлөшөбүз” дешти. Кийинки күндөрү сабакка барсам бир сабак өтө электе эле “ата-энеңди мектепке чакырып кел” деп кетиришти. Андан кийинки күндөрү дагы бир сабак өтө электе “үйүңө кет, минтип отурганга болбойт, же болбосо жоолугуңду чечип отур” дешти. Мага чечкенге болбойт, анкени ислам динин тутуп атам, балагатка толдум, ошондуктан болбойт.

Аминанын атасы Канатбек Турдукожоев Орто-Өрүктүү айылынын имамы. Ал мугалимдердин “сабак учурунда жоолугуңду чеч” деп кызына койгон талабын орунсуз деп эсептейт:

- Жоолукту чечсин дешет, бирок бизге чечкенге болбойт. Анткени шариятта жазылган, кыз балагатка толгондо денесин жаап жүрүшү керек. Биз кудайдын буйругун гана аткарып атабыз.

Шабиров атындагы мектептин окуу бөлүм башчысы Гүлнара Кутнаеванын айтымында, Амина мектепке биринчилерден болуп жоолук салынып келди.

- 1-сентябрда Амина келгенде көзүмө өөн учурады. Эртеси күнү да Амина жолукчан келгенде биз анын ата-энесин мектепке чакырдык. Экөө тең келишти. “Бизде бирдиктүү форма болгондуктан уруксат алып келгиле” деп айттык. Алар эртеси уруксат берилбегенин айтып келишти. Анда биз да Аминага жоолукчан келүүгө болбоорун айттык. Ал кызга кысым жасаган жокпуз. Эгерде уруксат берилсе, анда башкалары да кийип келмек. Бул – мектеп, медресе эмес. Биз Аминага жоолукту сабак учурунда чечип, мектептен чыккандан кийин салынып алышын сунуш кылдык. Бирок ал жоолукту чечүүгө болбоорун айтты.

Аминанын атасы Канатбек Турдукожоев кызына кысым болуп жатканын айтып, райондук сотко арыз менен кайрылган. Орто мектептин директору Кийизбай Туганбаев мектеп уставында окуучу бирдиктүү форма менен келиши керек деген жобого таянууда.

- Бул кыз биринчи болуп жоолук салынып келгенде биз ал окуучу кызга айттык. Мындай тартип 35 жылдан бери болгон эмес. Ата-энесине да айттык, биз болгону окуучу кызыбыздан мектеп формасын кийип келишин сурандык. Облустук юстиция тарабынан мектептин уставы бекитилген, кыздар форма, фартук, ак бантик менен, эркек балдар шым, костюм, галстук тагынсын деп турат. Биз ушунун баарын ата-энесине да түшүндүрдүк. Райондук билим берүү бөлүмүнө барып, ушунун баарын көрсөттүм. Райондук прокуратурага чакыртты. Ал жерге да барып баарын көрсөттүм. Эми жума күнкүгө чакырышты, ошондо маселе чечилет.

Кыргызстандын Баш мыйзамында жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелбей тургандыгы жазылган. Ал эми Билим берүү тармагында орто мектепке милдеттүү түрдө мектеп формасын кийүү талабы бар. Ошентип кыздардын сабакка жоолук же хижаб кийип келишине тыюу салуу керекпи же жокпу деген суроого так кесе жооп айтылбай турат.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG