Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Ак-Суу: үлүшкө жетпеген элдин үнү


Жол-Колот айылынын тургундары, Ак-Суу
Жол-Колот айылынын тургундары, Ак-Суу

Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургундары митингге чыгып, жер маселесин чечип берүүнү талап кылышты.

Жол-Колоттуктар бийликтен бөлүп берүүнү сураган 108 гектар жер союз учурунда урук өндүргөн станцияга караган. Учурда ал “Мамыр” аттуу жеке акционердик коомго таандык. Нааразы болгондордун бири - Байтемир Кийикбаев аттуу аксакал буларды айтты:

- Бул жер ата-бабадан калган. Балдар ошону сурап атышат. Жаштар үй салайын десе, жер тилкеси жок. Бирдеме эгип жан бага албайт. Анан тышка кетип жатышат.

Байтемир аксакал эл сурап жаткан 108 гектар жер союз учурунда туура эмес берилип кеткен деп эсептейт:

- Бул жерде тээ союз убагында урук өндүрүп, тажрыйба жүргүзүшкөн. Москвадан бери айыл чарба адистери келип, ушул жерди алышкан. Жол-Колоттун ошол кездеги башкаруучулары түшүнбөстүк кылып берип койгон.

Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү

Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү

Кыргызстанда 42 миңден ашык үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүүдө.

Жол-Колоттогу урук өндүргөн станция 1994-жылы ишин токтоткон. Андан кийин мамлекеттик акционердик коом болуп түзүлүп, кийин жеке акционердик коомго айланганын Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Акмолдоев айтып берди:

- 1998-жылы мамлекеттик акционердик коом “Мамыр” экен. 2008-жылы акционердик коом “Мамыр” деп жазылыптыр. Ошол 10 жылдык убакыт ичинде эле мамлекеттик акционердик коомдон жеке акционердик коом болуп алган да. Эмне себептен, кандайча... Эми муну укук коргоо органдары териштирип көрүшү керек...

Айыл өкмөт башчысынын айтымында, жер талашка чек ара тактоодогу мүчүлүштүк да себеп болуп жатат.

- 2001-жылы Каракол шаары менен Ак-Сууну бөлгөндө кетирген кемчиликтердин азабын тартып жатабыз. Ошондо чек арада туура эмес иштер көп болуп калган, - деди Бактыбек Акмолдоев.

Ал эми 108 гектарга ээлик кылган «Мамыр» акционердик коомунун жетекчилиги жер мыйзамдуу түрдө акционердик коомго тийиштүү экендигин ырастап жатат. Анын өкүлдөрү 1998-жылы жерге ээлик кылган мамлекеттик акционердик коомду Мамлекеттик мүлк фонду өткөргөн аукциондо сатып алганын айтышты.

Акционердик коомдун жетекчиси Бактыбек Элахунов митингге чыккандар жазгы талаа иштерине тоскоолдук кылып жатканын билдирди.

- Азыр талап кылгандары туура эмес. Акционердик коомдо маселени жалгыз киши чече бербейт. Аякта 77 акционер бар, акционердик жыйын болмоюнча эч ким эч нерсе чече албайт. Азыр ушунун айынан жазгы талаа иштери токтоп турат. Айдап-себүү ишине кечигип жатабыз.

"Мамыр" акционердик коомунун жетекчиси Бактыбек Элахунов айыл эли менен бардыгын мыйзамдуу түрдө териштирип, маселени чечүүгө даяр экенин билдирди.

Нааразы болгондор менен 19-апрелде облустун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, райондун акими Улан Дөкөнбаев жана облустук милициянын башчысы жолукту. Жолугушууда айыл тургундары бул 15 жылдан бери созулуп келген маселе экенин айтышып, ага чекит коюп берүүнү суранышты.

Облус башчысы Узарбек Жылкыбаев айыл элинен төрт кишиден турган өкүл шайлап, парламенттин төрагасына жолугууну сунуш кылды. Айыл эли ага макул болуп, Жогорку Кеңешке кирмей болушту.

Мындай талап менен айыл эли 17-апрелде да нааразылык акциясына чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG