Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Дүйшөнбек Зилалиев УКМКны айыптады


Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин. 2018-жыл.
Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин. 2018-жыл.

Камактагы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын кызматкерлери андан экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү суранышканын жарыялады.

Бул үчүн аны камактан чыгарууга да убада берилгенин айтты. Атайын кызмат Зилалиевдин билдирүүсүн «кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети» катары баалап, ал өзү тергөө менен иштешүүдөн баш тартканын кабарлады. Зилалиев камакка алынгандан бери жактоочулары аркылуу билдирүү таратып, үй-бүлөсүнө басым-кысым болуп жатканын айтып даттанууда.

2-апрелде Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочулары тараткан билдирүүдө ал төрт айдан бери тергөө иштерине чакырылбаганы жана буга чейин үй-бүлөсү, туугандары аркылуу ага кысым болуп келгени айтылат.

Эми Зилалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери андан Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү суранганын билдирип чыкты. Зилалиев «Илмиянов аркылуу Атамбаевге лицензия боюнча бир миллион доллар бергем» деп айтуу сунушталганын жана бул үчүн аны камактан бошотууга убада берилгенин жарыялады.

УКМК Зилалиевдин билдирүүсүн жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалады. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындан тышкары аны «тергөө менен кызматташпай жатат» деп айыптады:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Учурда Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бирок Зилалиев өзү кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу максатында жасап келген. Ошол себептен УКМК анын кезектеги билдирүүсүн сот жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бул маселени саясий өңүткө буруу аракети катары баалайт».

Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынгандан бери эле президентке, коомчулукка адвокаттары аркылуу кайрылып жүрөт. Ал акыркы билдирүүлөрүнүн биринде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эрегишинен жөнөкөй кызматкерлер жабыркап жатканын жазган.

Ага чейин анын банк уячасынан табылган акчанын 2017-жылы президенттикке талапкерлердин биринин шайлоо штабына тиешеси бар-жогун соттон айтууга убада берген.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов да Зилалиевдин байма-бай билдирүү таратып, атайын кызматты күнөөлөп жатышын жоопкерчиликтен качуу аракети деп эсептей турганын билдирди:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

«Зилалиевди «каражатты Атамбаев жана анын командасы менен чогуу уурдаганбыз» деп айттыртып алгандан эмне чыкмак эле? Бул сотто колдоо табабы? Анын сөзүнө эле ишенеби? Кептин баары ушунда жатат. Ошондуктан Зилалиевдин бул сөздөрүнө эч ким ишенбейт. Мен муну Зилалиевдин жоопкерчиликтен качуу, тергөөдөн кутулуп кетүү амалы деп ойлойм».

Март айынын башында Дүйшөнбек Зилалиевдин дагы бир билдирүүсү чыккан. Анда туугандарынын мүлкү, банк эсептери эч кандай негизсиз камакка алынганын, оорулуу уулуна Москвада операция жасатууга уруксат берилбей жатканын айтып арызданган. Ал муну үй-бүлөсү, туугандары аркылуу басым көрсөтүү катары мүнөздөгөн. Зилалиевдин жубайы Зулфия Зилалиева күйөөсүнүн айтканы тууралуу «Азаттыкка» буларды айтты:

«Башында тинтүү иштери жүрүп, бир ай жолдошум менен жолугууга уруксат беришпегенде бул балдарга, мага психологиялык басым болду. Андан тышкары атасынын пенсиялык эсебин, бир туугандарынын, менин айлык акы түшчү эсебимди жаап салышкан. Бирок азыр аларды кайра ачышты окшойт. Жолдошума каршы кандай ыкмаларды колдонуп жатышат, коркутуу боюнча анын жазгандарын окуп атам. Бул да мага таасир этип жатат».

Зилалиева уулуна Орусияда операция жасатыш үчүн январь айында эле кезекке турушканын, бирок анын паспорту тергөөчүлөрдүн колунда болгондуктан бара албай калышканын айтты. Эми гана паспорту колуна тийип 15 жаштагы баласынын операциясы үчүн кайра кезекке турушкан.

Акыйкатчы Токон Мамытов Акыйкатчы институтуна Дүйшөнбек Зилалиевден же анын жакындарынан арыз түшө элек экенин, бирок анын акыркы билдирүүлөрүнө байланыштуу институттун кызматкерлери Зилалиев менен жолугушарын билдирди:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Кызматкерлерге «жакынкы күндөрү өзүнө (ред: Дүйшөнбек Зилалиевдин) барып жолугуп келгиле» деп тапшырма бердим. Эгер ал Акыйкатчы институтуна арыз менен же оозеки кайрылса биз бул ишти иликтөөгө киришебиз. Биринчи ал кишинин ою кандай экенин билишибиз керек. Себеби ушундай жарыяларды кылып коюшат да, кийин өзүнө барып «арыз бересизби» деп иштин чоо-жайына келгенде «жөн эле койгула. Мен башка жолдор менен иштеп жатам» деп баш тарткан учурлар бар».

УКМК Дүйшөнбек Зилалиевди 2018-жылдын 8-декабрында камакка алган. Ага Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козгогон.

2018-жылы 11-декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле ал президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы 24-ноябрда болгон инаугурациясында «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткан» деп, былтыр үч жылга шарттуу кесилген.

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG