Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Азабы арбын антибиотиктер


Кыргызстандык дарыгерлер антибиотик дарыларды чаржайыт сатып алуудан сак болууга чакырууда.

Муну дарыгерлер шектүү дарылардан пайдаланган бейтаптардын оорусу күчөп же башка илдеттер козголуп жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө. Калк арасында адамдардын саламаттыгын бизнеске айландырышты деп дарыгерлерди айыптоо да күч.

Биз Бишкектеги бир дарыканага кирип, жалпыга белгилүү “Ампициллин” антибиотиги кандай сатылаарын сурадык:

- Эже, ампициллиндин кандай түрлөрү бар?

- Нөл бештиги, анан бир граммдыгы бар.

- Ушул антибиотик сиздерде рецепт менен сатылабы же мындай эле келип ала берсе болобу?

- Мындай эле келип алсаңар болот.

- Рецепт менен сатылбайт да, ээ?

- Жок...

Бул дарыканадан сураган антибиотиктин бир ийнелик шишеси 35 сомдон экен. Бирок сатуучу-фармацевт негедир бул шишеге кошуп, аны кандай, кайсы ооруда колдонуу керектигин, сайдыруу өлчөмү, ыкмаларын сүрөттөгөн түшүндүрмө кагазды берген жок. Тескери реакциялары кандай болорун, аллергия сыяктуу оор натыйжаларга барарын билбей туруп кааласаң өзүңө-өзүң, же ооруп жаткан бирөөгө сая алчудайсың.

Дарыканаларда жайнаган антибиотиктер азыр адамдагы илдетти айыктырбай эле кайра күчөтүп, өпкөнүн кагынуусуна чейин алып келип, а түгүл өлүмгө учурагандар да болуп жатыптыр. Мунун башкы себеби - Кыргызстан антибиотиктердин чаржайыт базарына айлануусунда деп кейийт Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары боюнча башкы адиси, профессор Талантбек Сооронбаев:

- Азыр антибиотик боюнча биздеги абал өтө оор. Врачтар да каалаган антибиотикти бейтапка каалаган учурда бере беришет. Элди алсак, биздин жарандарыбыз каалаган антибиотикти каалаган учурда алып, каалаганындай колдонуп жатат. Бул абдан жаман көрүнүш. Анткени антибиотик дарылары өтө кылдаттык менен жалаң керек учурда, дарыгердин көзөмөлү менен гана колдонулуучу дары да. Дагы бир көңүл бура турган нерсе, антибиотик дарыларын эч бир дарыкана рецеби жок бергенге акылуу эмес. Ал тургай дарыгер болуп туруп, мен дарыканага барып рецебим жок антибиотик сурасам мага да бербеши керек.

Үй-бүлөлүк саламаттык борборлоруна, бейтапканаларга же жөнөкөй эле врачка кайрылган адамдарга антибиотик дарылары 100 пайыз жазылат. Жөнөкөй эле жөтөл менен барган жарандарга да жазылган биринчи дары антибиотик болууда:

- Жөтөлүп, ичи өтүп дарыгерге кайрылгандардын 90 пайызы антибиотикке муктаж эмес. Температурасы көтөрүлгөндөрдүн деле 90 пайызга жакынына антибиотиктин кереги жок. Аны врачтар берет же көбүнчө адамдар бири-бирине сунуш кылышып эле ичип жатышат. Мындайча айтканда антибиотик дарысы керексиз учурда тонналап ичилүүдө.

Антибиотик дарысы керек эмес учурда адамга берилсе анда организмдеги жугуштуу микробдордун сакталуу убактысы узарып, оору улам өрчүй берет. Мындан тышкары тери жана булчуңдарда аллергия пайда болот.

Ал тургай туура эмес сайылган антибиотик өлүмгө да алып келген учурлар бар дейт Талантбек Сооронбаев:

- Мына менин эсимде үч окуя бар да. Акыркысы орто жаштагы аял киши болчу. Териси кадимкидей кызарып, анан сөөгүнө чейин ажырап кеткен оор абалдагы аял киши болгон. Себеби ага догдурга кайрылса, керек эмес учурда антибиотик берген. Аны УЗИ аппаратынан көрүп, ага пиелонефрит деген диагноз коюшат. Бирок анын температурасы көтөрүлгөн эмес. Күчтүү антибиотик беришкен. Жардам бермек тургай оор абалга алып келип, анан биз аны дарылаганбыз.

Кооптуу дарыларды врачтын рецеби жок сатууга болбойт деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки буйругу бар дейт аталган министрликтин Дары менен камсыздоо департаментинин адиси Жаныл Жусупова. Бирок дарыны тескөөчү атайын мыйзамдар жок.

Мындан бир нече жыл мурда Түркияда чаржайыт антибиотик колдонуудан улам калктын саламаттыгы кескин начарлап, өлүм-житимдер көбөйө берген. Акыры илимпоздор менен массалык маалымат каражаттары рецептсиз антибиотик сатууну токтотууга багытталган атайын өнөктүк уюштуруп, азыр бул өлкөдө бир да антибиотик жолдомосуз сатылбайт. Батыштын дарычылык тарыхында даантибиотикти рецептсиз сатуу деген түшүнүк жок.

Азаптуу антибиотиктерди каалагандай колдонуу менен сатууну токтотпосо, өлкө саламаттыгына урулган сокку мындан оор болорун биздин адистер да тынбай айтышууда.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG