Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Милиция журналисттин артынан аңдып жатабы?


Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

Президенттин доосуна жыгылган журналист Дайыр Орунбеков аны белгисиз адамдар аңдууга алганын айтып, коопсуздугу коркунучка кабылганын билдирүүдө.

Териштире келгенде журналисттин артынан түшкөндөр ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери экени белгилүү болгонун Дайыр Орунбеков өзү билдирип, бирок аңдуунун себептери ага белгисиз экенин айтты. Укук коргоочулар журналистти президенттен кечирим суратуу үчүн ага басым көрсөтүү аракети жүрүп жатканын айтып чыгышты. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы журналисттин айткандары текшерилип жатканын кабарлады.

Күтүүсүз “конок”, арттан түшкөн аңдуу

Журналист Дайырбек Орунбековдун айтымында, 19-августка караган түнү, болжол менен саат он бир жарымдар чамасында ал жашаган батирге белгисиз адам баш багып, “Мурат” деген адамды сураган. Тогуз кабат үйдүн подъезди чип ачкыч менен гана ачылгандыктан ал бейтааныштын түн ортосунда батирдин эшигин каккылашынан чочуган Дайыр Орунбеков анын түспөлүн видео тасмага алууга үлгүрүп калганын айтты. Эртең менен үйүнөн чыккан журналист машинесинин артынан “Хонда Сивик” үлгүсүндөгү автоунаа менен аңдуу бар экенин байкап өзү кайра анын артынан түшкөн. Дайыр Орунбеков териштире келгенде аңдыган бейтааныштар милиция кызматкерлери болуп чыкканын белгиледи:

- Ал машиненин жанына барып карап, салондун артынан түндө менин батириме келип эшикти каккылаган кишини түсүнөн, анан кийиминен таанып калдым. Мени көрүп эле машинеси менен качып жөнөштү. Мен ал машиненин артынан түшүп, бир жерге келип кысып токтотуп, “эмнеге менин артыман жүрөсүңөр десем, биз милициядан эле сизге повестка берип койолу дедик эле” дешти. Бирок эч нерсе беришкен жок. Анан алар кайра машинесин айдап барып, Октябрь райондук ИИБнин короосуна кирип кетишти. Мен артынан кирип, алардын кабинетине барып, аңдуунун себептерин сурадым. Айтышкан жок. Мен ушул окуядан кийин таң калдым. Тергөөгө чакырган сайын өз учурунда келип, алардын жадатма суроолоруна жооп берип жатсам, анан эмнеге түн ортосунда үйгө келип, күндүз артыман жүрүшөт? Муну мен бандиттик ыкма деп түшүнөм. Ушундай мамиледен кийин чынында мага кооптуу боло баштады.

ИИМ Орунбековдун айтканын текшерет

Ошол эле кезде ички иштер министрлиги журналист Дайыр Орунбековдун артынан анын кылмыш ишине байланыштуу кандайдыр бир аңдуу коюлган эмес деген маалымат таратты. Учурда Дайыр Орунбековдун айыппул төлөөсүнө байланыштуу ишти Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү карап жаткан.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Бакыт Сейитов журналисттин маалыматы текшерилип жатканын айтты:

- Азыр ошол боюнча тиешелүү иш-чараларды баштадык. Биздин тиешелүү кызматтар бул жагдайды иликтеп чыгат. Дайыр Орунбековдун айткандары боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын кийин айтабыз. Анын артынан түшкөндөр кимдер? Үйүнө чейин барып, эшигин каккылагандар ким болушу мүмкүн деген маселе турат. Чын эле анын артынан белгисиз бирөөлөр же кайсы бир милиция кызматкерлери аңдууга түшкөнбү же жокпу, ошонун бардыгынын чындыгын аныктайбыз. Бул тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз.

Кечирим суратуунун айласыбы?

Буга чейин журналист Дайыр Орунбеков “Ош окуясына президент Атамбаев айыптуубу?” деген аталыштагы макаласын жарыялаганы үчүн соттон утулган. Сот аны чындыкка коошпогон маалымат таратканы үчүн былтыр 2 миллион сомго айыпка жыккан. Аламүдүн райондук соту “ Орунбеков айыппулду төлөөдөн баш тартты” деген негизде Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Бирок Орунбеков айыппулду мүмкүнчүлүгүнө жараша ай сайын бөлүп-бөлүп төлөп жатканын жүйө келтирген эле. Бирок жакында Октябрь райондук милициясы ага кылмыш ишин козгоп, шаардан чыкпоо тууралуу тилкат алган. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милиция Орунбековду президенттен кечирим суроого мажбурлоо ыкмасын колдонуп жатканына токтолду:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

- Дайырбек Орунбековго басым жасалганда дагы аябай катуу басым жасалып жатат. Ал турсун анын адвокаттарына чейин ар кандай басым көрсөтүлүп жатканын көрүп жатабыз. Мунун бардыгы президент Атамбаевдин ишараты менен жүрүп жатат. Бул жерде Атамбаевдин адамдары Дайыр Орунбековду сөзүн кайра алып, кечирим суроого мажбурлайбыз деп эле кыйналып жатышат. Ош окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн күнөөсү, анын ичинде Атамбаевдин жоопкерчилиги тууралуу буга чейин эле көп адамдар жана уюмдар тарабынан дагы айтылган. Бирок анын ушул жаш балага алы жетип, ага сот аркылуу олчойгон айыппул салдырып, анан эми ошону төлөбөй жатат деген кысым аркылуу Орунбековду жалдыратып кечирим суратуу максаты турат.

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов журналист Орунбековдун доого жыгылып, андан соң ага карата кылмыш иши козголгону туурасында кабарсыз экенин белгиледи. Бирок Иса Өмүркулов азыр өлкөдө сөз эркиндигине карата кысым жок деп эсептейт:

- Мен билгенден Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Буга эч ким бөгөт койбош керек. Сөз эркиндиги ар дайым болушу зарыл. Мен муну эки колдоп колдойм. Сөз эркиндигине байланыштуу куугунтук болушун каалабайм. Азыр мурдагыдай куугунтук деле жок.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Президентти Ош окуясына күнөөлөгөн макала Дайыр Орунбековго таандык maalymat.kg сайтына жарыяланган болчу. Ошого байланыштуу соттун чечими менен интернет провайдерлер Орунбековдун maalymat.kg сайтын жапкан эле.

Жакында башка бир журналист, “Искра” гезитинин баш редактору Адилет Айтикеев ага кысым болуп жатканына байланыштуу чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу жергиликтүү интернет сайттарга маек курду.

XS
SM
MD
LG