Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:02

Талаштуу жерлердин тагдыры чечилди


Бишкек четиндеги жаңы конуштардын бири.

Кыргыз өкмөтүндө республика боюнча 40 миң үйдүн курулушу мыйзамдаштырыла турганы айтылууда.

Турак жайлардын дээрлик отуз жылдан бери трансформация болбой келгенинин себеби эмнеде? Жерлердин категорияларын алмаштырууда коррупциянын таасири канчалык? Дегеле Кыргызстанда жерди натыйжалуу пайдалануу боюнча саясат барбы? Ушул ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүсүндө жооп табууга аракет кылдык.

Талкууга кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын агрардык өнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев жана Кыргыз Республикасынын мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, өкмөт башчы Абылгазиев жерлерди трансформациялоо маселеси 1983-жылдан бери чечилбей келгенин айтты. Дээрлик 40 жылга жакын убакыттан бери жерлердин мыйзамдаштырылбай келгенине кандай тоскоолдуктар болду эле?​

Алмаз Жээналиев.
Алмаз Жээналиев.

Алмаз Жээналиев: 2009-жылы сугат, айдоо жерлерди башка категорияларга которууга мораторий жарыяланган.

2013-жылы“Жер участокторун которуу, трансформациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ошонун негизинде өкмөткө тапшырма берилген. Биз аймактардан 2009-жылга чейин жергиликтүү бийлик органдары аркылуу берилип кеткен, союз мезгилинде ар кандай себептер менен курулуп калган көп турак жайларды, жерлерди аныктадык.

2015-жылы өкмөттө мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Бул комиссияга өкмөттүк мекемелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киришкен. Жогорку Кеңештин депутаттары да бул комиссия менен иштешти. Ошентип трансформация боло турган жерлердин жалпы реестри түзүлдү.

Өзүңүздөр билгендей, Союз таркагандан кийин жерлердин 75 пайызы элге жеке менчикке берилген, 25 пайызы мамлекеттин колунда кайра бөлүштүрүү фондуна калган. Фонддун эсебинен калктуу конуштарды кеңейтүү, үрөнчүлүк же асыл тукум чарбаларын уюштуруу жана ижарага берүү каралган. Ошого таянып айыл өкмөттөрү элге жер участокторун берген.

Бирок убагында документтерин даярдап, каттатпай калгандыктан же башка себептерден улам маселе чечилбей келген. Өкмөт ага карабай жарандардын турак жайга болгон укугун коргоо максатында иш алып барууда. Трансформация болгондон кийин жарандар ошол жашаган жери боюнча расмий каттоого алынат. Анын негизинде жашоочулар шайлоого толук катышууга укук алат, бала бакчага, мектепке, ооруканаларга катталуу маселеси чечилет.

Үйлөрүн банктарга күрөөгө коюп, насыя алып бизнес жүргүзүүгө шарт түзүлөт, айтор жерди мыйзамдаштыруу менен бир топ социалдык маселелер чечилет.

“Азаттык”: Карыпбек мырза, 40 миңден ашык турак жай курулуштары трансформацияланбай келиши эгемендүүлүк жылдарына туура келет экен. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз? Мыйзам жол бербедиби же өкмөт көңүл бурбадыбы, эмне болду?

Карыпбек Асанов.
Карыпбек Асанов.

Карыпбек Асанов: Союз ыдырап жатканда көп ээнбаштыктар болду. Жаштардын баары шаарларга келип, уруксат бергенче жерлерди ээлеп жатышты.

Ал кездеги башаламандыктарга жооп бере тургандар азыр кызматта жок же пенсияга чыгып кетишкен. Кыргызстан эгемендик алгандан бери жерди тескөө бир колго өтпөй жатат. Мурда жерге байланышкан мыйзамдар, нускамалар бир жерде даярдалып, бир жерден башкарылчу. Азыр төрт мамлекеттик орган жерге кожоюндук кылат, башаламандык көп.

“Азаттык”: Алмаз мырза, кечээги өкмөт жыйынында 14 миң гектар жердин 9 миң гектардагы турак жайлар трансформациялана турганы айтылды. Калган 5 миң гектардагы үйлөрдүн тагдыры качан чечилет же алар сүздүрүлөбү?

Алмаз Жээналиев: Мыйзамда "эгер жерге байланыштуу сот жүрүп жатса, укук коргоо органдарында каралып жатса, жогорку чыңалуудагы чубалгылардын алдына курулуп калса, экологиялык-санитардык нормалар бузулган жерде болсо трансформацияланбайт" деген бир топ чектөөлөр бар.

Жарыяланган мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирет. Эки ай ичинде өкмөт жерлерди которууга байланышкан атайын жобо иштеп чыгат. Өкмөт башчы облус жетекчилери менен кыска мөөнөттө иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди. Жогоруда айтылган 5 миң гектардын ичинде турак жайлар гана эмес, кайракы жерлер да бар, ал тууралуу жалпы кабыл алынган жобо бар, ал боюнча иштер улана берет. Ал эми 2009-жылдан кийинки жерлер боюнча да атайын комиссия түзүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык”: Карыпбек мырза, турак жай курулуштарынан сырткары жерлердин категорияларын алмаштырууда мыйзамдуулук сакталабы? Мисалы, сугат жерди кайракы жерге же жайытка алмаштырууга кызыккан тараптар көп болот экен. Андай кылууга кимдер умтулат?

Карыпбек Асанов: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына тиешелүү мындай бир фактылар бар. Айыл өкмөттөрү кайра бөлүштүрүү фондуна караштуу сугат жерлерди убагында иштете албагандыктан аларды кайракы же жайыт категориясына которууга кызыкдар болушкан. Анткени сугат жердин салыгын төлөөдөн качышкан. Кыргызстан боюнча ушундай жол менен 80 миң гектар сугат жерлер жайытка которулуп калган. Бул өзүнчө кылмыш болгон.

Мисалы, Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн деген айылга караштуу Бошке деген жер бар. Ал жерге Союз мезгилинде тогуз чакырымдай бетон канал салынып, 138 гектер жерге суу чыгып, өздөштүрүлүп келген. Кийин салыктан качышып, жерди башка категорияга которуп алышкан. Азыр бир гектар жерге суу алып чыгуу дагы көп каражатты талап кылууда…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Үй салынган жерлердин тагдыры чечилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:54 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG