Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:54

Талаштуу жер мыйзамынын тагдыры талкууда


Иллюстрация

Жогорку Кеңештин макулдашуу тобу Кыргызстандагы 13 миң гектар жерди трансформация кылуу боюнча мыйзам долбоорун жактырып, добуш берүүгө жөнөттү.

Анда 2009-жылга чейин турак үйлөр курулган айдоо аянттарын мыйзамдаштыруу каралган. Буга чейин мыйзам долбооруна президент кол койбой келген. Жаңы мыйзамда эмнелер каралды жана айдоо аянтына кирген жер тилкелери кандай жол менен мыйзамдаштырылат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, Агрардык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Абылкайыр Узакбаев, "Эреп” ассоциациясынын башчысы, жаңы конуштар боюнча адис Мирзат Ажиев жана жарандык активист Калича Умуралиева катышты.

“Азаттык”: Абылкайыр мырза, Кыргызстанда көптөн бери курч маселелердин бирине айланган, сугат жерлерге курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун парламент жактырып, президентке жибергени жатат.

Буга чейин да мыйзам кабыл алынып, президент вето койгон. Эми бул демилгеде кандай жол менен негизинен Бишкектин айланасындагы уруксатсыз салынган үйлөрдү каттоого алып, мыйзамдаштырганы жатасыздар?

Абылкайыр Узакбаев: Бул мыйзамдын негизинде республика боюнча 13 миң 922 гектар жер аянты трансформацияга кириши керек. Бул жер аянты 46 миң 378 кожолукка туура келет. Эми мыйзамга президент кол коюп, күчүнө кирген соң эки ай ичинде өкмөт жерди аныктап, тактап, мыйзамдаштырышы керек болот. Бул иш бүтүп, такталган соң өкмөттүн токтому чыгып, жер ээлери көптөн-көп күткөн “кызыл китептерин” ала алышат.

“Азаттык”: Бул мыйзам долбооруна экинчи жолу да президент вето коюу коркунучу жокпу?

Абылкайыр Узакбаев.
Абылкайыр Узакбаев.

Абылкайыр Узакбаев: Мен "жок" деп айтсам болот. Себеби, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезде 2017-жылы 2-июнда бул ишти баштап, буйрук чыгарган.

Ага ылайык, 2009-жылы 31-июлга чейин берилип кеткен жер тилкелерин карап чыгып, андан кийин персоналдаштырылган реестр түзүү тапшырылган. Ошондуктан президент бул маселени абдан кылдат карайт деп ишенем.

“Азаттык”: Калича айым, "сугат аянттарын трансформациялоого мораторий улантылышы зарыл" деген позицияны колдоп келатасыз. Парламент бул тилкелерди мыйзамдаштыруунун жолун караштырып, президентке сунуш кылып жатат. Сиз мындай аракетти кандай баалайсыз?

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

Умуралиева: Мен бул жерлерди басып алуу менен мыйзамсыз турак жайлар курулган деп ойлойм.

Алар айдоо аянттары. Негизи Кыргызстандын аймагында 7 пайыз гана аянтты суу басат. Эми андан да азайып жатат. Биз "азык-түлүк коопсуздугу" деп көп айтабыз, бирок депутаттар ага көңүл бурбай келечекте чоң маселеге айланып жатат.

Сооронбай Жээнбеков мурун премьер-министр болсо, учурда ал президент. Анын макамы башка. Ал мыйзамдын аткарылышынын, Конституциянын гаранты. Эгерде бул демилгеге кол койсо - мыйзамсыз аракетти мыйзамдаштырууга жол берди деп айтсак болот.

“Азаттык”: Мирзат мырза, бул маселенин курч экени баарына белгилүү. Бирок чынында эле буга чейин мыйзамсыз алынган жер тилкелери трансформацияланса, анын кесепети, кооптуу жагдайлары кандай болушу мүмкүн?

Мирзат Ажиев.
Мирзат Ажиев.

Мирзат Ажиев: Биринчиден, Кыргызстанда ушул мыйзамды, дегеле жер маселесин бизнеске айландырып жиберишти. Бизге окшогон жаштар айылдарда иш жок, шаардын жака белине келип, ушундай жер тилкелерин алууга аргасыз болуп жатабыз.

Бул жерде эки көз караш болуп жатат. Айрымдар муну "басып алды" деп жаман көрсө, экинчилери "мыйзамга ылайык бир эле жолу жер тилкеси берилсин" дегенге таянып жатышат. Бирок башында жер алгандарга мыйзамдаштырып коюшкан, ал эми экинчи толкун менен жерге ээ болгондорго маселе чечилбей келе жатат. Башынан жерлерди бербей, башкача жол менен маселени чечиши керек.

Өкмөт жарандарга үй салып берип, камсыз кыла албаса - анда жерди бериши керек.

Талкуунун толук вариантын бул жерден угуңуз:

Басып алынган жерлер мыйзамдаштырылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:09 0:00
Түз линк
​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG