Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Ливиялыктар Москвада элдешкен жок


Ливияда БУУнун колдоосу менен түзүлгөн Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж жана өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар.
Ливияда БУУнун колдоосу менен түзүлгөн Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж жана өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар.

Ливиядагы жаатташкан тараптардын Москвадагы жолугушуусу алты саатка созулуп, бирок элдешүү жараяны эки тараптуу кабыл алынган жок. 

Ливияны чыгыш-батышка бөлүп башкарып турган Фаиз Сарраж менен Халифа Хафтар Москвада бетме-бет жолугушуп сүйлөшүп, элдешүү жараянына кол коюшары күтүлгөн.

Мунун алдында орус жана түрк президенттеринин чакырыгы менен 12-январдан тартып атышууну токтотуу боюнча эки тараптуу чечим кабыл алынган эле. Күтүлгөн элдешүү жараяны Ливияда акыркы тогуз айдан бери токтобой жаткан куралдуу кагылышууну биротоло жокко чыгарып, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга шарт түзмөк.

Дүйшөмбүдө орус-түрк ортомчулугунда жабык эшик артында эки тарап менен өз алдынча сүйлөшүүлөр алты сааттан ашык убакытка созулду. Жыйынтыгында бир тарап чечим кабыл алууга көбүрөөк убакыт сураганы белгилүү болду.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Айрым жылыш болду. Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы аль-Сарраж мырза менен Жогорку мамлекеттик кеңештин президенти аль-Мишри мырза документке кол коюшту. Ливиянын Улуттук армиясын жетектеген маршал Хафтар менен Тобрукедеги парламенттин спикери Агила Салех документти түзүк баалап, кол коюу тууралуу чечим кабыл алууга келерки таңга чейин убакыт сурашты. Мен чечим оң жакка кабыл алынат деп үмүттөнөм, - деди сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Бул жолугушууну утурлай Москвага Анкарадан атайын делегация келген. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Ливиянын чыгыш аймагын башкарып турган Халифа Хафтар «шейшембинин таңында» келишимге кол коюп, өлкөдөгү саясий абалды жөнгө салуу иштери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында карала баштай турганына үмүт артты. Андан мурдараак Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Москвадагы сүйлөшүү «оң багытта» өтүп жатат деп баалаган болчу.

Шейшембинин таңында генерал Халифа Хафтар элдешүү жараянына кол койбостон, Москвадан учуп кеткенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бул маалда Шри-Ланкада иш сапарында жүргөн Сергей Лавров «Москва тынчтык келишими түзүлмөйүнчө колдон келген аракетин жумшай берерин» билдирди.

Ал эми Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен Анкара менен Москванын демилгесинен улам Ливияда атышуу токтотулганын колдоо менен кабыл алганын билдирди. Ошол эле кезде ал өлкөнү калыбына келтирүү процессин БУУ жетектеши керек деп эсептейт.

Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

- Атышуу токтотулганын баарыбыз билебиз, - деди ал. - Бул туура багытка карай биринчи кадам. Бирок Ливияга элдешүү, жаңылануу жана бирдиктүү өкмөт тургузуу процесстери керек. Бул узак сапар, бул иштер БУУнун жетекчилиги алдында болушу керек. Бул маанилүү.

Ливияда тынчтык орнотуу маселеси эми 19-январда Берлинде өтө турган саммитте каралат. Анкарада Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте менен жолугушкан Режеп Тайып Эрдоган да саммитке катышарын билдирди. Ушул жекшембиде Германиянын баш калаасына орус президенти Владимир Путин да барганы турат. Беш жылдан бери Москвага келе элек Германиянын канцлери Ангела Меркел өткөн жумада Путин менен жолугуп кеткен. Анда да Сирия менен Ливиядагы аскердик чыр-чатактар жөнүндө сөз болгону кабарланган.

Сүйлөшүүнүн катышуучулары.
Сүйлөшүүнүн катышуучулары.

Ливияда 2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкө лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери кош бийлик орноп турат. Өлкөнүн чыгышын парламент жана генерал Халифа Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Хафтардын бийлигин Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Орусия колдой тургандыгы айтылып келет. Орусия Ливиядагы жаңжалга тиешеси бар экенин такай четке кагып келгени менен Хафтар тарапта эки миңдей орусиялык жалданма аскерлер - Вагнердин жеке менчик компаниясынын жоокерлери согушуп жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Хафтар ошондой эле бир нече жолу Москвага келип кеткен.

Ал эми Ливиянын батышы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн карамагында. БУУнун колдоосу менен түзүлгөн бул өкмөт баш калаа Триполиде жайгашкан. Бул бийликти колдогон Түркия январдын башында бул аймакка аскерлерин жөнөтө баштаган. Анкаранын мындай чечими бир топ мамлекеттердин сынына кабылып, Орусиянын сунушу менен бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде жабык каралган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG