Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Триполи: Хафтардын армиясы абадан сокку урду


Ливиянын өкмөттүк күчтөрү менен фелдмаршал Халифа Хафтардын кол астындагы улуттук армиянын ортосунда башкалаа Триполи үчүн салгылашуулар 7-апрелде да уланды.

Маалыматтарга караганда, армия шаарга үч тараптан чабуул коюп жатат. 7-апрелде аскерлер Триполинин түштүк бөлүгүнө абадан сокку урушканы маалымдалды. Хафтар стратегиялык мааниге ээ бир катар жайларды – аэропорт, улуттук банк менен мамлекеттик телеборборду алууга аракеттенүүдө. Башкалааны коргоого өкмөттүк аскерлер менен элдик кошуундар тартылды.

Шаар тургундары азык-түлүк, күйүүчү май, башка эң керектүү товарларды сатып алып жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливиядагы миссиясы 7-апрелде Триполинин түштүгүндө ок атышууну эки саатка токтотуп, карапайым элге жана жарадар болгондорго чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Өткөн бейшембиде Хафтар аскерлерине эл аралык коомчулук тааныган өкмөт жайгашкан Триполини көздөй жылуу буйругун берген. Ошондон бери эки тараптан тең 23 киши, катарында карапайым адамдар окко учканы жекшемби күнү кабарланды. БУУнун маалыматына караганда, жүздөгөн киши жер которууга аргасыз болду.

Кырдаал начарлаганы, АКШнын Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы Ливиядагы америкалык аскерлер убактылуу чыгарыларын билдирди.

Расмий билдирүүгө ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кайтарган, терроризмге каршы күрөшкөн жана региондогу стабилдүүлүктү камсыздоого тартылган аскерлер Ливиядан чегинмекчи. Эвакуация болчу курамга кимдер кирери, алар кайсы өлкөгө көчүрүлөрү так айтылган жок.

Америкалык аскерлердин аймактагы кол башчысы генерал Томас Волдхаузер "Түндүк Африкадагы бул өлкөдө түзүлгөн татаал абал кайсы жагына өзгөрөрүн айтуу кыйын" деп билдирди.

Ливиядагы чакан контингент “Ислам мамлекети” жана “Ал-Кайида” экстремисттик уюмдарына каршы күрөшүүгө жардам берип, дипломатиялык миссияларды кайтарууга катышып келген.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкө лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон. Чыгышты парламент жана Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Батыш чөлкөмүндө - Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.

Хафтар Каддафинин санаалашы болчу. 1980-жылдардын аягында оппозицияга өтүп, өлкөгө диктатордун режими кулатылгандан кийин кайтып барган.

Өкмөт башчы Фаиз Сараж фелдмаршалды чыккынчылык, мамлекеттик төңкөрүш үчүн айыптады.

Армия башчысын исламчыл жоочулардын коркунучунан чочулаган Египет жана Бириккен Араб Эмираттары колдошот.

Өз кезинде Орусияда окуп кеткен Хафтар акыркы жылдары Москва менен жакшы мамилелерди курууга жетишкен. 2017-жылы ал Ливияга барган орусиялык «Адмирал Кузнецов» согуштук кемесине барып, ошол эле жылы Москвада орус коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушкан.

Мартта Хафтардын армиясына жардамга орусиялык “Вагнердин” жеке менчик компаниясынын 300дөй жалданма аскери жөнөтүлгөнү тууралуу кабарлар тараган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG