Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Британ жана француз офицерлери ливиялык козголоңчуларга көмөктөшөт


НАТОнун Ливиядагы операциясынын жетекчиси, генерал Марк ван Ум. Брюссель. 19-апрель 2011
НАТОнун Ливиядагы операциясынын жетекчиси, генерал Марк ван Ум. Брюссель. 19-апрель 2011

Батыш мамлекеттери Муаммар Каддафини бийликтен кулатуу үчүн ливиялык адаватчыларга жардамдашуунун амалын издешүүдө.

Британия Каддафинин башкаруусуна каршы күрөшкөн козголоңчуларга көмөктөшүү максатында аларга 20 аскер кеңешчи жөнөтмөк болду.

Кокус ливиялыктар Муаммар Каддафи лидер бойдон кала бергенин кааласачы? Аларга (элге) ким каршы болот?
Муса Ибрагим

Каддафинин өкмөтү Британиянын планы эрегишчилер менен жүрүп жаткан согушту улантышы гана мүмкүн экенин эскертти.

Британия козголоңчуларга мурда да жардамдашкан...

Британ өкмөтү ливиялык козголоңчуларга көмөктөшкөнгө аскерий адистерди жөнөтүүдө. Коргоо министри Уильям Хейгдин 19-апрелде түшүндүрүшүнчө, британ аскерлери адаватчыларга камсыздоо жана маалымат чогултуу жагынан жардамдашып, эч кандай согуштук аракеттерге катышпайт. Британия мурда эрегишчилерге соот кемселдер жана уюлдук телефондор менен жардам берген.

НАТОнун аскерий учагынан чыккан түтүндүн изи. Курчоодогу Мисрата шаарындагы мечиттин минарети. 19-апрель 2011
Франция да Ливиялык козголоңчулардын жетекчилигине жардамга байланыш офицерлеринин тобун жөнөтөөрүн 20-апрелде ырасмий жарыялады.

Батыш өлкөлөрү Ливия боюнча стратегиясын уруш майданында жылыш байкалбай, камоодогу шаарларда гумантирдык кризис оордоп бараткан кезде өзгөртүүдө. Козголоңчулардын ырасташынча, коалициянын учактары эл көтөрүлүшчүлөрдүн кол астындагы аймактын элин коргоо үчүн Каддафинин аскердик объекттерине абадан сокку урбаса, өкмөттүк күчтөр кызыл кыргын уюштурмак.

Оппозициячыл Убактылуу Улуттук Кеңештин төрагасы Мустафа Абдул Жалил 19-апрелде Римде Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини менен кездешүүдө көтөрүлүшчүлөргө жардам көрсөтүүнү сурап, мындай деди:

- 19-мартта абадан сокку уруулар башталбаса, Бенгазиде кызыл кыргын болмок. Муну ливиялыктар эч качан унутушпайт. Италиялык досторубуз Каддафи өлкөдөн чыгып кетүүсү жана багынып берүүсү үчүн ага аскердик кысым көрсөтөт деген үмүттөбүз биз.

Жалил өзү башындагы Улуттук Кеңешти тааныганы үчүн Италия, Франция жана Катарга ыраазычылыгын айтты. Ал быйыл февралда Каддафинин өкмөтүнөн чыкканга чейин Ливиянын юстиция министри болгон.
Медиктер жарадар адаватчыны Мисрата шаарындагы ооруканага алып баратышат. 19-апрель 2011


Учурда Ливиянын эл жыш жайгашкан чыгыш ныптасы жана батыштагы Мисрата шаары адаватчылардын ээлигинде. Мисрата Ливиянын үчүнчү чоң калаасы.

19-апрелде Мисратаны каддафичилер кайрадан аткылаганы маалымдалды. Дүйнөлүк саламаттык уюму шаардын ооруканаларында хирургиялык операцияларды жүргүзүү кыйын болуп жатканын, 120 кесел эвакуацияга муктаж экенин билдирди.

Сейф ал-Ислам “жеңишке” ишенет

Каддафинин өкмөтү Британиянын көтөрүлүшчүлөргө аскердик кеңешчилерди жөнөтүүсүн сындады. Тышкы иштер министринин орун басары Халед Каим “Ассошэйтед пресс” агенттигине берген интервьюда адаватчылар жакшы уюмдашпаганын, британдардын миссиясы “ийгиликтүү болору” күмөндүү экенин айтып, береги кадам урушту узартарын эскертти.

НАТОнун ырасмий өкүлү Оана Лунгеску Ливиядагы авиаоперация ийгиликтүү жүрүп жатканын шейшемби күнү Брюсселде маалымдады:

- Биз түрдүү буталарга: танктарга, ракета аткычтарга, чопкутталган аскерий унааларга жана курал-жарак сакталчу жайларга сокку урдук. Биз жарандарга айоосуз чабуул жасалбасы үчүн Каддафинин бийлигине кысым көрсөтүүдөбүз. Бул жооптуу милдет. Бирок биз Каддафинин аскерий механизмди өз элине каршы пайдалануу мүмкүнчүлүгүн азайтууда олуттуу жылыштарды жасап жатабыз.

Козголоңчулар "Град" ракета аткычы менен. Ливиянын батышындагы Аждабия шаары. 19-апрель 2011
Альянстын Ливиядагы операциясынын башчысы, нидерланд генералы Марк ван Умдун билдиришинче, Каддафинин аскердик кубатынын 30 проценттен көбү иштен чыгарылган. Ошондуктан, алардын операцияны жетектөө жана көзөмөлдөө жөндөмү күн сайын начарлап барат.

Бирок Каддафинин уулу Сейф ал-Ислам өкмөттүк телеканалдан сүйлөп, көтөрүлүшчүлөр жеңилерине ишенгенин айтты. Ал эми өкмөттүн өкүлү Муса Ибрагим шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Ливия эли өз тагдырын өзү чечүүгө тийиш деди:

- Ливиянын тагдырын ким чечет: эрегишчилерби, башка кайсы бир топторбу же ливиянын эли өзүбү? Ар бир ыймандуу жана акылы төп адам: “Албетте, эл”, - деп айтат. Көтөрүшчүлөрдө саясый жараянды баштоо үчүн алдын ала шарт койгонго кандай акысы бар? Кокус ливиялыктар Муаммар Каддафи лидер бойдон кала бергенин кааласачы? Аларга (элге) ким каршы болот?

Муаммар Каддафинин 41 жылдык бийлигине каршы көтөрүлүш февралда Тунис менен жана Египетти солкулдаткан анти-өкмөттүк козголуштан соң башталган.

Ырасмий Москва Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Муаммар Каддафинин режимин алмаштырууга мандат бербегенин, ошондуктан 18-марттагы резолюцияны Ливиядагы бийликти алмаштыруу үчүн пайдалануу Коопсуздук Кеңешинин чечимин бузуу деп санайт. Мындай көз карашын Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-апрелде Белгардда билдирди. Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын Кеңешке мүчө 15 өлкөнүн 10у колдогон. Бразилия, Индия, Россия, Кытай, Германия добуш берүүгө катышкан эмес.

Айтылган резолюция карайым ливиялыктарды жана эл жашаган жерлерди коргоо үчүн БУУга мүчө өлкөлөргө зарыл бардык чараларды көрүүгө мандат берген.

XS
SM
MD
LG