Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

Лондондо Ассанждын иши боюнча сот башталды


Жулиан Ассанж Лондондогу сотто. 24-февраль, 2020-жыл.
Жулиан Ассанж Лондондогу сотто. 24-февраль, 2020-жыл.

Лондондо Жулиан Ассанжды Вашингтонго өткөрүп берүү боюнча сот башталды. «Wikileaks» сайтынын 48 жаштагы негиздөөчүсүнө АКШда 18 айып коюлуп жатат. Анын ичинде тыңчылык боюнча айып бар. Бирок Ассанж өзү да, анын адвокаттары да АКШга өткөрүп берүүгө каршы болуп жатышат. Алардын жүйөсүнө караганда Ассанж Кошмо Штаттарда калыс соттолбойт.

Ассанж 2010-жылы Пентагондун жана Мамлекеттик департаменттин жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин ачыкка чыгарып салган. «WikiLeaks» сайтында Ооганстандагы жана Ирактагы согуштун жүрүшү тууралуу АКШнын миңдеген жашыруун документтери жарыяланган.

Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Былтыр апрелде Эквадор ага баш калка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган. Ал былтыр Лондондо Кошмо Штаттардын өтүнүчү менен кармалган.

XS
SM
MD
LG