Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Малаланы аткандар жазага тартылды


2014-жылы 17 жаштагы Малалага Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.
2014-жылы 17 жаштагы Малалага Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

2012-жылы активист өспүрүм Малала Юсуфзайды атууга катыштыгы бар деп айыпталган он адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү 30-апрелде Пакистан соту чыгарды.

Өкүмдү Хайбер Пахтунхва провинциясынын терроризм менен күрөшүү боюнча соту чыгарды. Пакистанда өмүр бою эркинен ажыратылгандар мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганга чейин бери дегенде 25 жыл түрмөдө отурушат.

Бийликтин билдиргенине караганда, эркинен ажыратылгандардын “Техрик-е Талибан Пакистан” тобуна байланышы бар жана алар 2014-жылдын сентябрында Пакистан армиясынын, полициясынын жана атайын кызматтарынын биргелешкен операциясынын жүрүшүндө колго түшкөн.

Пакистан армиясынын генерал-майору Асим Бажванын айтымында, Малаланы өлтүрүү аракетинин артында пакистандык талиптердин азыркы жетекчиси Маулана Фазлулла турат.

Атын атабаган соттун өкүлү немистердин DPA агенттигине айткандай, кармалган 10 адам тең кол салуунун артында Фазлулла турганын ырасташкан.

Өткөн жылдын декабрында Пешавар шаарындагы аскерий мектепте болгон теракт үчүн да жоопкерчиликти Маулана Фазлулла өзүнө алган. Ал кандуу окуяда 150 адам, көпчүлүгү мектеп окуучулары набыт кеткен.
2015-жылдын январында АКШнын Мамлекеттик департаменти пакистандык талиптердин жолбашчысын глобалдык коркунуч туудурган террорчулардын тизмесине киргизген.

"Техрик-е-Талибан Пакистан" тобунун башчысы Маулана Фазлулла. Интернетке чыккан видеодон алынган кадр.
"Техрик-е-Талибан Пакистан" тобунун башчысы Маулана Фазлулла. Интернетке чыккан видеодон алынган кадр.

Фазлулла топтун мурдагы лидери АКШнын аба соккуларынан каза тапкан соң 2013-жылдын ноябрынан баштап “Техрик-е-Талибан Пакистанды” жетектеп келет.

Ал эми азыр 17 жашка чыгып калган Малала Юсуфзайды 2012-жылдын декабрь айында өзү жашаган Сват өрөөнүндө мектепке бараткан автобуста отурган жеринен талиптер башка атып кетишкен. Куралчан эки адам автобусту токтотуп, алардын бирөө Малаланы көздөй жакын аралыктан ок чыгарган.

Өткөн жылы Малала “Азаттыктын” ооган кызматына берген маегинде ал окуяны мындайча эскерген:

- Мен мындай кол салууну башынан өткөргөн жалгыз адам эмесмин. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө адамдар күн сайын меникиндей окуяга дуушар болушат. Айрыкча Сирияда, Палестинада, Иракта мындай көрүнүш көнүмүшкө айлангандай. Бөөдө эле бейкүнөө адамдардын каны төгүлүүдө. Сватта жүргөн кезде болгон окуя жашоомду түп-тамырынан өзгөрттү. Мен кыздар мектепке бара албасына көзүм жетип, жардыруулар күн сайын болуп, элдин жашоосу коркунучта экенин сезгенден тарта жашоом башка нукка бурулду.

Башынан катуу жарадар болгон Малала дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан соң өзүнө келген. Чабуулга чейин эле Малала өзүнүн Би-Би-Сиге жазган блогдору аркылуу көпчүлүккө таанылып калган. Анда ал талиптердин адам чыдагыс кылмыштары тууралуу жазчу.

Ошондо эле Малала кыздардын мектепте билим алуусу үчүн күрөшкөн активисттерден болгон. Өз блогдорунда Малала 2007-2009-жылдарга чейин Сват өрөөнүн башкарып турган талиптер кыздарга мектептен билим алууга тыюу салып жатканын жазып турган.

Сакайгандан бери Малала кыздардын мектепте билим алуусу үчүн күрөшүн улантып келет. Ал бул эмгектери үчүн бир катар сыйлыктарга татыды. Өткөн жылы ал индиялык Кайлаш Сатурати менен биргеликте Нобелдин Тынчтык сыйлыгына ээ болгон.

- Өз сыйлыктарым менен аябай сыймыктанам. Ишмердүүлүгүмдү колдогон бардык адамдарга ыраазымын. Балалыгымдын бакыты оюнчукта, куурчакта же кооз кийимдерде эмес. Менин кыялым бардык балдардыкындай эле. Болгону кичине эле айырмаланат. Жашоомдун максаты – бардык балдардын мектепте билим алуусу. Өзүмдүн максатыма жетүү үчүн күч-аракетимди аябайм.

Малала учурда Англиянын Бирмингем шаарындагы орто мектепке барып, ата-энеси менен жашайт.

2014-жылы Малала индиялык Кайлаш Сатурати менен биргеликте Нобелдин Тынчтык сыйлыгына ээ болгон.
2014-жылы Малала индиялык Кайлаш Сатурати менен биргеликте Нобелдин Тынчтык сыйлыгына ээ болгон.

XS
SM
MD
LG