Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

“Мегакомдун” мурдагы жетекчисин каматкан акча чыры


Акылбек Жамангулов. 14-март, 2022-жыл.
Акылбек Жамангулов. 14-март, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Мегаком” компаниясынын мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов ири суммадагы алдамчылыкка шек саналып камалды.

"Ири суммадагы алдамчылык"

Башкы прокуратуранын кабарлашынча, Түштүк Кореядан келген инвесторлор “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун үстүнөн арыз жазган. Башкы көзөмөл органы иштин чоо-жайы жөнүндө кенен маалымат бере элек.

Мекеменин басма сөз кызматкери Сирожиддин Камолидинов иш “алдамчылык” беренеси менен тергелип жатканын гана айтты.

“Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Акылбек Жамангулов ишемби күнү шектүү катары кармалган. Алдын ала маалымат боюнча 2 миллион доллардан ашык акча деп айтылып жатат. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн азырынча кенен маалымат айтылбайт”, - деди басма сөз кызматкери.

Жергиликтүү 24.kg сайты өздүк булактарына таянып, Жамангулов инвестордон гольф-клубдун курулушуна акча каражатын алып, бирок долбоор башталбай калганын жазды. Сайт инвестор 2 млн. долларга зыян тартканын белгилеген.

"Саясий кызыкчылык барбы, билбейм"

Жамангулов 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган. 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамангуловдун бөгөт чарасын карап, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Шектүүнүн жактоочусу Канат Хасанов “Азаттыкка” ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айтты. Хасанов Жамангуловдун бул иште эч кандай күнөөсү жок деп билдирди.

Канат Хасанов.
Канат Хасанов.

“Бул иште саясий кызыкчылык барбы, билбейм. Аны убакыт көрсөтөт. Тергөөнүн материалы боюнча анын күнөөсү бар деген далилдер жок. Жамангуловдун 2 млн. долларга эч кандай тиешеси жок, эки кореялык жарандын ортосундагы ишке Жамангуловду аралаштырып коюшкан. Акылбектин аларга жер таап бергем деген сөзү болбосо, акчага эч кандай тиешеси жок”, - деди Хасанов.

Акылбек Жамангулов деген ким?

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

33 жаштагы Акылбек Жамангулов 2018-жылдын октябрь айында "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" ишканасына жетекчи болуп дайындалган. Бийлик алмашкан Октябрь окуяларынан кийин 2021-жылы 16-мартта аталган компаниянын башкы директорлук кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Жамангулов VI чакырылышта “Республика – Ата Журт” партиясы менен депутат болуп келген. Кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бийликтин “Биримдик” партиясын шайлоого баштап барган. Учурда Жамангуловдун кармалышы боюнча анын саясаттагы үзөнгүлөштөрү, партиялаштары үн каткан жок.

2021-жылы ноябрь айында президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында айрым мамлекеттик ишканаларды сындап жатып, “Мегаком” компаниясын мисал келтирген. Президент мурда ишкананын каражаты сол чөнтөккө кетип жүргөнүн кыйыткан жайы бар.

“Мисалы, “Мегаком” боюнча айтайын. Ушул жылдын башында “Мегакомдун” башчысынын алмаштырдым. Келишим түзгөнбүз. Мурда 2-3 миллиардга чейин таза киреше берип жаткан болсо, эки-үч жылдан бери 500 млн. сомго түшүп калган. Тарифтер, колдонуучулар ошондой эле. Мен жетекчи коюп туруп, минимум 1,5 миллиардга чыгасың, болбосо жоопко тартыласың дегем. Мына бүгүн 1,5 млрд. таза киреше берди. Мурда 1 млрд. сом кайда кетип жүргөн? Ары жагын өзүңөр ойлонуп көргүлө”, - деген президент.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков Жамангуловдун кылмыш ишинин чоо-жайы коомчулукка ачык айтылышы керек деп эсептейт. Аскарбеков соңку беш жыл ичинде саясатка, мамлекеттик башкарууга барган айрым жаш кадрлардын ар кандай ишке шек саналып кармалып жаткан көрүнүштү белгилейт.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

“Акылбек Жамангуловдун иши ачык айтылышы керек болчу. Анын “Биримдик” партиясына кошулганы бар. Бирок, ал - өсүп келе жаткан жаш саясатчылардын бири. Бир аз туура эмес тендеция болуп жатат. Бирөөнүн арызы менен жаш адистерди камап салды. Мындай улана берсе, мамлекеттик башкарууга жаш балдар барбай калат”, - деди Аскарбеков.

Акылбек Жамангулов VI чакырылыштын жаш депутаттарынын бири болгон.

2018-жылы Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны жана ЖЭБди жаңылоону иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү катары модернизацияга кеткен ири каражатты кескин сындап чыгып коомчулукка аты кеңири таанылган. Ал эми "Мегакомду" башкарып турган учурда ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев ишкананын ишине кийлигишип жатканын ачык айтып чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG