Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Өкмөт: 1-класстар мектепке барып окуйт


Бишкек
Бишкек

Быйыл 1-сентябрдан тартып 1-класска кирген 156 миң окуучу менчиктин түрүнө карабастан мектепке барып окуйт.

Ал эми калган класстардын баары онлайн режимде билим алышат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 14-августта өкмөттүн жыйынында билдирди.

«1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы жашында калыптанганы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», - деди Боронов.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, премьер-министр жалпы аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа элек экенин, коронавирустун экинчи толкуну болушу ыктымал экенин эскертти.

«Окуу процессин кийинки чейректерде жандандыруу маселеси өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Республикалык штабдын талкуусунан өтүүгө тийиш», - деди премьер-министр.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу ушул жылдын март айынан тартып Кыргызстанда мектептер жана башка билим берүү мекемелеринде окуу дистанттык форматта жүргүзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG