Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Пакистанда 400дөй кылмышкер абактан качты


Банну шаарындагы арестанттар качып кетип, ээн калган абак жайдын эшиктери ачык турат. Пакистан. 15-апрель 2012
Банну шаарындагы арестанттар качып кетип, ээн калган абак жайдын эшиктери ачык турат. Пакистан. 15-апрель 2012

Пакистанда ислам согушчандары 15-апрелде таңга жуук Банну шаарындагы түрмөгө чабуул жасап, абактан 400гө жакын арестант качып кетти.

Пакистандын түндүк-батышындагы Банну шаарына ислам согушчандары жасаган чабуулдун натыйжасында 384 арестант абактан качты. Алардын ичинде өлүм жазасына тартылган жыйырма адам, ошондой эле Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушаррафка кол салууга катышканы үчүн соттолгон Эднан Рашид да бар. Бул жөнүндө Ооганстанга чектеш Хайбер Пахтунква провинциясынын маалымдоо министри Мия Ифтикар Хусейн “Азаттык” радиосуна мындай деди:

- 384 арестант качып кетти. Алардын арасында өлүм жазасына тартылган жыйырма адам жана Первез Мушаррафка каршы чабуулга катышкан бирөө бар. Кол салгандар өтө көп болду. “Тахрек-е-Талибан Пакистан”уюму чабуулду уюштурганын билдирди. Бул чоң апаат. Биз чабуулга өкмөттүк адамдар катышканбы-жокпу, эмнеге коопсуздук күчтөрү чабуулду кайтара албаганын же кошумча күч абакка кеч жеткен себебин иликтеп жатабыз. Бул жерде жообу көп убакытты талап кылган суроолор бар.

Банну шаарындагы борбордук түрмөдө, Ройтерс агенттигинин полиция кызматкерлерине шилтеп кабарлашынча, бардыгы 944 адам камакта отурган.

Полициячылар Банну түрмөсүнө жасалган чабуулда зыян тарткан дарбазанын жанында турушат. 15-апрель 2012
Полициячылар Банну түрмөсүнө жасалган чабуулда зыян тарткан дарбазанын жанында турушат. 15-апрель 2012
Пакистан талиптеринин өкүлү Азим Мехсуд “Азаттык” радиосунун Пакистан кызматына Банну түрмөсүнө “бомбалуу 150гө жакын жанкечти” кол салганын маалымдады.

Түрмөнүн кароолдорунун бири Мир Лаик Хан согушчандардын чабуулун мындайча сүрөттөдү:

- Алар эки же үч автоунаа менен келишти жана түрмөнүн негизги дарбазасына жетер замат бизден жолду ачууну талап кылышты. Мен аларга каршы ок аттым. Бирок аларда оор куралдары бар болчу. Алар мени көздөй граната ыргытышты. Андан соң ракета атышты эле башка жактардан да куралчан адамдар түрмөнү оор куралдардан аткылап, жетип келишти. Алар түрмөнү курчап алышты.

Пакистан бийликтеринин билдиришинче, абактан качкандардын жетөө кармалды.

“Ал-Каида” менен байланыштагы “Тахрек-е-Талибан Пакистан” уюмунун Банну түрмөсүнө жасаган ийгиликтүү чабуулу Пакистандын коопсуздук күчтөрү үчүн өтө осол иш. Себеби коопсуздук кызматтары согушандар акыркы мезгилде аларга урулган катуу соккудан бир кыйла алсырап калды деп өкмөттү ишендирип жүргөн.

Жекшемби күнү Ооган талиптери Кабылдын чет элдик элчиликтер жайгашкан бөлүгүнө куралдуу шоокум салды. Президенттин сарайы, НАТО жана Улуттар Уюмунун кеңселери да ушул райондо жайгашкан.

Талиптер Жалалабад жана Гардез шаарларына да чабуул жасашты. Аталган эки шаардагы чабуулга Пакистанда жайгашкан Хаккани уюмунун согушчандары да катышканын Ооганстандын Улуттук коопсуздук кызматы билдирди. 16-апрелдеги кол салууларды Ооган жана Пакистан талиптери макулдашып уюштурдубу, белгисиз.

XS
SM
MD
LG