Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Өзбек президенти зөөкүр чоңдорду тыя элек


Сайхунабаддын акими директорду сабап жаткан учуру.
Сайхунабаддын акими директорду сабап жаткан учуру.

Өзбекстандын президенти кол алдындагыларга тил тийгизип, кол көтөргөн аткаминерлер жазаланарын билдирди. Журналисттер андай жетекчилер аз эмес экенин айтып, далил келтирип жатышат. Бирок Мирзиёевдин сөзүнө оро-пара жарыяланган ал жазмалардагы каармандар жазасын тарта элек.

Токмок жеген директорлор

Сырдарыя облусунун Сайхунабад районунун акими Носиржан Эгамбердиев мектеп директорлорун бөлмөгө камап алып, уруп жатканы тууралуу видео сентябрда тараган. Аким «эгемендик майрамына карата окуучуларды топтой албадыңар» деп зомбулук көрсөтүп жатканы видеого түшүп калган.

Бул окуя катуу талкуу жаратып, сын айтылганда облус жетекчиси пахта теримден кийин чара көрөрүн айтып кутулган. Бирок чоң муштум аким дагы эле ордунда иштеп атат. Муну ырастаган облустук администрациянын маалымат катчысы Ортик Султанов пахта терим «али бүтө элек да» дейт.

Богооз аким, аялдарды аябаган мэр

Ушу тапта «Азаттыктын» өзбек кызматындагы кесиптештердин колуна Ташкенттин Паркент районунан келген аудиожазма тийген. Анда район жетекчиси Нематулла Абдуллаев 1-ноябрь күнү окуу жай, ишкана жетекчилерин, маале башчыларын, аксакалдарды "пахта теримге аз киши алып чыктыңар" деп оозго алгыс сөздөр менен ашатууда.

Абдуллаев 45 мүнөттүк аудиожазуу учурунда маңдайындагыларды 126 ирет сөккөнгө үлгүргөн. «Азаттык» аким менен байланышканда:

- Мен кимге акаарат келтирсем сотко кайрылсын. Сот алдында жооп бергенге даярмын. Бирок мен бир да бирөөгө жеке асылган эмесмин, "сени андай кылып салам, мындай кылып салам" деген эмесмин, - деп актанды.

Нематулло Абдуллоев Паркент районун дале башкарууда. Анын жоругун жогорку жетекчилик караган-карабаганы белгисиз. Бул аким Ислам Каримовдун учурунда экономикалык кылмыш боюнча соттолгон. Бирок президент алмашканда акталып, кайра жогорку кызматка отургузулган.

21-ноябрда «Азаттыкка» бир ай мурда жазылган дагы бир аудиожазуу түшкөн. Анда Анжиян шаарынын башчысы Дилмурод Рахматуллаев баягы эле пахта теримге жетиштүү киши алып чыкпаган коллеждердин, академиялык лицейлердин директорлорун каарып, «айбан», «эшек», «чөө», «атаңа наалат» деп сөгүп жатат. Сөзүнөн улам аял-эркегине карабаганы байкалып турат:

- Эй ыплас, сен аял кишисиң, сен ыплас бюджет кызматкерисиң, айбан. Мойнуңа чынжыр тагып алган караңгысың. Кимсиң сен, ыплас?!

Анжиян шаарынын администрациясына байланышканда кызматкер аким жооп бере албай турганын айтуу менен чектелди.

Жоон билектер жазаланабы?

Бул маселеге президент да кийлигишүүдө. 15-ноябрда Өзбекстан өкмөтүнүн жыйынында Шавкат Мирзиёев:

- Арабызда жоопкерчилигин унуткан жетекчилер бар. Алар каалаганын кыла берем деп ойлошот. Бизге алар кызматтык чегинен чыгып, кол алдындагыларга оройлонуп, келекелеп, жада калса кол көтөргөнү тууралуу көптөгөн маалыматтар түшүп жатат. Биз мындайга каршыбыз. Бул илдетти жок кылыш керек. Мындай аракеттер мамлекет менен президенттин саясатына каршы чыгуу катары бааланат. Айыптуулар албетте, тийиштүү жазага тартылат.

Бирок оро-пара жогорудагы аудиожазуулар жарыкка чыгып, андагы каармандар дисциплинардык же башка жазага тартылбай жатканы президенттин айткандары канчалык ишке ашаар экен деген күмөн ойго түрткү берүүдө.

Анын үстүнө бул маселени маркум президент Ислам Каримов да нечен жолу көтөргөн. Ал тургай 2009-жылы "богооз жана чоң муштум аткаминерлерден арылабыз" деп айткан экен. Бирок жагдай өзгөрбөгөнүн жогорудагы үнжазмалар, видеотасмалар далилдеп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG