Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Чөнтөк телефону (уюкфон) жана саясат


Күн өткөн сайын чөнтөк телефондо колдонулган добуштардын ар кылдуулугу өсүүдө. Ушундан пайдаланып, активисттер аны өз пикирин же позициясын билдирүү үчүн саясий максаттарда кеңири колдоно башташты. Керемет үкөктүн жаңы санында мына ушул жааттагы өзөрүүлөр тууралуу сөз болот.

Эгер сиз чет өлкөдө жүрсөңүз жана Кыргызстандын патриоту экениңизди билдиргиңиз келсе, ак калпак кийип алсаңыз өз максатыңызга дароо жетесиз, же мына ушул кыргыз гимнин чөнтөк телефонуңузга койдуруп алышыңыз мүмкүн. Технологияны өз пикирин билдирүү үчүн колдонуунун башка да көп жолдору бар.

Айталы эгер сиз Молдованын парламентинде отуруп, чөнтөк телефонуңуз шыңгыраганда мына ушул Румыниянын гимни ойносо, кесиптештериңиз сиздин Бухарестке ыктаган мекенчил экениңизди дароо баамдашмак. Тескерисинче Орусиянын гимни жанырса, сиздин орусиячыл позицияңыз айпаса да түшүнүктүү болмок.

Арийне, телефондун саясий шыңгырагы бүгүн парламентте гана жаңырбайт. Убакыт өткөн сайын муну саясий нааразылыкты билдирүү үчүн көп колдоно башташты.

Өткөн аптада Кошмо Штаттарында "They might be Giants" деген рок тобу өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматын такмазалаган телефон музыкасын интернет сайтына чыгарышты. Рокерлер аталган агенттиктин америкалыктардын телефондон сүйлөшкөнүн соттун уруксатысыз тыңшаганына нааразылыгын ушул жол менен билдиришти:

"05 31 18 телефон байланышы Улуттук коопсуздук агенттиги аркылуу өтөт, Агенттик сенин укуктарыңды түбөлүк согуш бүткөнгө чейин токтотуп койду" деп айтылат бул ырда.

Ал эми өткөн жылы Филиппинде президент Глория Арройону оппоненттери анын Виргилио Гарсиллано деген шайлоо комиссиясынын жетекчилеринин бири менен "соодалашуусу" тымызын жаздырылган үн тасманы ачыкка чыгарышкан эле. Анда Арройо аталган чинивникке "Garsi, so , will I stilll lead by more than a million votes" деп сураган экен. Которгондо " Гарси, kана мен бир миллион добуш менен алдыга чыгамбы?" деп айткан. Билли Жоелдин "Honesty" же "Чынчылдык" деген ыры менен. Анда Жоел "Чынчылдык" десе, Аройо саламдашат", Жоел "Чындылдык бул жалгзсыраган сөз" десе, Аройе "Кандай Гарси" дейт. Жоел "Баары жалган свйлөшөт" десе, Аройе " kана мен бир миллион добуш менен алдыга чыгамбы?" дейт.

Бул музыка элге дароо тараган, 1 миллиондон ашык филипиндер аны демонстрациянын мезгилинде бир мезгилде ойнотушкан.

Албетте 20-30 секунддук форматта чоң саясий талкуу баштап, же саясий атаандашыңызды эстен тандырчу чабуул жасай албайсыз. Ошондуктан, телефондун шыңгырагын саясий акцияларда кеңири колдонулган төш белги же саясий такмаза катарында колдонууга ылайыктуурак. Бул тууралуу "Мобилдик активдүүлүк" аттуу уюмдун координатору Катрин Верклас мындай дейт:

- "СМС же чөнтөк телефондон жиберилген кат координация, уюштуруу жана элди көчөгө алып чыгууга жакшы. Ал эми телефон музыкасы тамашаны тарс эттиргенге эң мыкты кызмат кылат. Филипинде, ошондой эле Индияда дагы башка көптөгөн жерлерде бул жаатта саясий тамашанын чынында да өзгөчөлүү түрлөрү пайда болуп жатат."

Иракта мындан бир канча мезгил мурда телефон шыңгыраганда Саддам Хуссейнди келекелеген добушту угууга болот эле. Анда белгилүү куудул "Бул номер иштебейт, башка убакта чалыңыз деген сыяктуу оператордун сөздөрүн экс-диктатордун үнү менен мындайча туураган эле:

Ал эми мен болсом, эгер мүмкүн болсо, телефонума Кыргызстандын гимнин койдуруп алат элем, саясий максатта эмес, муну эч кимге айта көрбөңүз, мен күнкорсуздук гимнин эмгичекти үйрөнө элекмин!

Тектеш

XS
SM
MD
LG