Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Москвада мекендештерин карактаган түгөй кармалды


Кылмышка шектүү деп кармалгандар (сүрөт видеодон алынды)
Кылмышка шектүү деп кармалгандар (сүрөт видеодон алынды)

Кыргызстандыктардын батирлерине кирип барып, тоноого шектелген түгөй кармалды. Акыркы айларда батир тоногондор тууралуу маалымат Орусиядагы мекендештерди кыйла чочуткан эле.

Москвада батир тоноого шектүү деп кармалгандардын бири 26 жаштагы кыз. Ал полицияда сурак берип отуруп, ИИМдин Орусиядагы өкүлүнө “абакка жок дегенде бирөөбүз отуралы, чыгымды төлөп берели” деп ыйламсырап жалынат. Айтымында Москвадагы ресторандардын биринде официант болуп иштейт.

Кызды таанышым деген экинчи шектүү саналган 23 жаштагы жигит эч жерде иштебейт. Ал суракта күнөөсүн мойнуна алды. Мындай кылмышка алган насыясын төгө албай, акча тартыштыгынан улам барганын айтат.

Экөөнүн тең Москвага барганына 2-3 жыл гана болуптур.

Ички иштер министрлигинин Москвадагы атайын өкүлү Аскат Алиев шектүүлөрдү өткөн аптанын жума күнү кыргыз-орус күч органдары кармаганын билдирди. Оперативдүү маалыматтарга караганда, бул түгөй акыркы айда эле ондогон батирлерди тоноого шектелүүдө:

- Кээ бир жерлерге бычак, айрымдарына пневматикалык тапанча менен киришкен. Акыркы убакта, Нооруз күнү экиден батирге кирип башташкан. Кыз экөө келген жерине “биз көчөдө калдык, батириңерди ижарага бергиле” деп алдашкан. Анан үйгө киргенден кийин коркутуп тоношкон. Каракталган батирлердин саны 20-25тей болуп жатат. Биз анын сегиз-тогузун гана аныктадык. Интернет, маалымат каражаттары аркылуу жабырлануучулар болсо кайрылгыла деп кабарлап атабыз.

Алиевдин маалыматына караганда карактоодон денесинен жаракат алгандар болгон эмес. Ал эми тонолгон акчанын суммасы такталууда. Мындан тышкары кармоо учурунда табылган чөнтөк телефон, планшет ж.б. баалуу буюмдар милицияда.

Москвада батир карактагандар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

10 жылдан бери Москвада иштеген Белик Маликов бул түгөйдү бир жума өз батиринде жашатканын, тааный турганын айтат. Алар анын батирине интернеттеги жарыя аркылуу келишкен экен:

- Жакшы эле адамдардай көрүнгөн. Ресторанда иштейбиз дешчү. Эки ай мурда меникинде азыраак жашашкан. Бир күнү иштен келсем ал баланын аялы "байке, жөн эмес киши турбайсызбы, ээ" дейт. Көрсө менин текчемдеги блокнотумду окушуптур. Анан мен эмнеге бирөөнүн буюмуна тиет деп таң калгам. Сыягы ошондо эле тинтип башташса керек. Кредиттерибиз көп деп айтып калышчу. Мүмкүн ошону төлөй албай ушул жолго бардыбы деп ойлоп калдым.

Акыркы айларда Москвада кыргызстандыктардын үйүнө кирип барып, тоноп кеткен фактылар көбөйгөнү айтылган. Бул маалымат Орусиядагы мекендештерди кыйла чочуткан болчу.

Белик Маликов Москвада батирди ээсинен ижарага алып, анын бөлмөлөрүн кайра ижарага берген кыргызстандыктар арбын экенин белгилейт. Алар жашай турган адамды дыкат текшере беришпейт. Мунун айынан уурулук, каракчылык сыяктуу кылмыштар да көп болот.

Кыргыз милициясынын Москвадагы өкүлү Аскат Алиев мыйзамсыз батир берүү көрүнүшү ачыкка чыгып калат деп кыргызстандыктар андай жагдайларда полицияга кайрылбай турганын белгилейт.

Мигранттар укугун коргоого аракет кылбаганы үчүн карактоо менен алектенген башка да топтор болушу мүмкүндүгүн Алиев четке какпайт. Анын үстүнө социалдык тармактарда кээ бир үйлөрдү бир нече балдардан турган топ кирип тоногону да жазылууда.

Ал эми кылмышка шектүү түгөй Москва шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында. Эгер сот күнөөлүү деп тапса алар Орусияда жазага тартылат.

XS
SM
MD
LG