Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Москвада cоветтик үйлөрдү коргоп чыгышты


"Белый счетчик" бейөкмөт уюмунун ыктыярчылыры акцияга 20 миң 200дөй киши чогулганын маалымдашты. 
"Белый счетчик" бейөкмөт уюмунун ыктыярчылыры акцияга 20 миң 200дөй киши чогулганын маалымдашты. 

14-майда Москвада реновация программасына же эски үйлөрдү түрттүрүп, алардын жашоочуларын башка жактарга көчүрүү боюнча бийликтин программасына каршы митинг өттү.

Миңдеген кишилер катышкан каршылык акциясы Москванын борборундагы Сахаров проспектисинде өттү. Уюштуруучулар топтолгондордун саны 60 миңден ашканын айтышты. Москва полициясы адаттагыдай азайтып, сегиз эле миңдей киши катышканын билдирди. "Белый счетчик" бейөкмөт уюмунун ыктыярчылыры акцияга 20 миң 200дөй киши чогулганын маалымдашты.

Алардын арасында колуна "Мен үйүмдүн бир бурчун да силерге бербейм!" деген жазууну көтөргөн 66 жаштагы филолог, профессор Нина Брагинская да бар. Ал "Азаттык" радиосунун орус кызматына анын коңшуларынын көбү бул мыйзамга каршы экенин айтты.

- Биз үйүбүздөгү батирлердин ээлери менен чогулуш өткөрдүк. Алардын 86 пайызы үйдүн сүрдүрүлүшүнө каршы. Мыйзамга жана убадаларга ылайык биз жашаган үй сүрдүрүлбөшү керек. Ошентсе да ишенген жокпуз, анткени бийлик бүт мыйзамдарды бузуп келет. Андыктан тынчып калбаш керек деген ойдобуз.

Бул ирет акцияны жергиликтүү активисттер уюштуруп, митингди саясатташтырууга жол бербеш үчүн оппозиция өкүлдөрүнө сөз беришкен жок. Акцияга уулу жана аялы менен келген оппозиция лидери Алексей Навальный сахнага чыгууга аракеттенгенде, анын жолун полиция тороп, ал жерден кетүүнү талап кылды.

Полиция акцияга келген оппозиция лидери Алексей Навалныйды митингтен кетүүнү талып кылды.
Полиция акцияга келген оппозиция лидери Алексей Навалныйды митингтен кетүүнү талып кылды.

Демонстранттар негизинен башкалаа мэри Собянинге нааразычылык билдиришти. Шаар башчынын өкүлү Динара Якушеваны чогулгандар сүйлөтпөй, "Уят!" деп кыйкырып турушту. Ал эми уюштуруучулардын бири активист Тамара Репина бул митингди үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болгонун жашырган жок.

- Мен ушул жерге чогулганыбызга абдан кубанычтамын. Ушунча адам сыртта карап турбай, өз ой-пикирин билдирүү үчүн келгенине кубанычтамын. Бул митингди үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болду. Чагымдар болду. Бир топ тоскоолдуктарды жасап, бизди коркутуп-үркүтүүгө аракет кылышты.

Нааразылык акциясы боюнча президент Путин да өз оюн билдирип, министрлерге "долбоор жарандардын укуктарын бузбагыдай ыкма менен аткарылышы керектигин" айтты. Ушул жылдын февраль айында Москванын мэри Сергей Собянин президент Владимир Путин менен реновация программасын талкуулаган. Долбоорго ылайык, мэриянын "авариялык абалда" деп санаган 1950-1960 жылдары курулган 4500дөй беш кабаттуу үйлөрдү түрттүрүү планы бар.

Мэриянын демилгесин жактагандардын пикиринде, жалпысынан 62 миллиард доллар турган бул долбоордун мааниси жогору, анткени ал Москвадагы турак-жай кризисин чечип, эски үйлөрдүн ордуна заманбап жана бийик имараттардын тургузулушуна шарт түзөт. Ал эми нааразылар сентябрь айында баштала турган программа алардын кыймылсыз мүлккө ээ болуу укуктарына карама-каршы келерин белгилешүүдө. Москвада өткөн митингдин катышуучулары резолюция кабыл алышты. Анда калаа бийликтеринен үйлөрдү түрттүрүүгө жол берген мыйзамды өткөрбөө талабы камтылган.

Кыймылсыз мүлк боюнча агент болуп эмгектенген, 46 жаштагы Андрей Духонин элдин чыдамы түгөнгөнүн айтат.

- Бул нааразычылык акциясы абдан маанилүү. Эгер мындай иштер келечекте деле улана берсе, бийлик өзүнүн наадандыгын жана мыйзамсыз иштерин уланта берет. Негизинен бул жаңылануу мурдагы жылдардай эле эч нааразычылыксыз өтөт деп боолголонгон. Ар бир жолу бийлик калктын сабырдуулугун сынап көрүп жатты.Эми алар өз мүмкүнчүлүктөрүн жогору сезгенде, алардын оюндагыдай болбой калды.

4-майда Москва мэри Собянин реновация боюнча долбоорго 96,5 миллиард рубл бөлүүнү караган документке кол койгон. 15-майдан тарта шаар бийликтери реновация программасына туш келген үйлөрдүн жашоочуларынын арасында сурамжылоо өткөрүп башташат. Бир айга созулган бул сурамжылоого батирдин кожоюндары катышпаса ал автоматтык түрдө программага кирди дегенди билдирет.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын турак-жай саясаты боюнча комитети бул системаны мыйзамыз деп тапты. Расмий маалыматтарга ылайык, Москвадагы эскирген үйлөрдүн жалпы аянты 25 миллион чарчы метрди түзөт. Анда болжол менен 1,6 миллион адам жашайт. Росстаттын соңку маалыматына ылайык, Москванын калкынын саны 12 миллион 300 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG