Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Москва Украинаны коркутту


Украин армиясынын жоокери Харьков облусунда аскердик бекетте күзөттө турат.
Украин армиясынын жоокери Харьков облусунда аскердик бекетте күзөттө турат.

Орусия Украинаны өлкө территориясын аткылады деп күнөөлөдү жана анын кесепети Киев үчүн өтө жаман болушу мүмкүн экенин эскертти.

Орусиянын Тергөө комитетинин билдиришинче, 13-июлда украин тараптан атылган снаряд чек арага чектеш Ростов облусундагы Донецк шаарындагы менчик үйгө тийип, бир адам өлүп, бир адам жарадар болгон.

Киев болсо украин аскерлери Орусия жакты көздөй ок атпаганын билдирип, мындай маалыматты калп деп четке какты.

Бул окуяга президент Путин “катуу кыжаалат” болгонун Кремлдин өкүлү маалымдады. Расмий Киевдин ырасташынча, Украинанын куралдуу күчтөрү Орусия тарапты эч качан аткылаган эмес. 13-июлда Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко Киевдеги маалымат жыйынында украин аскерлери Орусиянын территориясын көздөй ок атты деген маалыматты калп деп атады жана мындай бузукулукка Москва Украинага басып киришин каалаган жикчилдер жасашы мүмкүн деген божомолун айтты:

- Украиналык аскерлер аткылады деген маалымат жалган. Бул кабар чындыкка коошпойт. Биз террорчулардын көптөгөн жолу бузукулук кылып ок атканын, анын ичинде Орусия тарапты аткылаганын жана ал үчүн Украинанын күчтөрүн күнөөлөгөнүн билебиз.

Украин бийликтери ошондой эле Орусия жетекчилигин адам өмүрүнө забын келтирген окуяны “объективдүү” иликтөөгө чакырып, өз жардамын сунуш кылды.

14-июлда “Коммерсантъ” басылмасы Кремлдеги булактарына шилтеп, эгер “Орусияны аткылоо улантыла берсе”, Москва Украинанын территориясындагы буталарды мээлеп, сокку урушу ыктымалдыгын жазды.

Береги булактын айтымында, сөз масштабдуу сокку уруулар жөнүндө эмес, Орусия тарап аткыланган өңүттөрдү тыптыйпыл кылуу тууралуу болууда.

Украинанын президенти Петро Порошенко Орусиянын аскерлерин мамлекеттик чек арадан өтүүдө жана украиналык күчтөргө кол салууда деп күнөөлөдү. Порошенко билдирүүнү 13-июлда Еврокеңештин төрагасы Герман Ван Ромпей менен телефондон баарлашкан соң жасады. Анын алдында 100дөй козголоңчу бронетранспортер жана башка оор аскерий техника менен Орусия тараптан киргенин, аскерий кербенге абадан сокку урулуп, талкаланганын украин күчтөрү билдирди. Бирок адаватчылардын чыгымы тууралуу маалыматта эч нерсе айтылбайт.

Украин армиясынын жапырыгынан улам козголоңчулар акыркы күндөрү Донецк жана Луганск шаарларына топтошууда. Эрегишчилердин айтымында, танктар жана авиация коштогон украин солдаттары Луганскка акырындап жакындоодо.

13-июлда Украинанын Коргоо министрлигинин билдиришинче, ишемби күнү жикчилдердин өңүттөрүнө алты жолу абадан сокку урулган. Акыркы күнкү салгылашууларда 7 аскер катардан чыккан.

11-июлда эрегишчилердин ракета чабуулунан украиналык 19 аскер өлгөндөн кийин Чыгыш Украинада согуш күчөгөн.

Президент Путин жана Германия канцлери Ангела Меркел Украинадагы жагдай осолдоп баратат деп эсептешет жана Украин бийликтери менен козголоңчуларды кечеңдетпей тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого чакырышты. Кайрылууну 13-июлда эки лидер Бразилиядагы футбол чемпионатынын финалдык оюндары алдындагы кездешүүдө жасашты.

XS
SM
MD
LG