Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Украин армиясы жапырыгын баштады


Украина -- Майдандагы элдик кошуунчулар парламент имаратынын алдында ураан чакырып турушат. Киев, 1-июль, 2014.
Украина -- Майдандагы элдик кошуунчулар парламент имаратынын алдында ураан чакырып турушат. Киев, 1-июль, 2014.

Украин өкмөтү өлкө чыгышындагы кризисти элдешүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогондон улам орусиячыл жикчилдерге каршы антитеррордук операцияны кайра улантууну буйруду.

Бул жөнүндө президент Петро Порошенко 30-июнда жарыя кылып, эми армия чабуулга өтөт деди. Элдешүү же ок атышууларды токтотуу Порошенко 20-июнда жарыялаган тынчтык планынын бир бөлүгү.

Украин парламенти - Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчинов парламентте сүйлөп, 1-июлда таң эртеңден “активдүү антитеррордук операция кайра жанданганын” билдирди жана улуттук армия “террорчулардын базалары менен өңүт жайларына чабуул жасап жатат” деди.

Президент Петро Порошенконун тынчтык планына ылайык, 20-июнда украин армиясы террордук операцияларды жана ок атууларды токтоткон. Кийин ок атышпоонун мөөнөтү дагы үч күнгө узартылып, ал 30-июнда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 11де аяктады.

Ага байланыштуу аскерлер Ата Журтун бошото баштаарын Порошенко 30-июнда жасаган видеокайрылуусунда жарыялады:

- Биз чабуул жасайбыз жана өз жерибизди бошотобуз. Ок атышпоо планын улантпоо террорчуларга, көтөрүлүшчүлөргө, талоончуларга жана жарандарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн баарына, өлкө экономикасын шал кылгандарга, айлык акыларды төлөөнү үзгүлтүккө учураткандарга, темир жол бекеттерин жардыргандарга жана суу түтүктөрүн кыйраткандарга, элдин жай, тынч жашоосун бүлүндүргөндөргө биздин берген жообубуз.

Президент Порошенко билдирүүнү өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен масилээттешкен соң жасады.

10 күн бою украин өкмөтү да жикчилдер да бири-бирин ок атышпоонун шартын бузду деп дембе-дем күнөөлөп жатышты. Бул күндөрү украиналык 27 аскер курман болгонун Украинанын тышкы иштер министрлиги Твиттерде маалымдады.

ИНТЕРФАКС – Украина жаңылыктар агенттиги орусиячыл козголоңчуларга шилтеп, украин аскерлери Донецк облусунун Крамоторск шаарын аткылай баштаганын кабарлады.

Петро Порошенко ок атышпоо мөөнөтү аяктардан мурдараак Орусия, Германия жана Франциянын лидерлери А. Путин, А. Меркель жана Ф. Оланд менен телефондон баарлашты. Анын айтымында, эгер козголоңчулар тынчтык планынын бардык шарттарын аткарууга, анын ичинде барымтадагыларды бошотууга жана эффективдүү чек ара контролун түзүүгө макул келишсе, ал ок атышууну токтотууга даяр. 15 пункттан турган тынчтык планы оор кылмыштарды жасабаган эрегишчилерге мунапыс сунуш кылат. Болочокто конституцияга өзгөртүүлөр киргизип, региондордун укуктарын кеңейтүү да каралган береги планда.

1-июлда Европа Биримдиги Орусияга каршы санкцияны күчөтүү же мурдагыдай эле калтыруу жагын карайт. Бул жөнүндө Германия парламенти - Бундестагдын Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Норберт Реттген немис радиосуна айтты. Реттгендин айтышынча, Евробиримдик Украинанын чыгышындагы абалды жөндөө боюнча президент Путинге жасаган “конкреттүү жана реалдуу” талаптар жоопсуз калган.

Кремль өз кезегинде украиналык чек арачылар менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочуларын жикчилдердин колунда делген өтмө бекеттерди чогуу текшерүүгө чакырды. Бул Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөзүнө караганда, жикчилдер Орусия тараптан ээн-эркин өтүүдө деген шектенүүлөрдү жокко чыгармак.

XS
SM
MD
LG