Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Москвада полициячы кыргызстандык келинди зордуктады


Москвадагы мигранттар лагериндеги аял. 2013-жыл.
Москвадагы мигранттар лагериндеги аял. 2013-жыл.

Москвада иштеген 33 жаштагы кыргызстандык боюнда бар келин “Академик Янгель” метросунда полициянын зордуктоосуна дуушар болду.

Полиция кызматкери кыргызстандык эмгек мигрантынын документин текшерүү учурунда аны депортация кылам деп коркутуп, жыныстык катнашка мажбурлаганы туурасында жабырлануучу Москвадагы Life News телеканалына билдирген. Бул маалыматты Москвадагы Кыргыз элчилиги да тастыктап, учурда кылмышка шектелген полиция кызматкери кармалганын ырастады.

“Ашынып кеткен” ага сержант

Москвадагы “Академик Янгель” метросунда 4-ноябрда жергиликтүү полиция кызматкери кыргыз келинди токтотуп, ага "миграциялык мыйзамды буздуң" деп доомат койгон. Андан кийин келинди полиция бөлүмчөсүнө алып барып, коркутуу жолу менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаганы белгилүү болду. Бул тууралуу жабырлануучу полицияга арыз жазып, андан соң окуя тууралуу Life News телеканалына маек курган.

Гүлмира деп атын өзгөрткөн жабырлануучу айым телеканалга окуянын негизги өзөгүн мындайча баяндап берген:

- Ал полициячы мени метродон кармап, түшүрүп калды. Мен ага буга чейин эле бир нече жолу кармаганын эскерттим. Бирок ал болбой "териштиребиз" деп полиция бөлүмчөсүнө алып барды. Анда башка бир шериги бар экен. Ал сыртка чыгып турду. Анан полиция мага тийишип, документти карабай эле “эгер мени менен жыныстык катнашка барбасаң депортация кылам” деп коркутту. Ошол жерден эле кыйнап, зордуктады. Менин төрт айлык боюмда бар. Азыркыга чейин ичим ооруп жатат.

Жабырлануучунун арызынын негизинде жергиликтүү тартип сакчылары ошол эле күнү кылмышка шектүү полиция кызматкерин кармап, камакка алган. Ал аталган метрополитендеги полиция бөлүмчөсүндө иштеген 31 жаштагы Валерий Говоров деген полициянын ага сержанты болуп чыкты. Ага карата “жыныстык катнашка мажбурлоо” жана “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Москвадагы кыргыз элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кыргызстандык эмгек мигранты зордуктоого дуушар болгонун расмий тастыктап, ага укуктук жардам берилип жатканын айтты:

- Мына ошондой кылмыш фактысы катталган экен. Анан анда жабырлануучу Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Бүгүн да полиция бөлүмчөсүндө көздөштүрүү эрежелери жүрүп жаткандыктан, окуянын чоо-жайы толук билине элек. Анан кечээтен бери биздин консулдар менен юристтер бул иштин артынан чуркап жүрүшөт. Анан ал жабырланган келинге адвокат да жалданды.

“Өнөкөткө” айланган “өнөр”

Life News телеканалына курган маегинде кыргызстандык жабырлануучу Москвага келгенине төрт ай гана болгонун белгилеген. Аталган полиция кызматкери аны мурда да кармап, каттоого алынган жерден башка аймакта иштөөгө тыюу салынат деп коркутуп, 6 миң рублин тартып алганын да тергөөдө айтып берген.

Акыйкатчынын орун басары Токтакан Боромбаева соңку мезгилде миграциядагы кыргыз кыз-келиндери зордуктоого дуушар болгон учурлар көп катталып жатканын белгиледи:

- Бул багытта кайрылуулар келсе, биз Тышкы иштер министрлиги аркылуу мына ошол мамлекеттердин тиешелүү укук коргоо мекемелерине чыгып жатабыз. Анан мына ушул маселе кийинки кезде катуу курчуп кеткендиктен биз 2015-жылдан тарта эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандык кыз-келиндердин укугунун корголушу боюнча атайын изилдөө жүргүзүп, бул боюнча баяндама жасап, парламентке киргизели деп жатабыз.

Москванын Ички иштер министрлиги зордуктоого шектелген полициячы кызматтан четтетилгенин жарыялаган. 6-ноябрь жабырлануучу зордуктаган адамды таанып, ал кармалган айыпкер менен көздөштүрүлгөн. Кыргыз элчилигинин юристтери учурда бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн акыйкат жүрүшүнө көз салууда.

XS
SM
MD
LG