Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Москва Украинага өз кишисин алып келүүнү көздөйбү?


Киев шаары
Киев шаары

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Украинада орусиячыл бийликти орнотуу планынын үстүнөн иштеп жатат деген сөздөрдү четке какты. Ушундай маалыматы бар экенин мунун алдында Британия билдирген. Былтыркы күздөн бери Орусиянын Украинага ыктымал басып кирүүсү Батышты тынчсызандырып келүүдө.

23-январда Орусиянын тышкы саясий мекемеси: “Британиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан жалган маалымат англо-саксон өлкөлөрү баш болгон НАТОнун мүчөлөрү Украинанын айланасындагы чыңалууну курчутуп жатканын дагы бир жолу далилдейт”, - деп "Твитттерге" жазган.

Орусия падышалыктын тышкы мекемесин мындай "акылга сыйбас маалыматтарды жайылтууну токтотууга" чакырды.

Украиналык мурдагы депутат Мураев "Өлбөс полктун" жүрүшүндө. Киев, 9-май 2019-жыл
Украиналык мурдагы депутат Мураев "Өлбөс полктун" жүрүшүндө. Киев, 9-май 2019-жыл

Британ Тышкы иштер министрлиги 22-январдын кечинде “орус өкмөтү Киевдеги бийликке орусиячыл лидерди отургузууну көздөп жатат деген маалымат бар” экенин, украин Радасынын мурдагы депутаты “Евгений Мураевдин талапкерлиги каралып жатканын” билдирген.

Билдирүүдө британ өкмөтү орус чалгын кызматтары украиналык көптөгөн мурдагы саясатчылар менен тыгыз байланышып турганынан кабардар экени айтылат.

Ошол мурдагы аткаминерлердин арасында 2012-2014-жылдары өкмөт башчынын орун басары, кийин премьер-министрдин кызматын аткаруучу болгон Сергей Арбузов, андан мурунку жылдары вице-премьер, экс-президент Виктор Януковичтин администрациясынын жетекчиси кызматтарын аркалаган Андрей Клюев, Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин мурдагы жетекчиси Владимир Сивкович, 2010-2014-жылдары өкмөттү башкарган Микола Азаров аталган.

Орусиячыл Януковичтин режими 2014-жылы элдик нааразылык толкунунан кийин кулатылган жана Киевдеги бийликке батышчыл жетекчилер келген.

“Бүгүнкү маалымат Орусия Украинаны өзүнө каратып алууну канчалык көздөгөнүн чагылдырат жана Кремлдин ой жүгүртүүсүн даана көргөзөт. Москва кырдаалды нормалдаштырууга, агрессия жана жалган маалымат таратуу өнөктүгүн токтотууга, дипломатиянын жолуна түшүүгө тийиш”, - деп айтты британ тышкы иштер министри Лиз Трасс.

Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс. Ливерпуль, 12-декабрь 2021-жыл
Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс. Ливерпуль, 12-декабрь 2021-жыл

Расмий Лондондун өкүлү “Орусия Украинага куралдуу чабуул койсо, арты олуттуу кесепеттерге алып келчү чоң стратегиялык ката болоорун” кайталап, британ өкмөтүнүн Украина боюнча позициясы так экенин белгиледи.

“Биз Украинанын суверенитетин, эл аралык коомчулук тааныган, анын ичинде Крым жарым аралын камтыган аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. Украина эгемен, суверендүү өлкө”, - деп айтты Трасс.

23-январда Британиянын вице-премьери Доминик Рааб Sky News телеканалындагы интервьюсунда: “Орусия кошуна өлкөнү басып алууга же кол жоолук режим орнотууга аракет көрсө, анын арты олуттуу болот”, - деп эскертти.

Британия тараткан маалымат АКШнын “катуу камтамасын жаратарын” Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Эмили Хорн билдирди. Анын айтымында, мындай кутумчул аракеттер тынчсыздандырбай койбойт.

“Украин элинин өз келечегин өзү аныктоого суверендүү укугу бар, биз демократиялык жол менен шайланган украиналык өнөктөштөр үчүн бекем турабыз”, - деп ишендирди Вашингтодун өкүлү.

Британ тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү алдында эле европалык жана орусиялык айрым маалымат каражаттары Лондон менен Москва орус-украин чек арасындагы кырдаалды талкуулоо максатында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү тууралуу макулдашышканын жазган.

ТАСС кабар агенттиги атын атабаган булакка таянып, Трасс февралда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешерин маалымдаган. Британ башкы дипломаты орус башкалаасына 2017-жылдын декабрынан бери расмий сапарга бара элек болчу.

Ал эми "Ажанс Франс Пресс" падышалыктын коргонуу чөйрөсүндөгү расмий адамга шилтеме менен билдиргендей, британ коргоо министри Бен Уоллес украин маселесин талкуулоо үчүн орус кесиптеши Сергей Шойгуну Лондонго чакырды. Маалыматка караганда, Шойгу акыркы жолугушуу Британияда өткөндүктөн, бул ирет Москвада кездешүүнү сунуш кылды.

Былтыркы күздөн бери Орусиянын Украинага ыктымал басып кирүүсү талкууланып келатат. Айрым маалымат каражаттары Москва кошуна өлкө менен чек арасына аскерлерин топтоп жатканын жазып, сүрөттөрдү жарыялашкан. АКШ жана Европа өлкөлөрү орус аскерлери чек арадан өтсө, катуу санкциялар салынарын эскертишкен. Москва аскердик операцияга даярдык көргөнүн четке кагып, өз аймагында жоокерлери менен техниканы каалагандай орун которуп, машыгуу жүргүзүүгө укуктуу экенин айтып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG